Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:17

Кыргызстан бюджети: жардам акчадан дайын жок


 Бюджет тартыштыгы "техникалык кабинетти" катуу ойлонтууда
Бюджет тартыштыгы "техникалык кабинетти" катуу ойлонтууда

Быйыл жыл аягына чейин Кыргызстан бюджетине 6 миллиардга жакын сом акча жетпей калышы мүмкүн. Мамлекеттик чыгымдоолордун кыйласы кыскартылганы менен бюджеттин киреше бөлүгү мурда белгиленген өлчөмдө топтолбой, анан да чет элдик донорлордун убада кылган акчаны бербей жатышы Кыргызстанды кыйын абалга капталтканы турат. Ал аз келгенсип, быйыл бюджеттин киреше бөлүгү арбыбай, чыгымдоолор ыксыз көбөйдү.

Карыз акча кайгайы

Техникалык өкмөттүн быйылкы жыл бюджетинин чыгымдарын кыскартуу, ошондой эле алдыдагы үч жылга бюджеттик божомолго арналган жыйынында донорлордон убада кылынган акча түшпөй, ахывал дагы оорлошуп баратканы жайында кеп болду. Каржы министри Чоробек Имашов быйыл бюджеттин киреше бөлүгү арбыбай, чыгымдоолор ыксыз көбөйүп кеткенин конкрет сандардын мисалында алдыга тартты.

- Бюджеттин кошумча чыгымдоолору 12 миллиард 437 миллион сомду түздү. Мындай шартта өкмөт, Каржы министрлиги бюджеттик чыгымдарды кыскартууга мажбур болду. Анын көлөмү 1 миллиард 913 миллион сомду түздү. Пайыздык катышы жагынан алганда жалпы чыгымдоолор ички дүң продукттун 36,7 % түзүшү керек эле.

Быйылкы жыл бюджети түзүлүп жаткан чакта бюджетти колдоого сырттан 5 миллиард 753 миллион сом келери белгиленген. Бул акча жарым жылга чейин берилмек. Бирок да акчаны убада кылган донорлор эми карызы кайтарылбай каларын ойлоштубу же башка себеби барбы, иши кылып каражат жөнүндөгү сүйлөшүүлөрдү токтотуп коюшту.

Каржы министринин маалымдашынча, жыл ортосунда бюджет таңкыстыгы ички дүң продуктка салыштырмалуу 13,3% көтөрүлдү. Ал эми чыгымдоолор болсо андан да чоң көрсөткүчкө - 42% чыкты. Ички дүң продукт көлөмүнүн жарымына жакын каражатты антип жарым жыл ичинде жок кылып коюу эгемен Кыргызстандын жаңы тарыхында дегеле болбогон окуя.

- Бюджет таңкыстыгы 28 миллиард сомго жетти. Бул жалпы чыгымдоолордун 32% түзөт,- деп айтты Ч.Имашов.

Курду дагы бекем курчаныш зарыл

Кирешенин азайып, чыгашанын кескин көтөрүлүп кетишинен чыккан калтыс жагдайдан техникалык өкмөт деле сырттан келчү жардам аркылуу чыга турганын айтып, быйыл ички дүң продукт өткөн жылга салыштырмалуу 5,4% төмөн түшөрүн эмитен эле болжолдоп отурат. Биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев жагдайдын чынында эле жаман экенин кайталоодон тажабай, болушунча ички мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу сунушун айтты.

- Көрүп турасыңар, жагдай абыдан курч. Ал дагы табигый-климаттык алай-дүлөйлөр менен коштолууда. Ошон үчүн биз так байкоо салышыбыз керек. Каржы министрлиги кырдаалды жакшы билет, каржылоодон өксүтпөйт, деп ойлойм.

А.Муралиев каржылоодон өксүтпөйт деп үмүт артып олтурган акча орусиялык 300 миллион доллар кредиттен калган 100 миллион Ош менен Жалал-Абад шаар, айыл-кыштактарын калыбына келтирүүгө бөлүнгөн каражат. Мурунку 1-вице-премьер-министр Акылбек Жапаров Орусиянын 300 миллион долларлык кредити экономикалык өнүгүүгө деп берилген дейт.

- Анткени Орусия бул 300 миллион долларды атайын экономиканы өнүктүрүүгө, анан ошол эле кыргыз-орустар ортосундагы ишканаларды көбүрөөк түзүп, бутуна тургузуп, ошолор продукциясын кайра Орусияга алып барып, сатып, ошонун эсебинен кредитти жабышат, деген ниет менен 300 миллион долларды берген. Ал эми 150 миллионду бюджет тартышытыгы болуп калса деп грант катары берген.

Күргүштөгөн акча агымы

Кагылыш-сүрүлүштөн башы чыкпаган өлкө бюджетинин тартыштыгына карабай Убактылуу өкмөт күч кызматтарынын айлык маянасын көтөрүүгө 2 миллиардга жакын сом акча бөлүп берген. Экономиканы жөндөө министри Эмил Үмөталиев жайдан тарта буудай баасы көтөрүлүп, анын таасири экономикалык жагдайга сөзсүз тиерин белгиледи.

- Жыл аягына чейин дан азыктарына баанын көтөрүлүшү 20% чыгарын эсепке алганда жыйынтыгында инфляция деңгээли 12,5% жетиши мүмкүн. Жыл аягына чейин инфляция 10,3% көтөрүлөрү болжолдонгон болчу.

Сырттан карыз акча келбесе кургуйга биротоло кулап түшчү кыргыз экономикасынын өнүгүшүнө кедергисин тийгизчү дагы бир жагдай ички-тышкы карыздардын көтөрүлүп баратышы болууда. Бишкекте өткөн донор өлкөлөр менен эларалык каржы уюмдарынын жыйынында Кыргызстан экономикасын көтөрмөлөөгө 1,1 миллиард доллар бөлүнөрү жарыя кылынган. Ал акчанын теңине жакыны быйыл жыл аягына чейин берилип калышы мүмкүн экендиги да айтылган. Азырынча убада кылынган акча жалгыз Кытайдан гана келингени өкмөттүк жыйында маалымдалды.

XS
SM
MD
LG