Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Таластан Элдик курултайга беш миңден ашык адам барат


Таластагы оппозициялык жыйындардан бир көрүнүш.
Таластагы оппозициялык жыйындардан бир көрүнүш.

Таласта «Ата мекен» партиясынын кеңсесинде өткөн жыйында 17-мартта Бишкекте боло турган Элдик курултайга катышуу жөнүндө маселе талкууланды.

Эл эксплуатация болуп калдык. Бир оппозициясында, бир бийлигине басылабыз. Эл дегенди эзип бүтүштү оппозициясы да, бийлиги да”.

Мына ушундай пикирлерин Талас шаарындагы «Ата мекен» партиясынын кеңсесине чогулган айрым оппозициячыл лидерлер, бийликке жана республикада баштары көрүнгөн оппозиция башчыларына нааразылык ойлорун билдирип, буктарын чыгарып жатышты.

Ар кимиңер эле өзүңөрдүн кызыкчылыгыңарды карайсыңар, анан кантип элди ээрчитесиңер”?-деп каршы пикирлер да айтылып жатты.

Бул жыйынга жаштар да катышып, сөз сүйлөшүп, «азыркы бийлик жаштарды маңкурттукка алып баратат» деген ойлорун билдиришти:

-Мектепте окуучулар билим албай эле чыгып атат. Мисалы биздин айылдын мектебинде 90 пайыз сабак өтүлбойт. Лидерлер ойгонбосо, эл кантип ойгонот? Азыр мисалы Текебаевди, Шерниязовду чакырабыз деп атат, алар ким, биз кимбиз? Биз деле алардай адамбыз. Биз аларга ишенбесек, анда өзүбүз ойгонуп чыгалы, - дейт Талас шаарынын тургуну Азиз.

Талас шаарынын тургуну пенсиядагы Каныш Бейшеналиева азыркы бийлик башчыларына ишенбегендей эле оппозиция лидерлерине да ишенбестигин “Азаттыкка” айтып, бийлик алмашаарына көзү жетпейт:

-Колдоп атабыз Текебаевди. Бирок менимче анын физикалык күчү жетпей атат.

Ошондой болсо да «Ата мекен» партиясынын Талас району боюнча лидери Талайбек Исмаилов аталган жыйын бул чоң ыңкылаптын башталышы деп таластыктар Нарын, Алайдагы бийликке каршы чыгып жаткан элдерди колдоорун билдирди:

-Нарындыктар, башка облустардын элдери көтөрүлүп чыгып атат. Биз дагы таластыктар көтөрүлүп чыгып, өз талабыбызды талашпасак, бул бийлик эллин ойлоюн деген максаты көрүнбөйт. Көчөдө элдин баары эле кантип жашайбыз деп кейип атат.

Атамекенчилердин жыйынына облус боюнча 30дан ашык оппозиция лидерлери катышып, алар жер жерлерде элдерге азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясаты тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге элдерди 17-мартта Бишкекте боло турган курултайга үндөй турган болушту. Оппозициячылардын айтымында Таластан элдик курултайга 5 миңден ашык адам барат.

XS
SM
MD
LG