Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

Адам товар эмес


Кыргызстанда адам сатуу боюнча фактыларды алдын алуу жана азайтуу максатында 189 номурлуу түз байланыш иштей баштады. Бул чет өлкөгө иштөө үчүн кете турган кыргызстандык жарандардын укугун жана милдеттерин түшүндүрүп, маалымат берчү байланыш. Деген менен адистер бул багытта ыкчам аракеттер көрүлбөй жатканын ырасташууда.

Роза (аты өзгөртүлдү - авт.) орто мектепти бүткөн соң шаарга келип, жогорку окуу жайга тапшырып өтпөй калат. Ал шаардагы тигүү цехтерине жумушка орношуп, өзү курактуу үч кыз менен батирде жашай баштайт. Ошол кезде батирдин маңдайында жашаган келин менен таанышып, мамилеси жакшы болуп кетет:
Кыздарды кул катары колдонгон байлар бар.


- Биз кээде майрамдарда чогуу отуруп калчубуз. Мен үйүмдү сатып алгам деп айткан эле. Жакшы унаасы да бар болчу. "Түркияда “Народный” дүйкөндөрүндөй дүкөн бар, ошондо администратор болуп иштейм. Айына 3 миң доллар алам. Силер да барып сатуучу болуп иштеп келбейсиңерби. Айына 1,5-2 миң доллар айлык аласыңар" деп айтып калды. Ал бизге эки айдай айтып жүрдү. Мен бул акчаны эки жыл иштеп табам деп азгырылдым.

Ошентип Роза жарым жыл жакшы тааныш болуп калган эжесинин тилине кирип Бишкектеги ишин таштап Түркияга кетет. Бирок ал көз ачып жумганча белгисиз бирөөлөрдүн колуна түшүп калам деп такыр ойлогон эмес. Розанын айтымында, тааныш эже Түркияга түн ичинде алып барып, түрк тилиндеги кагазга кол койдуруп, паспортун алып койгон.

- Ал кеткенден кийин мен калган бөлмөгө эки түрк бала кирип, колу-бутумду байлап, көзүмдү таңып, "үнүңдү чыгарсаң өлтүрөбүз" дешти. Бир чоң үйгө алып барышты. Ал жерде түштүктөн эки кыз бар экен. Ал жактан бир жолу качууга аракет жасасам абдан сабашты, иттерин алып келип коркутушту. Мээм чайкалды окшойт, эсим ооп жыгылыптырмын. Ошондон кийин качканга да аракет жасабай калдык.

Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигинин алдында түзүлгөн түз байланыш долбоорунун жетекчиси Зухра Казанлыева да адам сатуу боюнча фактылар уланып жатканын ырастап, маалымат берүү жолдорун күчөтүп жатканын белгиледи. Ал чет өлкөгө чыгууну каалагандарга 189 номурлуу түз байланыш телефонуна чалып, маалымат алууну сунуштайт. З.Казанлыеванын айтымында, адамдарды Казакстан, Орусияга кара жумуштарга жана кыз-келиндерди Түркия менен Араб Эмираттарына сойкулукка саткан учурлар көп.
...бөлмөгө эки түрк бала кирип, колу-бутумду байлап, көзүмдү таңып, "үнүңдү чыгарсаң өлтүрөбүз" дешти.


- Биз сыртка чыкканда эч качан паспортуңарды бербегиле деп маалымдайбыз. Мындай шартта паспорттун көчүрмөсүн бергиле. Эгер паспорт керек дей турган болсо өзүңөр чогуу барып көрсөтүп кайра алыңыз. Сиздин паспортту алганга эч кимдин укугу жок. Бул мыйзамда да белгиленгенин айтабыз.

“Сезим” кризистик борбордун төрайымы Бүбүсара Рыскулова адамдар сырткы өлкөлөргө гана эмес, өлкөнүн ичинде да кул катары сатылып жаткан учурлар бар экенин белгилейт. Анын айтымында, адам сатуу маселеси жабык тема болгондуктан, көп фактылар ачылбай келет.

- Адамды кул катары колдонгон өлкөнүн ичинде да бар. Азыр кыздарды кул катары коркутуп колдонгон байлар бар, ар кандай кафелер бар. Тилекке каршы, ошолордун арасында өспүрүм кыздар да бар.

Б.Рыскулова адам сатуунун курмандыгы болгон кыз-келиндерди жана эркектерди 51-26-40 телефон номуруна чалып, кеп-кеңеш алса боло турганын белгиледи.
Ал жактан бир жолу качууга аракет жасасам абдан сабашты, иттерин алып келип коркутушту.


Ал эми сексуалдык кулчулукка сатылып кеткен кыздардын дээрлик бардыгы сотко кайрылуудан коркушат. Ошолордун бири - жогоруда сөз кылган Роза. Ал эркиндикке чыкканына сүйүнүп, экинчи ирээт бул окуяга кайрылууну каалбайт. Ошондой эле ал бул окуя боюнча туугандары да билбей турганын кошумчалады.

Адистер бул багытта мыйзам болгону менен толук иштебей жатат деген пикирде. Алар ушул факт боюнча кармалып, жоопко тартылгандар чанда экенин белгилешет. Ошол себептүү мыйзамды жана жазаны күчөтүүнү сунушташат. Ал эми Ички иштер министрлиги адам сатуу боюнча кармалган же арыздангандар туурасында маалыматтар ушул тапта даяр эместигин билдиришти.

XS
SM
MD
LG