Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

Жергиликтүү кеңешке шайлоонун сыры жана чыры


Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоонун чыры басыла элек
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоонун чыры басыла элек

Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо толгон-токой мыйзам бузуулуктар менен өткөнүн Аламүдүн шайлоо чөлкөмүнөн депутаттыкка талапкерлигин коюшкан айрым талапкерлер ырасташты.

Генерал А.Чотбаев Бишкектин Тоголок-Молдо шайлоо чөлкөмүнөн Бишкек шаар кеңешине депутаттыкка талапкерлигин коюп, шайлоого катышкан көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон:

- Шаар боюнча мына 11 округдан билбейм, мурда эле даярдап койгон тизмедеги кишилерди өткөрүп алышты. Ой-пикир ушундай. Өзүм 2-3-орунду алгамын. Протоколдор бар, участкалык шайлоо комиссияларында байкоочуларым отурган. Бүт жерде 22 участкалык шайлоодон протоколдорун алып келишкен. Участкалык шайлоо комиссиянын мүчөлөрү колун коюп беришкен, мөөрлөрүн басып беришкен. Анан баары бүткөндөн кийин эле 2-3 сааттын ичинде баарын алмаштырып ташташты.

Аламүдүн шайлоо чөлкөмүнөн депутаттыкка талапкерлигин койгон Керимбүбү Бекешованын ырасташынча, шайлоодон кимдер өтөрү мурда эле белгилүү болуп калган:

- Айыл өкмөтүнүн башчысы райондук шайлоо округуна тизмелерди берген. Анда айылдардын чеги, көчөлөргө чейин белгиленген. Ошол жерде округ боюнча депутаттыкка кимдер өтөрү көрсөтүлгөн. Ушундай болду. Эмне үчүн мындай болгонун сурасак, “биз эмеспиз” дешет. Анда ким жасады? Айыл өкмөтү жасабаса округдук комиссия менен Борбордук шайлоо комиссиясы жасабайт да.

Ушул эле Аламүдүндөн жергиликтүү кеңешке депутаттыкка талапкерлигин койгон Николай Петров анын мыйзамдуу талабы эмдигиче эч кимден колдоо табалбай келатканын айтты:

- Бир эле талап койдум, добуштарды кайра санап чыгалы дедим. Эч нерсеге жетише албадык. Сот четке чыга берди. Округдук комиссия карагысы келбейт. Бул маселени эч ким көтөргүсү келбейт. Укугубуз жок дешет. А бирок 44-берененин 16-пунктунда бюллетендерди жогорку орган же сот ачтырганга укуктуу деп жазылып турат.

Н.Петров шайлоочулардын көпчүлүгүнүн добушу жараксыз деп табылганын, дегеле добуштарды саноо оголе көп күмөн саноолорду жаратып жатканын ырастады. Анткен менен жергиликтүү кеңеш шайлоосундагы мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар сотко жолдонсо анын жыйынтыгы чыкканча БШК бүтүм чыгара албастыгын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Самат Бөрүбаев маалымдады:

- 80 ашуун маселелер сотто каралды. Арыздардын бардыгын карап бүтүштү, баарына жооп беришти. Кээ бир жерде анча-мынча мыйзам бузуулар болгон жерди ордуна койду.

Аламүдүн районундагы шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рая Талканбаеванын айтуусунда, бул шайлоодо деле бийлик болгон күч-аракетин жумшады:

- Биздеги жер-жерлердеги шайлоо комиссиялары айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен түзүлгөн. Шайлоо кодексинде кимдер комиссия төрагасы, жооптуу катчысы, мүчөсү боло албашы ачык, так жазылып турат. Мыйзам бузулду.

5-октябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого 18 партиянын өкүлдөрүнөн талапкерлер катталганы менен алардын көпчүлүгү өзүн-өзү көрсөткөндөр катары чыгышкан. Адистердин баамында, бул бийликте турган, бийликке умтулган саясий күчтөрдүн саясий чама-чаркы канчалык экенин калк алдында кашкайта көрсөткөн сыноо болду.

XS
SM
MD
LG