“Акыйкат үчүн” кыймылындагы саясий партия жетекчилери менен “Жаңы Кыргызстандын” лидеринин эмки сүйлөшүүсү ишемби күнү болуп, анда мындан аркы кызматташуу жолдору аныкталат.
“Жаңы Кыргызстандын” баш катчысы Исмаил Исаковдун “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, Элдик революциялык кыймылдын лидерлери менен жолугушууда да максат бир, эми иштөө багыттарын гана аныктап, кайсы кыймыл кандай аракетке жооптуу болорун тактоо керек деген чечимге келишти. Элдик революциялык кыймыл 20-декабрда өткөрө турган нааразылык митингисине “Жаңы Кыргызстандын” катышуу маселеси азырынча чечиле элек.
Ал эми “Ак шумкар” партиясы митингге катышаарын анын төрагасы Темир Сариев мурда эле кабарлаган.
Кыргызстандагы саясий күчтөр мына ушинтип биригүү жана бийликти теске салууга ниеттенип жатканда “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылынын мүчөсү Токтайым Үмөталиева оппозиция өткөн курултайда кызматташуу принцибин аныктап, мындан аркы тактикалык аракеттерди тактай алган жок, ага “Акыйкат үчүн” кыймылына мүчө айрым саясатчылардын бийликтен майлуу кызмат ордун күтүп отурушканы башкы себеп болду деп билдирди:
-Оппозиция кантип биригет, кандай принципте бири-бири менен иштешет, ким топ башы болот, топ башыдан кийин чыга турган жигиттерге кандай жол ачып беребиз деген маселелер боюнча иштөө механизмдери айтылбай жана меморандумдун экинчи бөлүгүнө кол коюлбай калды.
Токтайым Үмөталиеванын айтымында, курултайда бул маселелердин такталбай калгандыгына бийликтин бир бутагында турган Социал-демократтар партиясынын лидеринин жеке кызыкчылыктары басым жасап кетти:
-Ачык эле айтайын, СДПК партиясы өз кызыкчылыгын көздөп кетти.Партиянын парламентте отурган депутаттары “бийликке кызматка барбайбыз, ага ант беребиз” деп элге айтып жатышат. Бийликтин бир бутагында отуруп, депутаттын төш белгисин тагынып отуруп бийликке барбайм деп кантип ант бере алат? Эгер андай болсо ошол эле курултайда мандатты таштап туруп чыгыш керек болчу...Ошондуктан, божомолдоо процессине көп көңүл бурулуп кетти.
Социал-демократтар партиясынын лидери Алмаз Атамбаев мындай билдирүү негизсиз, себеби социал-демократтар курултайда көтөрүлгөн маселелердин бардыгын колдоду дейт:
-Мен экинчи меморандум бар экендигин биринчи жолу угуп жатам. Курултайдын уюштуруу тобунун башында башка адамдар болду. Биз партиянын атынан керектүү документтердин бардыгына кол койдук.
Алмаз Атамбаевдин баамында, оппозиция биригүүгө бел байлаганда анын ыркын бузуу аракеттери да байкалууда:
-Кээ бир адамдар оппозицияны бөлүп-жарайын деп, алардын өкүлдөрүн шыбап жатышат. Муну менен оппозициядагы негизги күчтөр менен партияларды кагыштыралы деген максатты көздөп жатышат.
Ал эми саясат талдоочу Жолборс Жоробеков оппозициянын башын бириктирүү аракетинен майнап чыкпайт жана бардык оппозициячыл күчтөр биригип 20-декабрда нааразылык митингке чыкса да 2005-жылдагыдай элди ээрчитип кете албайт деп, себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:
-Биригүү деген болбойт. Булардын биригүүсү өтө кыйын. Анткени, амбициясы өтө чоң жигиттер. Бири-бирине атаандашып, кимибиз күчтүүбүз, кимибизди кыргыз эли колдойт деген бой көтөрүү абдан чоң. Кыскасы, лидер жок. Бул бир себеп. Экинчиден, Кыргызстанды кыйынчылыктардан момундай жол менен алып чыгып кетебиз деген программа бирөөндө да жок же баарынын бирдиктүү планы жок.
“Жаңы Кыргызстан” партиясынын баш катчысы Исмаил Исаков 29-ноябрдагы курултайда кабыл алынган концепцияны улам кийинки милдеттердин талабына жараша өзгөртүп туруу жагдайы да сүйлөшүүлөрдө талкууланып жаткандыгын, демек оппозициянын бирдиктүү бир документи пайда болушу мүмкүн экендигин билдирди:
-Жаңы концепцияны өзгөртүп туруу маселеси каралып жатат. Биз да ошондой сунуш кылып, бир кадамдан кийин экинчи кадамды жасап, баскыч-баскыч менен иштегенде жана мамлекетке да жеңил болгондой аракеттер болсун деп жатабыз.