Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:44

Жаңы өкмөт дээрлик куралып бүттү


Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы түзүмүн бекитип, бул мыйзамга президент кол койду. Өлкө башчысынын жарлыгы менен вице-премьер-министрлер, министрликтин жетекчилери дайындалды.

Биринчи вице-премьер- министрликке – Акылбек Жапаров, вице-премьер-министр болуп Тажыкан Калымбетова, вице-премьер-министр-аппарат
жетекчилигине – Аалы Карашев дайындалды.

Мурдагы министрлердин дээрлик бардыгы кызмат орундарында калышты. Алар: Марат Султанов каржы министри, Нурлан Турсункулов - адилет министри, Бакытбек Калыев - коргоо министри болуп кайра тастыкталды. Ал эми ички иштер министри - Молдомуса Конгантиев, өзгөчө кырдаалдар министри - Камчыбек Ташиев, транспорт жана коммуникация министри - Нурлан Сулайманов, Айыл чарба министри – Искендербек Айдаралиев , энергетика министри - Ильяс Давыдов , Билим берүү жана илим министри - Абдылда Мусаев, Саламаттык сактоо министри болуп – Марат Мамбетов дайындалышты.

Жаңыдан түзүлгөн министрликтерге мурдагы мамлекеттик мүлк комитетинин төрагасы Турсун Турдумамбетов мамлекеттик мүлк министри болуп, эмгек, ишке орношуу жана миграция министри - Айгүл Рыскулова, экономикалык тескөө министрине - Женишбек Байгуттиев, жаратылыш ресурстары министри болуп - Капар Курманалиев дайындалды.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен Таалай Таткулов Социалдык фонддун (кордун) төрагалыгына дайындалды.

Ошентип өкмөттүн жаңы курамы дээрлик түзүлдү. Анын куралышына коомчулукта ар-кандай пикирлер жаралууда.

Парламенттеги СДП фракциясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери бир нече жолу өкмөттүн түзүмүн өзгөрткөнүн, бирок мындай өзгөртүүлөр натыйжалуу жыйынтык бербегенин билдирди.

-Бүгүнкү күндө өкмөттүн он жети жолку өзгөрүшү деп жатабыз. Ушул он жети өкмөттүн иштеген мезгилинде он беш жолу ушундай структуралар өзгөрдү. Бирок бир дагы структурасы турмушта ишмердүүлүгүн, туруктуулугун көрсөтө алган жок. Анан жыл сайын эле эки жыл министрлик болуп, анан агенттик болуп, анан кийин эки министрликти кошуп, кайта бөлүп, ортодогу кадрлардын бары чачыранды болуп калды. Кадрларды карап, кадрлар менен иштеген багыттагы системалуу саясат жок болуп жатат.

Экс-губернатор Анвар Артыковдун баамында, президент башкаруу системасын жаңылап жаткандан кийин, өкмөт курамына «ак жолчулардан» башка саясий партиялардын жана саясий топтордун
өкүлдөрүнөн киргизсе болмок.

"Мындай орун алмаштыруудан реформа натыйжа бербейт. Президенттин жаңылануу концепциясында айткандары иш жүзүндө теңирден тескери кетчүдөй болуп калды",-дейт Артыков.

-Татыктуу кишилер бар жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамында. Бирок негизинен булар «Ак жол» партиясынын идеологиясына баш ийгендер болуп жатпайбы. Эмне үчүн анда жаңылануу болуп жаткандан кийин өкмөттүн курамында жалаң «ак жолчулар» калат? «Ак жол» премьер-министрди дайындап, башкаларга макулдук берип бардыгын чечип жатат. Ошондуктан өкмөттүн жаңы курамына кимдер келбесин менимче жаңылануу болгон жок. Мына азыр Игорь Чудиновду Данияр Үсөновго алмаштырдык, мындан эмне өзгөрдү? Эч нерсе өзгөргөн жок.

Ал эми «Ак жол» фракциясынын өкүлдөрүнөн айтымында, жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамы мамлекетти алга сүрөп, экономиканы көтөрүүгө, президент баштаган реформаны аягына чыгарууга татыктуу иш билги кызматкерлерден түзүлдү

XS
SM
MD
LG