Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

ММКлар этиканы эске албай жатат


ММКлар этикалык эрежелерди бузуп жатканы тууралуу Ош шаарында болгон журналисттердин иш-чарасында айтылды

Иш-чарада массалык маалымат каражаттарына түшкөн даттанууларды териштирүү комиссиясынын өкүлдөрү, көбүнесе кыргыз тилдүү басылмалар ашкере саясатташып, кайсы бир саясий топтун кызыкчылыгы үчүн гана курал болуп келишкенин белгилешти. Аталган комиссиянын мүчөсү Елена Черемунанын айтымында, Кыргызстан журналисттери өздөрү кабыл алган этикалык кодекстин алкагында иштөөгө дагы бир канча жыл талап кылынат:

- Кыргызстандагы журналисттер арасындагы эң кейиштүү көрүнүш - алар буюртма материалдарды жазууга аргасыз. Качан гана биздин журналисттер жетиштүү маяна ала баштаганда гана, алар өздөрүнүн репутациясы жана этика жөнүндө ойлоно башташат. Тилеке каршы мындайга жетүүгө бир топ убакыт бар сыяктуу.

ММКга түшкөн даттанууларды териштирүү комиссиясынын эсебинде, Ош аймагын эле алып караганда, аларга көбүнесе жеке менчик телеканалдар же гезиттердин тараткан маалыматтарына арыздар саны басымдуулук кылат. Ал эми радио же интернет сайттардын ишмердүүлүгүнө нааразы болуп даттангандар дале каттала элек. Комиссия мүчөсү Алмаз Исманов кыргыз тилдүү басылмалардын кайсы бир саясий топтун кызыкчылыгын гана көздөп, бир беткей сындамай позициясы чет-өлкөлүк эксперттерди да таң калтырганын айтат:

-Чет элдик эксперттер бизде өзгөчө гезиттерди, телеканалдарды саясатка катуу аралашып, берилип кеткенин айтышат. Ачсаң эле кимди колдой турганын байкоого болот дешет алар. Мен аларды оюн туура деп ойлойм, мисалы Кыргызстанда маалыматтан турган, бейтарап позицияны карманган гезиттер жок да. Окурмандар гезитти Текебаев же Бакиев жөнүндө эмне деп жазыптыр деп гана окуп калышты.

Исмановдун белгилешинче, журналисттик этикалык кодексти кабылдабай, ага караманча каршы чыккандар бул дал ошол айрым саясий партиялар же жеке саясатчылар каржылаган утурумдук басылмалар. Деген менен мындан дээрлик эки жыл мурун кабыл алынган этикалык кодекстин айрым пункттары али күнчө талаш-тартыштарды жаратып келет. Жергиликтүү журналист Айбек Асан уулу, журналисттер этикалык нормаларды жерип жаткан себеби, алар кайсы бир саясий манилүү окуяларда бийлике же оппозицияга жан тартууга милдеткер болуп калышкан дейт:

- Оштогу эле маалымат каражаттарын алып карайлычы, журналисттердин алган айлыгы материалдык абалы этикалык норма менен иштөөгө жол бербейт. Экинчиден, бизде журналистиканы эки гана түстө карап калышпадыбы ак же кара деп. Кыргызстанда мамлекеттик маалымат каражаттары басымдуулук кылат да, демек алар этикалык нормаларды сакташпайт. Маселен нааразычылык акциясы өтүп жатса, алар ошол тараптын пикирин бербей, жалаң гана мамлекеттик саясатты жактап чагылдырышат. Демек көпчүлүк журналисттер этикалык нормадагы калыстыкты, эки тараптын оюн дегеле бербейт.

Ошентип Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттары менен иштеген эл аралык уюмдар жана журналисттердин укугун коргоочу бей өкмөт уюмдар кыргыз журналистикасында этикалык нормаларды жөнгө сала албай убара тартышууда. Бул аралыкта дал ушул кесиптик ишмердүүлүгүнүн айынан өлкөдө бир катар журналисттер сабалып, ур-токмокко алынып, чет өлкөдөн башпаанек издөөгө аргасыз болгондор саны да артып баратат.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG