Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Т. Тургуналиев: Бакиевди оодарып түшүү – бирден бир конструктивдүү жол


Бирдиктүү элдик кыймылга баш кошуп жаткан саясий күчтөрдүн башкы максаты – Бакиевди бийликтен оодарып түшүү болуп саналат. Бул жөнүндө бүгүн “Азаттыктагы” маегинде “Элдик революциялык кыймылдын” лидерлеринин бири Топчубек Тургуналиев билдирди.

- Мына 24-декабрда бирдиктүү элдик кыймыл түзүү жөнүндө макулдашууга кол койгон жатасыздар.Ушул кыймылга биригип жаткан саясий күчтөрдүн өлкөнү азыркы кыйынчылыктан алып чыгуу жана өнүктүрүү программасы барбы?

- Биринчиден, баса белгилеп айтып кете турган сөз, бул жаңы бирикме констуктивдүү эмес, радикалдуу жолго түшүп жатат дегенге мен бир жагынан макулмун, экинчи жагынан макул эмесмин. Бүгүнкү Кыргызстандын өтө оор абалында бир гана конструктивдүү жол - Бакиев баш болгон бийликти биротоло оодаруу жана Кыргызстанды оң жолго, өсүү жолуна салуу болуп эсептелет.


Ал эми радикалдуу деген мен кошулат элем. Радикалдуу деген сөздү кыргызча которгондо анын оң мааниси түп тамырынан жакшы жакка өзгөртүү деген сөз келип чыгат. Ал эми анын програмасы жок дегенге жок дегенге да макул эмесмин. Себеби дегенде, программанын ток этээр жери биздин билдирүүдө ачык айкын жазылып турат.

Андан башка биздин бирден-бир негизги документибиз бул убактылуу өкмөттүн программасы, жакынкы келечектеги программа. Андан башка биз жакынкы айдын ичинде Кыргызстан кандай жол менен өсүш керек, ошол программаны да бүтүрөбүз. Ал программанын дагы негиздери бар.

-Топчубек мырза, бирдиктүү элдик кыймыл түзүү менен оппозиция ынтымакка келе алабы.

-Сөзсүз. Себеби дегенде, эл коюп жаткан эң негизги эки тагдыр чечүүчү маселенин биринчисин элдик революциялык кыймыл көтөрүп келатты эле. Акыркы бир айдын ичинде башка оппозициялык партиялардын да көз карашында чукул бурулуш болду деп айта алам. Ошондуктан оппозиция тараптагы эң негизги күчтөр бир ынтымакка келди. Мен бүгүн эле ошону айта алам.
Бул бийлик Кыргызстанды кыйратып бүттү, бул бийликтен арылуу керек.


Ошол ынтымака келүүгө негиз болгон эки маселе эл коюп жаткан талаптар болуп саналат. Бул бийлик Кыргызстанды кыйратып бүттү, бул бийликтен арылуу керек. Экинчиси, Кыргызстанда өсө турган жаңы мамлекетти түптөө керек.

-Топчубек мырза мына ушул кыймылды түзүү менен бир лидерди аныктайсыздарбы.

-Жок, биз азырынча бир лидерди аныктабайбыз, себеби дегенде мындай биригүүнүн бирден-бир шарты, эгерде “эки тизгин бир чылбырды” бир эле лидерге берип кое турган болсок, анда башкалар да ачык айтканда нааразы болушу мүмкүн. Же болбосо ажырым кетиши мүмкүн, ошондуктан кезектешип башкаруу системасын киргизебиз.

- Мына бир катар оппозициячыл саясатчылар АКШдан келиши күтүлүүдө. Коомчулукта алардын сапары тууралуу ар кандай пикирлер айтылып жатат да. Алар АКШ бийлигинен колдоо издеп барышкан жокпу?

- Жок. АКШ болобу, башка өлкө болобу биздин ички ишибизге килигише албайт. Ал эми айрым саясатчылардын АКШга болгон саякаты ал кадимки эле боло турган нерсе. Бул жерде ушул оппозициянын биригип атышына же болбосо өзгөчө биздин ички ишке АКШ өтө бир таасир берип жатканы жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG