Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Оппозициячыл саясий күчтөр ынтымакташа баштады


Президент Курманбек Бакиевдин бийликке карай тушоосун кескен Үсөн Сыдыков өлкө башчысынын кеңешчилик кызматынан кеткенден кийин коомчулукта эми саясатта ири өзгөрүүлөр болот деген ой күч алды.

Ага Сыдыков түптөгөн “Жаңы Кыргызстан” партиясынын бийликке буга чейин сес көрсөткөн билдирүүлөрү негиз берген менен президент Үсөн Сыдыковду жаңыдан түзүлө турган коомдук палатага алып баруу менен тажрыйбалуу күчүн алып, тирешүүнү басат деген да пикир жок эмес.

Эл оозунда азыркы бийликке аталык кызмат кылган деп айтылып жүргөн Үсөн Сыдыковдун кеңешчиликтен кетишин саясатчылар президенттин айланасындагы атаандашкан эки топтун биринин жеңиши десе, экинчилери бийликтин келечек максат үчүн жасаган кезектеги оюну, мунун артынан дагы бир топ жүрүштөр жасалат деп баалашууда. Бирок Кыргызстандагы оппозициячыл саясий күчтөр дароо жанданып, бүгүн эле “Акыйкат үчүн” кыймылындагы саясий партиялардын жетекчилери менен “Жаңы Кыргызстандын” баш катчысы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, келечек багыттарын тактай башташты.

Анын максаты жана себеби тууралуу “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов мындай дейт:

-“Жаңы Кыргызстандын” ичинде ар кандай көз караштагы адамдар бар. Бирок генерал Исамил Исаков баштаган адамдар патриоттук сезим менен Кыргызстандын мамлекет катары келечегин ойлогон адамдар. Ошон үчүн ушул канаты менен сүйлөшө баштадык. Максатыбыз - элдин келечеги жана Кыргызстан үчүн аракет кылуу. Ал үчүн чогуу иштөөгө аракетти баштадык.

Уюшулган күндөн бери башкы максаты мамлекеттик башкаруу системасын түп тамырынан өзгөртүү болгон “Акыйкат үчүн” кыймылы менен президентке тийишпей өкмөт түзүмүн гана өзгөртүп, чакан өкмөт түзүүнү сунуштап келген “Жаңы Кыргызстандын” мындай чукул ымалага барышы, албетте коомдо карама-каршы пикирлерди пайда кылып, көпчүлүктү булар президенттикти гана эңсейт деген бийликтин бүтүмүнө ынандыргандай болууда.

“Жаңы Кыргызстандын” башкы катчысы Исмаил Исаков мындай ойлорду четке кагып, оппозициячыл саясий күчтөрдүн максаты бир, бирок ага жетүү жолдору башка экендигин эске салды:

- Булардын тактикалык жолдору ар башка болгон менен стратегиялык максаты бир болуп жатпайбы! Бардыгынын келечектеги ою - азыркы системаны алмаштыруу. Ошондуктан биздин азыркы тактикалык жолубуз туура эмес иштеген өкмөттү, ушул кырдаалга алып келген жетекчилерди жоопко тартуу болгон менен келечектеги максатыбыз системаны алмаштыруу экендигин айтып жатабыз.

Бул эки ири саясий топко ыктоодон башкы урааны президент Курманбек Бакиевди революциялык жол менен кызматтан кетирүү болгон Элдик революциялык кыймыл да кайра тартпай тургандай.

Анын лидери Азимбек Бекназаровдун айтымында, аларды бир максат - үй-бүлөлүк башкаруу системасын жоюу бириктире алат:

- Биз да “Жаңы Кыргызстан” партиясы жана башка күчтөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ошондуктан биз бир максат - үй-бүлөлүк башкаруу системасынан кантип кутулабыз деген маселе боюнча бардык күчтөр менен сүйлөшүүгө даярбыз.

Бирок Элдик революциялык кыймыл “Акыйкат үчүн” кыймылынын өз концепциясын бийликке сунуш кылып коюп, аны аткаруусун күтүп отуруу чечимине макул эмес.

Саясат талдоочу Аскар Мамбеталиев оппозициячыл күчтөр мына ушундай опурулма кыска багыт жана жеке дымактан улам башын бириктире албай жатат, эгер бириге турган болсо тактикалык жүрүштөрүн тактап, бирдиктүү бир концепция иштеп чыкпаса тилектерине жетиши күмөн дейт:

- Оппозиция өз алдынча бир аз дагы иштеп, бирдиктүү бир программа даярдап алып, анан ишке киришпесе аракеттери ташка майтарылып калгандай болушу мүмкүн.

Бирдиктүү оппозициянын меморандумуна кол койгон “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылынын лидери Амангелди Муралиев мындай ойдун жүйөөсү бар деген менен эң ириде бирдиктүү оппозициянын башкаруу органын түзүп алуу зарыл деген ойдо:

- Бирдиктүү оппозициячыл күчтөрдүн башкаруу органын түзүү керек. Азыр башкаруу структурасы жок болуп жатат.

Бийликке тиш кайраган күчтөр биригүүгө жүз бура баштаганда “Акыйкат үчүн” кыймылы курултайында кабыл алган Кыргызстандын жаңы саясий системасынын концепциясын президентке жөнөттү. Ага президенттен кандай жооп болору азырынча белгисиз.

Бирок бийликчил “Ак жол” фракциясынын депутаты Роза Абдраимова оппозиция бириксе бийликке эч кандай коркунуч алып келбейт, бул элди жөн жерден эле козутуу деген ойдо:

- Бийликке эч кандай коркунуч алып келбейт. Анткени өкмөт да, парламент да ошолор айткан маселелерди чечүү үчүн иштеп жатат. Ошондуктан алардын талаптары эч кимге жаңылык эмес. Бул элди дүрбөтүп, элдин мээсине ойногон аракет болуп жатат. Бул кишилер элди дүрбөтүп, революция жасап жиберебиз дегендин ордуна ошол концепциясын ишке ашыруу механизмин айтып бербейби...

XS
SM
MD
LG