Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:56

А. Сарыбаев: Кыргызстанда азык-түлүк каатчылыгы болбойт


Акыркы күндө өлкөдө нандын кымбатташы байкалууда.
Акыркы күндө өлкөдө нандын кымбатташы байкалууда.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев азык-түлүккө баа кымбатташы менен өлкөнүн жетекчилери элдин кирешесин көбөйтүүгө аракет кылыш керек деп эсептейт.

- Айылчы мырза, ундун кымбатташына эмне себеп деп ойлойсуз?

- Бул негизинен биздин илгертеден жүргүзүп келаткан ачык экономикалык саясатыбызга тиешелүү. Биздин шаардагы базарларда сатылып аткан ундар, өзгөчө Бишкектеги, бул Казакстандын буудайларынын баасына жараша болот. Алар канчалык деңгээлде баасын төмөн түшүрсө, же өйдөлөтсө биздеги базар баасы ошондой боло берет. Экинчиден, Орусияда дагы 20-30 пайызга чейин жылдагыдан кем түшүм алуу байкалып атат. Себеби ал жакта дагы кургакчылык болуп, түшүм азайды. Ошондуктан Казакстандын Кыргызстанга чыгарып аткан буудайдын, ундарынын баасы кымбатташы ыктымал. 10-20 пайызга чейин нандын, ундун баасы кымбатташы ыктымал. Бул кадимки эле базардын өзүнүн тенденциясы, же мыйзам ченемдүү көрүнүш десек болот. Баанын кымбатташын биз эч качан трагедия катары көрбөшүбүз керек.

- Бирок баа улам кымбаттай берсе калктын чөнтөгү туура келбей, азык-түлүк таңкыстыгына алып келиши мүмкүнбү?

- Дүйнөлүк баа кымбаттаган сайын ошол өлкөнүн жетекчилери элдин кирешесин көбөйтүүгө аракет кылыш керек. Канчалык деңгээлде жумуш менен камсыз кылып, кирешесин көтөргөн сайын көтөрүлгөн баага туруштук берет да. бизде ошол процесс жок болуп атпайбы. Бизде жумушсуздук күндөн күнгө күчөп атат, биздин элдин кирешеси күндөн күнгө азайып атат, бизде өтө бай жана жарды деген эки категориянын арасы асман менен жердей болуп калды. Мына ушул процесс албетте өзгөчө жарды, жумушсуз калкка өтө тескери таасирин тийгизет. Ошондуктан 7-апрелдеги революция болду. Бул жерде “14 баатырдын” эч кандай тиешеси деле жок. Шайлоодон кийин келе турган өкмөттүн эң негизги маселеси элди жумуш менен камсыз кылып, алардын кирешесин көбөйтүү.

- Мурдагы өкмөттө, азыркы өкмөттө деле азык-түлүк коопсуздугу үчүн атайын программалар иштелбегени мурда эле айтылып келбеди беле, атайын бир программаларды кабыл алыш керек беле Убактылуу өкмөт келээри менен?

- Убактылуу өкмөт ким экенин келгенде эле көрсөттү да. Булар 7-апрель окуясына жеткирген адамдарды камап-соттоп ошолордун байлыгын мамлекетке кайрып туруп, ошолордун эсебинен резерв түзүүнүн ордуна азыр көрүнгөн сөздөр менен алек болуп атышат. Булар жөн гана мамлекеттик деңгээли жок экенин көрсөтүп коюшту да.

- Азык-түлүк коопсуздугу үчүн кандай программалар иштелип чыгыш керек?

- Анын бардыгы келе турган партиялардын жумушу. Бул программалар бүткүл дүйнө жүзүндө, бардык өлкөлөрдө бар. Эч кандай ачылыштын деле кереги жок. Мамлекеттик резервдер, мамлекеттик азык-түлүк программасы болот, мамлекеттик ички айыл-чарба продукцияларын өндүрүп, аны менен элди жабдуу деген программа болот. Ошолордун бирөө да жок, ушул күнгө чейин ал жок болгондон кийин бир эле айда аны чечип жиберет деш жөн эле фантастика болуп калат. Ал эми азыркы Убактылуу өкмөт бир нерсе кылымыш этип, фонду түзөбүз, ал-бул дейт, мунун арты мыйзамсыз. Себеби техникалык өкмөт деген жок. Курамында ошол эле республиканы кыйроого учураткан адамдар отурат, алар кайра бүгүн оңдоп жиберет дегенден алыс болуш керек. Эл ансыз деле оокатты өзү кылып атат. Мындан аркысы кандай өкмөт келет, кандай саясат жүргүзөт, ошого жараша болот.

- Айыл чарба министрлиги болсо эч кандай таңкыстык болбойт деп айтып атат, бул канчалык негиздүү?

- Министрлиги жок эле ишенсек болот, ушул күнгө чейин программасы жок эле эч кандай кризис бизде болгон жок, элдин барынын эле курсагы ток. Азыр базарга барынызчы, илгеркидей эле базардын ичи толтура, баягы эле ундар, баягы эле нандар, бир аз кымбатттоо болуп атат. Эч кандай бизде кризис болушу мүмкүн эмес. Бул министрликти жоюп таштасак деле болот, жойбой койсок деле болот, эл өз оокатын өзү кылып атат. Андыктан аларга ишенип кереги жок.

- Демек сиз баалар кымбаттаса дагы азык-түлүк жаатында кризис болбойт деп эсептейсизби?

- Болбойт. Себеби бизде Казакстан өзүнүн чек арасын канчалык бетондоп жапса дагы контрабанда деген өтө күчтүү, ал күн сайын жүздөгөн тонна буудайды, унду Казакстандан бизге ташып келе берет. Аны токтотуу азырынча мүмкүн эмес. Мамлекеттик башкаруу коррупцияланганда да контрабанданын биздин элге пайдасы көп...

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG