Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:43

Таласта оппозицияга катуу эскертүү берилди


Прокуратура "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрүн биринчи кезекте эскертти
Прокуратура "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрүн биринчи кезекте эскертти

Таласта “Ак шумкар”, “Ата мекен” партияларынын өкүлдөрүн прокуратурага чакырып, шайлоодон кийин каршылык акцияларына чыкпоо жөнүндө эскертүү берип жатышат.

Мындай көрүнүштү Талас районунун тургуну Кундузбек Жанузаков 1937-жылкы репрессияга окшоштурду:

-Прокуратурага барып эскертүүгө кол коюп койгула деп айтышты. Окуп көрдүм. Алар мындай деп түшүндүрдү, кетмен-күрөк алып, шайлоо убагында, же шайлоо өткөндөн кийин элди үгүттөп, жамандыкка барбагыла деди. Ооба дедим. Эгерде таза шайлоо болсо эч ким кетмен-күрөк алып барбайт. Эгер шайлоо таза эмес болсо андан да бөлөгүн алып чыгышы мүмкүн эл. Элди эч ким токтото албайт. Азыркы шайлоодо президент өзү агитацияда жүрбөйбү. Анан кантип эл токтонот. Кызматын өткөрүп коюп, мыйзам менен болсо эл ага макул болот.

Талас шаардык прокуратурасынан эскертүү алган “Ак шумкар” партиясынын мүчөсү Эсен Малабеков эскертүү баардык партияларга бирдей берилсе бийликти күнөөлөп, кыйкырып чыкпайт элек дейт:

-Бийлик бир четинен страховка кылып аткандагысыбы, же эртеңки күнү буларды камасак кийинкилер коркуп калат дегениби. Андай ишке барбашыбыз керек эле да. Эмне үчүн жалаң эле оппозициядагы партияларга эскертүү берип, «Ак жол», «Коммунисттер» партияларына бирдей эскертүү бербейт.

Талас району Үч-Эмчек айылынын тургуну бир жыл мурун кайтыш болгон “Ата мекен” партиясынын өкүлү Сиязбек Курамаевдин үйүнө укук коргоо кызматкерлери барышып, анын баласы Азиз Курамаевди автоунаага салып кетишкен. Азизтин “Азаттыка” айтканына караганда ал атасынын жолун жолдогон үчүн куугунтукка кабылып жатат:

-Кызыл унаа менен келип салып кетишти. Эмне болду десем анаша айдаптырсың деди. Мен эч нерсе айдаган жокмун десем, сен үйүңдө штаб ачыптырсың, Атамбаевдин сүрөттөрүн илесиң деди. Илгенде ал менин өз тиричилигим дедим. Плакаттарды алгыла деди. Атам дагы «Ата мекен» партиясынын лидери болчу, мындан бир жыл мурун кайтыш болгон. Мен да атамдын жолун жолдоюн дедим.

Талас облустук прокуратурасынын мыйзамдуулукка көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Муктар Айдарбеков жогоруда айтылган эскертүү баардык партия жана талапкерлердин жактоочуларына мыйзамга ылайык берилип жатканын айтууда:

-Бул жерде оппозицияга гана берилип атат деп атасыз. Андай эмес, шайлоону даярдоо иштеринин жүрүшүндө мыйзамсыз чыгарылган чечимдердин баарына протесттер келтирилип атат. Эгерде кандайдыр бир мыйзам бузуу фактылары болсо, жер-жерлерде район прокурорлору мыйзам бузуунун фактыларын жоюуга өздөрү чара көрөт. Эгер кимгедир эскертүү, же талап берилген болсо, ошол талаптардын мазмунунда мыйзам бузуулар көрсөтүлгөн, ошол жерден тактап алсаңыз болот.

Мындай иш-аракеттер Талас облусу боюнча баардык район айылдарда жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү учурда прокуратура тарабынан канча адам эскертүү алганын так айтуу кыйын.

XS
SM
MD
LG