Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:11

Дымакты басып, ахывалды дыкат баалоонун кезеги келди


Кыргызстандагы саясий жагдайды жакшы жагына оодаруу аракетин Мекенин сүйгөндөрдүн текши баары жасашы керек. Өлкө калтыс кырдаалда турган чакта саясий күчтөр мунасага келиши абзел. Мындай пикирин эларалык Трасека долбоорунун жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

Убактылуу өкмөт чаржайыт иштеп жатат

- Жантөрө мырза, жагдайды жөнгө салыш үчүн дагы кандай иштер жасалышы керек?

Жантөрө Сатыбалдиев: - Убактылуу өкмөт бир команда боло албай, чаржайыт иштеп атканы көрүнүп эле турат. Кадр, башка маселелерди чечүүдө кечээ бир багытта жүргөндөрдүн ынтымагы болбой жатат. 5 партиянын өкүлдөрү ар биринен жүздөн киши таба алышпаса алар кандай партия? Референдум өткөндөн кийин тез арада парламенттик шайлоо өткөрүүнүн камылгасына киришүү зарыл. Р.Отунбаеванын бийлигин дагы бир жылга узартып коюу жөнүндөгү чечимге талдоочулар баа берер. Бул туруктуулукка алып келер-келбесин убакыт көрсөтөт. Шайлоону тез өткөрүп, бийликти мыйзамдуу жолго салгыча кырдаалды жөнгө салуу кыйын.

Бизде мамлекеттүүлүктү жоготуп алуу коркунучу турат. Чоң мамлекеттер биздин эмне кыларыбызды ачык эле айта башташты. Ошон үчүн интеллигенция, патриот жарандар өз алдынчалыгыбызды кантип сактоонун жолун ойлонушубуз керек. Үчүнчү жолу тарыхый мүмкүнчүлүк келип атканда жаңылып калсак бизге кечирим жок.

Эгемендиктин этегине илешкен этника

- Кыргызстан кыйын ахывалга кабылганда бизде этникалык маселелер калкып чыгат. Мунун себебин сиз эмнеге байланыштырасыз?

Жантөрө Сатыбалдиев: - Өз күчүнө ишене албаган арабөк саясатчылар улут маселесин дайыма алдыга алып чыгат. Бул жакшы эмес. Анан 1990-жылкы окуяларга баа бере алган жокпуз. Анын күнөөсүн коммунисттерге шылтап жаап койдук. Андан кийинки кырдаалдар деле толук баасын алалбай жүрөт. Ошондуктан бул маселелер дайым козголуп чыга берет. Кыргызстан жараны улутчул болуштан мурун «Кыргызстанга мен эмне кылдым?» деп жашашы керек. Бизде болсо кээ бирөөлөр мамлекет мага эмне кылды, деген суроону койгонду жакшы көрүшөт.

- Убактылуу өкмөт башчысынын бийлигин дагы бир жылга узартып коюу өлкөдөгү саясий жагдайды жакшы жагына оодарууга өбөлгө түзө алабы?

Жантөрө Сатыбалдиев: - Кандайдыр бир деңгээлде түзө алат. Бирок ал курчутуп жибериши да мүмкүн. Мыйзамсыз бийликти узартуу дагы бир мыйзамсыз аракети чыгарат. Кызматты узартуу маселесин референдумга алып чыгып, ошондон кийин айтса бир жөн болмок. Бир жарым жылга узартуу опуртал нерсе.

- Кыргызстан үчүнчү революцияга капталбаш үчүн кандай иштер жасалышы керек деп ойлойсуз?

Жантөрө Сатыбалдиев: - Сиздин пикир менен макул эмесмин. Мына 90-жылдары баркыт революциясы болуп өттү. Аны биз анчалык байкабай калдык. 2005-жылда да жыйынтык чыгара албадык. Калыптанган диктатураны толук жое албадык. Бул жолкуда жыйынтык чыгарышыбыз керек. Жаңы Конституция деле, менимче, өткөөл учурдун Конституциясы болот окшойт. Кээ бирөөлөр бизге дагыле күчтүү президент керек дешүүдө. Ал позиция бул Конституцияга кирген жок. Анан референдумга бир эле вариантты алып чыгыш коомдо терс пикирлерди жаратышы мүмкүн. Жеке пикиримде парламенттик, президенттик же аралашма башкаруу системаларын алып чыгып, анын кимиси жеңип чыкса ошону тандап алсак болмок. Азыр бизде кандай гана багыттар, партиялар жок, эми оң, сол, ичкилик деп бөлүнө баштадык. Бизде улут лидери жок экен. Бирөө чыгып, «эй ушундай бололу», деп айта албады. Кыргызстанда бирин-бири укмай жоголуп баратат. Жер-жерлерге бөлүнүп, уруу-урукка кетип баратканыбыздын арты да коркунучтуу. Кыргызстанды сакташ үчүн саясий дымактарды таштап, эгемендикти сакташыбыз абзел. 5 жыл тез эле өтөт. Р.Отунбаеванын мөөнөтүн узартып, ортодо күтүлбөгөн иш болуп кетти. Парламенттик, президенттик шайлоону бир өткөрсөк жакшы болор эле. Же президенттик шайлоону бир аз эртерээк өткөрсөк дурус болор беле. Андай болбой бир жарым жылга узарып калышы дагы белгилүү деңгээлде мыйзамченемдүү нерсе болуп калат окшойт.

- Жантөрө мырза, маегиңизге ырахмат!

XS
SM
MD
LG