Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Аксы: Кырсыктаган аймакта куткаруу иштери жүрүп жатат


Аксы районундагы жер көчкү кырсыгы баскан Райкомол айылындагы соңку кырдаалды кабарчыбыз Ырысбай Абдыраимов баяндады.


- Жер көчкүдөн каза тапкандардын сөөктөрүн табуу аракеттери, иштери аяктадыбы ушул сааттарга карата?

- Жок, дагы эле улантылып жатат. Бул жерде Коргоо министрлигинин, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Аксы районундагы жергиликтүү калктын өкүлдөрү баары миңдей киши издеп атышат. Акыркы сааттарда 13-адамдын сөөгү табылды. Ал жаш бала экен. Буга чейин 12 адам табылган, тогузу бала болчу. Азыр бул жерге жер көчкүдө калган Бөкөевдердин үй-бүлөсүнө мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу келип көңүл айтып, президенттин атынан дагы көңүл айтып кетти. Мындай кырсык күтүлбөй келет деп, кайгы тартып турган үй-бүлөлөрдү кайраттуу болууга, мамлекет, облустун губернатору, бүт кызматтар бардык жагынан жардам бере тургандыгын белгиледи.

- Демек курман болгондор үч үй-бүлөнүн мүчөлөрү болуп жатабы?


- Үч үй-бүлөнүн мүчөлөрү, эң картаңы 80 жашта экен, эң жашы 2008-жылы төрөлгөн 8 айлык бала экен.

- Өзүңүз эмнени байкадыңыз?

- Азыр менин байкаганымдан, Ак - Жол дарыясынын ары жагынан министр Ташиевдин маалыматы боюнча, 2 миллион кубга жакын топурак келип түшкөн. Ошол жактагы электр зымдары, электр мамылары жок болгон. Азыркы учурда тракторлор жолдорду сүрүп, үзүлүп калган электр жарыгын берүү аракетин көрүшүүдө. Ал эми көз каранды эмес байкоочулардын айтуусу боюнча, бул жерге келгендердин баардыгына иштөөчү курал-жарактар жетишпей калган, бирок иш ушунчалык жакшы уюштурулган деп белгилеп атышат.

- Ушул аймактарда мурда көчкү жүрүшү мүмкүн деген эскертүүлөр болгон бекен?

- Эл менен, айыл өкмөттүн башчылары менен да сүйлөшүп көрдүм, андай эскертүү болгон эмес экен. Дарыянын аркы бетинде турган 3 үй-бүлөгө мурунку жылы эскертилип, аларга башка жерден жай берилип, мамлекет тарабынан 150 миң сомдон жардам берилиптир, алар башка жака көчүп кеткен экен. Булардын болсо үйлөрү жакшы салынган эки кабаттуу үй болчу деп жакын туугандары айтышты.

XS
SM
MD
LG