Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:21

БЭКтин талапкери такталды, бирок аты белгисиз


БЭКтин Саясий кеңеши кечээ кечинде өткөргөн жыйынында президенттик талашка түшүрчү бирдиктүү бир талапкерине токтолду. Бирок анын атын 20-апрелге, оппозициянын талабына бийлик жооп бергенге чейин айтпоого убада беришти. Саясат талдоочулар болсо элдин ишеними бийликтин да, оппозициянын да талапкерине аз деп баа берип жатышат.

Бирдиктүү элдик кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” берген маалыматына караганда, талапкерликке тандалган адамдын атын азыр ачыкка чыгарбоонун башкы себеби төмөнкүчө:

-27-мартта президент 20-апрелге чейин аткарсын деп бир нече талаптарды коюп, ошол талаптарды аткарбаса мөөнөтсүз саясий акцияларды өткөрөбүз деп жарыяладык эле. Ошондуктан 20-апрелге чейин күтө турабыз. Андан кийин талаптар президент тарабынан аткарылбаса талапкерди расмий түрдө жарыялап, мындан ары момундай иштерди жасайбыз деп эл алдына чыгуу туура деген чечимге келдик. Ошондо талапкер өзү андан ары жасай турган иштерин кошо айтып чыгат.

Азимбек Бекназаровдун айтымында, бийлик оппозиция койгон талапка жооп бербесе БЭК шайлоого “Бакиевдерсиз таза шайлоо” деген ураан менен барышы жана мөөнөтсүз митингдерди башташы мүмкүн. Анда БЭКтин андан аркы милдеттери чукул өзгөрүлүп, талапкердин ошол милдеттерди алып кетүүгө чечкиндүүлүгү менен даярдыгы да таразага түшөт. Ошон үчүн кыймыл талапкердин акыркы чечимди кабыл алуусу үчүн да убакыт берип, атын атабай турууну ылайык көрдү:

-Талапкерибиз да ушул маселени ойлонушу керек. Коюлган шарттарды көтөрө алабы же көтөрө албайбы, эгер көтөрө албаса ага чейин башка адамдын аты аталып калышы мүмкүн. Ошон үчүн ал адамга да ойлонуп туруп, биротоло чечүүгө мүмкүнчүлүк бердик.

Анткен менен эл оозунда БЭКтин атынан жарышка экс-премьер министр Алмаз Атамбаев түшөт экен, анын таламын кыймылдын жыйынга катышкан он үч мүчөсүнүн он бири колдоду деген имиш тарады.Саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин баамында БЭКтин мындай чечимине түрткү берген жагдайлар арбын, бирок саясий психологиянын мыйзамы менен талдаганда башкы маселе каржы болду:

-Барып-барып эле каржы маселесине такалып атат. Себеби калган оппозиционерлерге салыштырмалуу ошондой мүмкүнчүлүктөрү бар адам жана өзү да колдоочуларын тапкан окшойт. Анан эки регионго бирдей тиешем бар деп айтып жүргөнү бар. Ошон үчүн ушул жагы дагы эске алынган болуш керек.

Орозбек Молдалиевдин баамында, бирок Атамбаевдин өкмөт башчы боло койгон учуру эл жадында жана эл аны эми эмнеге жараар экен деген чоң собол менен кабыл алышы толук мүмкүн.

Ал эми дагы бир саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев азыр элдин бийликтин да, оппозициянын талапкерине ишеними аз деп, себебин төмөнкүчө чечмеледи:

-Азыркы талапкер эл деген адам болуш керек. Анын айткан сөзү менен жасаган иши бирдей мүнөзгө ээ болушу абдан маанилүү. Анткени оппозициядагылардын да, бийликтегилердин да сүйлөгөндөрү бир башка, жасагандары такыр тескери болуп жатпайбы! Ошон үчүн ал жактан да, бул жактан да Кыргызстандын бүт эли толук колдоп, көтөрүп кете турган адам жок.

Бекбосун Бөрүбашевдин баамында, эгер азыркы президент талапкерликке чыкса да анын салмагын пирамида үлгүсүндө түзүлгөн коррупция жана шайлоонун ыплас болушу түшүрүшү ажеп эмес.

Ал эми оппозициянын бийликке койгон талабына президенттин жообу кандай болору белгисиз. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматовдун айтымында, жооп даяр:

-Жыйырманчы апрелге чейин жооп берилет. Мыйзамдын негизинде талаптардын бардыгына конкреттүү жооптор даярдалган. Кыргызстандын Конституцясы менен мыйзамдарына ылайык болсун деген маанайдагы жооптор жазылган. Жооп канааттандырарлык эле болот го.

БЭК бийликтен канааттандырарлык жооп албаса 20-апрелде мөөнөтсүз митингин баштаган турат. Кыймыл мүчөсү Исмаил Исаков аны эл колдойт деген ишеним бекем дейт:

-Биздин күчүбүз эл жана элдин күчү бардыгына жетет. Себеби биз бийлик аткара албай турган талаптарды койгон жокпуз. Элдин басымдуу көпчүлүгү колдойт.

Ал эми жазгы талаа жумуштарына алаксыган элдин көбү шайлоо алдында жандана түшкөн кайсы саясий партиянын сөзүнө ишенээрин билбей, бороон алдындагы жымжырттыкта тургандай.

XS
SM
MD
LG