Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:29

Кечеңдеген шайлоонун кеби


Убактылу бийликтин мыйзамдашуусу
Убактылу бийликтин мыйзамдашуусу

Парламенттик шайлоонун качан өтөрүн тактоо кечеңдеген сайын коомчулукта бийликке ишенич азаюуда. Арасат жагдай бийликти күч менен тартып алуу азгырыгын жаратарын соңку окуялар да ырастоодо.

«Азаттыктын» «бетме-бет» талкуусу Кыргызстандагы саясий кырдаалга арналат. Студияда экс-спикер Алмамбет Матубраимов, «Арнамыс» партиясынын төрага орунбасары Эмил Алиев мырзалар отурушат.

Бийликти тартып алуу азгырыгы


- Жаздан берки кандуу, кооптуу окуялардын дагы эле изи сууй элек. Мына эми бийликти тартып алуу аракетин Барктабасовдун жактоочулары жасашты. Алмамбет мырза, ушундай окуялар дагы кайталанышы мүмкүнбү?


Алмамбет Матубраимов:
- Убактылуу бийлик мыйзамды сактабаса, аракет, максат-мүдөөсүн элге так түшүндүрүп бербесе мындай кыймыл боло бериши мүмкүн. Эл бийликтен көп нерсени үмүт этип турган. Эл келип бийликти дагы тартып алат, деп коркпош керек. К.Бакиев менен бул бийлик ошентип эле келишпеди беле. К.Бакиев аз да болсо мыйзам тартибин сактап парламентти таратпай, укугун ырастап алган. Бул жердегилер болсо Жогорку Кеңешти, баарын кетиришти. Референдумда эмне маселелер коюлганын түшүнбөй туруп эле эл добушун берди. Эл тынчтык, өлкө туруктуулугу үчүн ушундай ишке барды. Таптакыр түшүнүксүзү - Убактылуу өкмөттүн мыйзам чыгаруу укугуна ээ болуп алышы. Кечээ эле өздөрү демократия жок деп олтургандар бүгүн келип демократиянын эң негизги принциптерин бузуп отурушат. Бийлик тезирээк мыйзамдуу жолуна түшүшү керек.

- Эмил мырза, бийликке кантип келгенин эсинен чыгара элек азыркы өкмөттүн бийликти күч менен тартып алуу аракетин жасады деп кимдир бирөөлөрдү күнөөлөшкө акысы барбы?

Эмил Алиев: - Мамлекетибизди сактайбыз десек биз эч качан мыйзамсыз жолдорго барбашыбыз керек. Бирок бизде бийлик мыйзамсыз жол менен алмашылып жатат. Анын себептери бар деңизчи. Бийликке келген киши эле утур-утур мыйзам бузушунан эл бийликти аргасыз алмаштырууда. Ушуга барбашыбыз керек эле.

- Алмамбет мырза, У.Барктабасовдун жактоочулары 2005-жылы деле бийликти тартып алуу аракетин жасашкан. Бул ирет да бийликти орто жолдон тартып алуу аракети болуп жатат. Бул эмнеден чыгууда?

Алмамбет Матубраимов: - Азыр бийлик алсыз деш туура эмес. Анан убактылуу бийлик азырга чейин экономикалык программасын жарыя кыла элек. Элге ачык айта элек. Анан У.Барктабасовду жактап бири 2 миң десе, экинчиси 5 миң деп атат. Ошончо кишинин бирөөлөрү акча үчүн келсе, калгандары чын эле нааразылыгын билдириш үчүн келип жатат да. Анан алар курултай өткөрөбүз дешсе анысына мүмкүнчүлүк түзүп бериш зарыл болчу. Жолду тосуп, келаткандарды текшерип, калган элди чочулатпаш керек болчу. Ал эми У.Барктабасовдун “мага коюлган айыптарды алып салыгыла”, деши мыйзамга сыйбас жорук. 6 жолу чакырып ошол У.Барктабасовду келтире албай койгону мамлекеттин эле алсыздыгы. Аны ошол Балыкчыдан чыгарбай эле басып коюш керек эле. Эми түштөн кийин келип алышып “Бакиев акча берген”, деп жатышат. Анан азыр премьер-министр деген кызмат жок.

Кысталышта кычагандардын кантесиң

- Эмил мырза, минтип кысталыш кырдаалдан пайдаланып дагы бир күчтөр чыгып кетиши мүмкүнбү?

Эмил Алиев:
- Толук мүмкүн. Бул бизде көнүмүшкө айланып баратат. Бийлик айтканын аткарбай, мыйзамсыз иштеп атса ар бир кишинин оюнда мен деле кишилерди чогултуп бийликти басып алам деген азгырык болушу мүмкүн. Ак үйдү алсак эле болду дешет. Бирок анын артында канча жоопкерчилик турганын сезе албай жатышат. Азыркы бийлик баарын мыйзамдуу жасабагандан кийин башкалардан мыйзамды талап кылышка моралдык укугу жок.

- Парламент шайлоо мөөнөтүнүн ырасталбай жатышы партиялар менен элдин чыдамы канчага жетерлигин сыноочу белги болуп жаткан жокпу? Сиз кандай ойдосуз Алмамбет мырза?

Алмамбет Матубраимов: - Мыйзамсыз бийликке келген азыркы убактылуу өкмөт отурган ордун тартып ийиштен коркуп жатканы чын. Р.Отунбаева ачууга алдырган тоолуктар келип Ош шаарын талкалап салышты деп айтышы таптакыр туура эмес. Ошол эле бийликти эртең шайлап бере турган, экинчи борборду сактап калган элге мындай сөз айтпаш керек. Жаңжалды күч органдары эмес, эл өзү токтоолук, сабырдуулук менен токтотуп калышпадыбы. Дагы бир маегинде Р.Отунбаева күч органдары бир тарапты кысмакка алганын айтыптыр. Ошол эле күч органдары мына кечээки кысталышта шаарды сактап калышты го. Анан шайлоону эмне үчүн күттүрүп жатышат? 10-11-августта орозо башталат. Элдин көбү мусулман. Ош облус коменданты 13-августта коменданттык саат токтотулат дегенине караганда ошол орозо башталганда шайлоо күнү жарыяланат окшойт. Шайлоону канчалык кечиктиришсе нааразылык ошончолук күчөй берет. Убактылуу өкмөттүн өз ичара ынтымагы жок. Анысы акча бөлүштүрүүдө деле билинип калды. Анан сотторду кызматтан Жогорку Кеңеш гана ала алат. Бизде болсо Конституция эрежелери бузулууда. Кечээки демократтар минтип олтурса эл көтөрүлүп, шайлоо болбой калышы мүмкүн.

Кечиккен шайлоо кейиши

- Шайлоонун качан өтөрүн маалкатып кечиктирүү атайылап жасалган ишпи же аргасыздан ушундай болуп жатабы? Эмил мырза, кеп сизде.

Эмил Алиев: - Убактылуу өкмөткө канчалык кечиксе ошончолук жакшы. Алар өздөрүнүн ишин жасап жатышат. Бири эрте, экинчиси кеч деп алардын ичарасында да бир пикир жок. Булар эми шайлоону эртерээк өткөрүшкө аракет кылышы керек. Андай болбосо нааразылык улана берет.

- Алмамбет мырза, жана сиз айтып жаткан мыйзам чыгаруу бийлигине отуруп алган убактылуу өкмөт мөөнөтүн жарым жылдан ашырып албайбы?

Алмамбет Матубраимов: - Алардан мындайды жасабайт деп айтыш кыйын. Сот бийлигине чейин киришип жатышат. Андай болсо нааразылык күчөп, эртеси мындан да күчөп кетиши мүмкүн. Эмне үчүн алар мурунку бийлик, депутаттар күнөөлүү дешет да, айта алышпайт? Күнөөлүү дегенди сот гана чечет. Бир дагы ишти сотко ашырыша элек. Мына кечээки окуяга Бакиевдер акча берди, деп жатышат. К.Бакиев болсо акчасы жоктугун айтып, аны баласы алып кеткенин жарыя кылып отурат. Кайдагы акча? Мен түшүнбөй олтурам. К.Бакиев элди экиге бөлөм деп бөлө албай калды. Анан кайдагы нерсени айтып олтурушат? 14 киши Убактылуу өкмөттөн кетип эми мыйзам чыгаруучу болуп отурушат. Эмгек сиңирген юристтердин кылган иши бул. Экономикалык ахывал болсо оор. Ал канчалык оорлосо эл нааразы болуп бийликти өзгөртүп жибериши толук мүмкүн.

- Эмил мырза, парламенттик шайлоонун кечеңдеши азыркы убактылуу өкмөттүн бийлигин узартыштын амал-аргасы эмеспи?

Эмил Алиев: - Азыр биз көрүп-билип аткан нерселер баякы эле А.Акаев, К.Бакиевди жамандап келген азыркы өкмөт ошолордун эле катасын кайталап жатышканы. Ошол эле коррупция. Сот системасы мурда эле иштечү эмес. Азыр болсо бир кишинин гана айткан-дегени менен иштеп жатат. Бирөөлөрдүн мүлкүн тартып алып, укугун бузуп жатышат. Шайлоонун артка кечеңдеши ушундай башаламандыкта башкарып калалы, бийлеп калалы деген ой менен эле жашап жатышат.

- Анда эмесе кебибизди жыйынтыктасак. Сиздердин ишиңиздерге ийгилик!

XS
SM
MD
LG