Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:08

Чүйдө элдик курултайга камылга башталды


Бишкектин жанында 24-мартта өкмөт саясатына нааразы болуп адамдар көчөгө чыгышты

Оппозициялык күчтөр Чүй облусунда 7-апрелде элдик курултайды уюштуруу комитетин түзүштү.

Элдик курултайдын 8 мүчөдөн турган уюштуруу комитетинин төрагасы болуп ЖК депутаты Иса Өмүркулов дайындалды. Бүгүн таратылган маалыматка караганда, 7- апрелге болжонгон элдик курултайда негизинен 17- март күнү Элдик курултайда коюлган талаптар жана кошумча дагы башка маселелер көтөрүлөрү күтүлүп жатат.

- А. Атамбаев, Т. Мадылбеков, Т. Сариев, Э. Ибраимова, К. Дүйшөбаев жана башкалар Элдик курултайдын Чүй аймактык уюштуруу комитетинин мүчөсү болуп шайланышты. Биз болгон аракетти кылабыз. Себеби бийлик бул аралыкта өткөн 17- марттагы Элдик курултайдын талаптарына жооп берген жок. Биз ошол маселелерди кайрадан көтөрүп чыгууга туура келип жатат,-дейт И. Өмүркулов.

Ошондой эле бүгүн Чүйдүн райондорунан бир катар тургундар Социал-демократтар партиясынын кеңсесине келишип, алдыдагы курултайга карата даярдыктар туурасында талкуулашты. Биз алардын айрымдарына сөзгө тартып, алдыдагы курултайга карата ойлорун сураган элек.

Асел Жумаева: -Эл курултайга келет. Себеби биз азыр азаптуу күндөрдө, кыйноо жашоодо жашап жатабыз. Элге толук маалыматты жеткирбей жатышат. Ошондуктан алар элдик курултайларга келишип маалымат алышы керек. Канчага чейин чыдашыбыз керек? Эл чыгат, эл көп нерсеге барышы мүмкүн.

Эстебес Темирбаев: -Азыр К. Бакиев же А. Атамбаев же Ө. Текебаев туурасында сөз жок. Азыр элдин көйгөйү негизги орунда. Баарын атып, жогото алышпайт азыркы бийлик. Элди бул абал менен көп нерсеге алып баратышат. Аркасы жаман болушу мүмкүн.

Бүгүнкү маалымат жыйынында оппозиция өкүлдөрү: “Элдик курултайдын ишине жергиликтүү бийлик тоскоолдук кылышы толук мүмкүн, бирок биз болгон аракетти кылып, даярдык иштерин баштадык”,- деп белгилеп өтүштү.

Ал эми облустук администрациянын уюштуруу бөлүм башчысы Курманбек Дыйканбаев оппозиция өкүлдөрүнө тоскоолдук жасалышы жөнүндөгү билдирүүсүн жокко чыгарды:

- Чүй аймагынын эли башынан эркин. Аларга эч ким тоскоолдук кыла албайт. Алар буга чейин да өз ойлорун ачык айтып келишкен. Эгер аймакта айта турган бир маселе болсо айта беришсин.

Чүй облустук бийлиги да карап турган жок, 15- апрелге чейин айыл- айылдарда, район борборлорунда атайын жыйындарды өткөрүүнү баштады.

XS
SM
MD
LG