Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:30

Калтыс кырдаалдан чыгуунун жалгыз жолу - ынтымак


Демократияга кайрылуу Кыргызстанда кыйла кыйынчылыктар менен коштолууда. Абалдын оңолушуна аркыл саясий оюндар, жаңылануу аракетине ачык-тымызын тоскоолдордун токтолбой жатышы терс таасирин тийгизүүдө.

«Азаттыктын» бүгүнкү «Бетме-бет» талкуусу Кыргызстан башынан кечирип жаткан саясий кырдаалды кантип жөнгө салуу маселесине арналып, ага «Манас Ордо» коомдук бирикмесинин жетекчиси Анарбек Усупбаев, «Жарык Кыргызстан» партиясынын башчысы Расул Умбеталиев катышты.


Себеби, шарты, жагдайы

- Кыргызстандагы саясий кырдаалдын курчуп кетишине кандай себеп-жагдайлар түрткү бергенине Анарбек мырза, токтоло кетсеңиз.

Анарбек Усупбаев:
- Мына бир айдан бери Убактылуу өкмөт кызматтарга дайындоолор менен көбүрөөк алектенип, олуттуу маселелердин көбү ачык калбадыбы. Мына ушул элдин нааразылыгын жаратууга түрткү берди. Экинчиси К.Бакиевдин кызматкерлерин иштен алып, аларды бош кое бербедиби. Булар демократиялык позицияны карманып алышты. Менимче, башында эле катуураак кармаш керек эле. Кээ бирөөлөр азыркы бийлик мыйзамсыз дегенине мен кошула албайм. Мыйзамдуу эле. Баары жакшынакай эле иштеп атпайбы. Банктар, мамлекеттик мекемелер иштеп жатат. Мына К.Бакиев тушунда мен иштеген курулуш техникалары боюнча компаниянын иши жакшы жүрбөй калган. Азыр 2 бийик курулуш көтөргүчүн орнотуп жатабыз. Мыйзамсыз деген бекер сөз. Ал көрө албагандардын, кызматка жетпей калгандардын сөзү. Жана айтпадымбы, бираз катуураак кармаш керек.

- Расул мырза, ошол “катураак кармашка” азыркы өкмөттүн чама-чаркы жетеби?

Расул Умбеталиев: - Муну эл деле талап кылып атат. Ар бир революция өзүн-өзү коргош керек. Чыр-чатакты кылып аткандар К.Бакиев менен А.Акаевдин куйруктары. Каршы чыгышынын себеби булардын бийлик менен байлыктары элге өтүп жатат. Үсөн Сыдыковдун телефон аркылуу айтылган сөздөрүн угуп эл нааразы болуп жатышат. 1990-жылы эле бул киши өзүнүн кандайлыгын көрсөткөн. Бу кишинин туура эмес маалыматынан кандай окуялар болгонун билебиз. А кездеги 1-катчы А.Масалиев бу кишини сактап калган. Мына мыйзам чегинде уулуна кылмыш иши козголгондон кийин баш көтөрүп жатат. Түз жүрүп, акылын жаштарга айтып жүрсө жакшы болор эле.

Башмыйзам кандай болушу керек?

- Анарбек мырза, жаңы Конституция долбоору даярдалууда. Андагы президенттин ыйгарым укуктарынын кыйласынын сакталып калышы кийин дагы бир талаштарды жаратпайбы?

Анарбек Усупбаев: - Жаңы Конституцияны даярдап аткандардын кандай иштегенин көрүп атам. Башмыйзам кыргыз тилинде жазылышы керек эле. Булар орусчадан которушпадыбы. Анан “чү” деген жерде “Кыргыз Республикасынын Конституциясы” деп жазылып турат. Ал “Кыргыз мамлекетинин Башмыйзамы” деп жазылышы керек. Ичинде жалаң эле орусча сөздөр. Окусаң парламентти шайлап, президентти шайлап, бийликти 5 жылга берип коюп, эл оозун ачып отура бере турган Конституция болуп атат. Жоопкерчилик жазылышы зарыл. Ал жерге кыргыз байыркы эл экендиги, тарыхы, касиети чагылдырылышы керек болчу. Манастын ысмы жок. Ушу жерден бир нерсени айта кетейин. 15 жыл А.Акаев, 5 жыл К.Бакиев башкарды. Кыргыз ушундай ахывалга келди. Анан бул Конституция Европа формасын алганы айтылып жатат. Бирок анда кыргыздын тарыхы, салт-санаасы болушу керек. Анан айрымдар өлкөдө мусулман дининдегилер 90% ашуун деп атышат. Ошого басым коюш керектиги айтылып атат. Жаштар аны угуп отурат. Бирок андай кылсак, эртеңки күнү ошол эле жаштарга дүйнөнүн, Европанын эшиктери жабык болуп калат.

- Конституциялык реформа тууралуу Расул мырза, сиздер да пикириңиздерди билдирген болушуңуздар керек.

Расул Умбеталиев: - Ооба, биз да айтканбыз. Конституциялык кеңешменин ишине биз да макул эмеспиз. Мыйзам боюнча биздин укуктарыбыз бар. Мыйзам жазуу, Башмыйзамды даярдоого. Азырынча бир эле долбоор сунушталып атат. Көп кыймылдар, партиялар өздөрүнүн сунуштарын айтып жатышат. Парламенттик башкаруу, президенттик башкаруу же аралаш система болсун деген сунуштарын берип жатышат. Биз 3 долбоор референдумга чыгарылсын дегенди сунуштайт элек. 1 долбоор өтпөй калышы мүмкүн. Ага нааразы болгондор көп. 27-июнда эл колдобой койсо дагы үч айга жылып кетиши мүмкүн. Кандай башкарууну эл чечсин.

- Анарбек мырза, бизде бийлик күч менен, революция менен гана алмашылып калды. Аны мыйзам жолу менен алмаштырууга өтүш үчүн эмнелер жасалышы керек?

Анарбек Усупбаев: - Башмыйзамда мейли парламенттик, мейли президенттик башкаруу болсун. Бирок анын башында Элдик курултай турсун. Мына оппозиция курултай аркылуу бийликке келди го. Ынтымак курултайын өткөргөм деп тиякта К.Бакиев көкүрөгүн ургулап атыр. Баштарына кыйынчылык келгенде булар курултайды колдонот да, бирок Конституцияга курултай кирбей калып жатат. Элдик курултай алдында булар отчетун жыл сайын берип турушу керек. Президент, депутат болуп 5 жылга шайланып алып өздөрүнүн көроокатын жасашат турбайбы. Аны көрдүк го. Жылына эл алдына келип жооп берип турса жоопкерчилик болмок. Мына эки бийлик келип алып каалаганын жасады да кетип калышты. Бийликти ооздуктап туруш үчүн эл бийлиги болуш керек. Бир Конституция менен эле чыгып ушуга добуш бергиле дешке мен деле каршымын. Бирөө президенттик, экинчиси парламенттик, үчүнчүсүндө Элдик курултай турсун. Анан эл өзү тандап алат. Азыр болсо кыргыздын тарыхын түшүнбөгөндөр Башмыйзамды жазып жатышат.

Келиштен кетиш кыйын

- Расул мырза, бийликтин мыйзамдуу негизде бир колдон экинчи колго өтүшүнө жетиш үчүн кандай иштер жасалышы керек?

Расул Умбеталиев: - Бардык саясий күчтөр биригип, Убактылуу өкмөттү колдошубуз керек. Азыр булардан өткөн мыйзамдуу бийлик жок. Азыр айрым партиялар эмитен эле үгүт иштерин баштап ийишти. Бул туура эмес. Анан Ош менен Жалал-Абадда өткөн кайгылуу окуяларга байланыштуу элге кайрылгым келет. Арам акчага, кандуу акчага алданбайлы. Элди, мамлекетти сатпайлы. Арам акчалар тез эле түгөнөт. Элди бөлбөй-жарбай, ушундай кыйын кезеңден чыгып кетишибиз керек.

- Бийликти бергиси келбегендер менен алгысы келгендердин ортосундагы талаштан кан төгүлүп, кырдаал курчуп кетти. Мындан кантип чыкса болот?

Анарбек Усупбаев: - Убактылуу өкмөт кадр жагынан кичине аксап атпайбы. Мисалы Ички иштер министрлигине Ө.Субаналиев деген мыкты жигитибиз бар. Ошондойлорду коюш керек. Булардын айлыгын көбөйтүп, шартты жакшылап түзүп бериш керек. Жагдай минтип күчөй берсе кыйын. Акча бере беришип элди жаманга көндүрүп салышпадыбы. Шайлоо да акча. Бакиевдерде акча көп. Анан казак туугандар бираз туура эмес иш кылып жатышат. Акчаны бул жакка жөнөтүп, чек ара жабык турганы менен алардын кишилери ээн-эркин өтүп жатышпайбы. Чатак-былыктар ушундан чыгып жатат. Туугандага андай кылбагыла деп кайрылат элем. Кыргызда бешиктеги бала апасыз калса, карыганда байбичесинен ажыраса анан эл каны жок калса жетим деп коет. Биз ошондой кордук көрүп турган чагыбызда туугандар тура эмес иш кылып жатышат. Бизде деле таасир көрсөтчү нерселер бар. Сууну жаап койсо эртең эле чек араны ачып беришет.

- Расул мырза, жагдайды жайына келтириш тууралу сиздин пикир.

Расул Умбеталиев: - Милиция кызматкерлеринен кечирим сурайт элем. Булар деле биздин балдар. Өз милдетин аткарышка булар милдеттүү. Таарынычты токтотуп эл үчүн кызмат кылуунун кезеги келди дээр элем.

- Ушуну менен талкууну жыйынтыктасак, сиздерге чоң ырахмат!

XS
SM
MD
LG