Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:55

Курултай бийликке мартка чейин убакыт берди


Бирдиктүү оппозиция бүгүн Бишкекте өткөргөн Элдик курултай Кыргызстандын саясий системасынын жаңы концепциясын кабыл алды. Андагы коюлган талаптарды аткаруу үчүн бийликке келерки жылдын март айына чейин мөөнөт койду. Эгер бул талаптар аткарылбаса К. Бакиевди кызматтан кетирүү үчүн эрте жазда массалык каршылык чаралар башталат.

Курултай кабыл алган резолюцияда өлкөнү туура өнүгүү жолуна буруу максатында сунуш кылынган башкы шарттар катары таза саясий атаандаштык, бийлик бутактарынын көз карандысыздыгы, оппозициянын ишердигине конституциялык кепилдиктерди камсыз кылуу деп белгиленди.

Өлкөнүн өнүгүү стратегиясы катары Кыргызстандын саясий системасынын жаңы концепциясы бекитилди. Мамлекеттеги ири энергетикалык мекемелерин менчиктештирүүгө каршылык билдирилди.

Криминалдашкан жана авторитардык режимди колдоодон баш тартуу сунушу менен эл аралык коомчулукка жана уюмдарга кайрылуу кабыл алынды.

Президентке Элдик курултайда кабыл алынган жаңы саясий системанын концепциясын ишке ашырууга конкреттүү чараларды көрүү сунушу берилди.


Элдик курултай Бишкекте орус драма театрында өттү. Зал жык-жыйма эл отурду.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев: "Элде үмүт үзүлүп, туңгуюкка кептелди",- деди. Ал саясий лидерлерге курултайда кыргызстандыктардын кыялы эмне экенин аныктап алууну сунуш кылды.

“Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев: "Элдин байлыгы кайсы бир топтун байлыгына айланды. Мунун баарына азыркы бийлик күнөөлүү, мындай бийликтин кереги жок",-деп баса белгиледи.

"Эл мурунку бийликти бийликти сындап келсе, азыркысын каргап жатат",- деди “Улуу Биримдик” улутчул партиясынын лидери Эмил Каптагаев курултайда. Калк бийликтин айынан туңгуюкка кептелип, бирок андан чыгуунун жолдорун көрбөй жатканын айтты. Курултайдын максаты элге жол көрсөтүү экенин баса белгиледи. "Азыр мамлекет жок деп айтса болот, анткени түпкүлүктүү мамлекетте мыйзамдуулук өкүм сүрөт, бизде болсо мыйзам бийликтин өз куралына айланды", - деди Э. Каптагаев.

"Кыргызстанды талап-тоноп жаткан адамдар менен аралашып, алар менен кол алышып учурашып жатабыз, мындай адамдарга чыдап жүрсөк, өлкөбүз оңолбойт",- деди Социал-демократтар партиясынын лидерлеринин бири Бакыт Бешимов.

“Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылынын төрагасы, мурунку өкмөт башчы Амангелди Муралиев бийликти өзгөртүү үчүн чечкиндүү кадамдарды баштоого чакырды. “Өкмөт менен кошо парламентти таратуу, ошондо гана жаңы шайлоолор менен жаңы өзгөрүлөр болот”,-деп айтты.


Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев оппозициялык күчтөр уюштуруп жаткан курултайга өз баасын берди. “Бийликке биз келсек эле “кой үстүндө торгой жумурткалайт” дегидей оппозиция өкүлдөрүнүн бирөөндө да сыйкыр таяк жок. Бийлик бүгүнкү күнү иштеп жатат. Экономикалык, социалдык жагдайда бир топ иштер аткарылып жатат. Аны эл көрүп – билип эле турат. Элдин бийликке болгон ишеними чоң. Бийликтин кемчилиги менен катар жакшы жагын да көрө албагандык – оппозициянын сокур саясаты,” – деди президенттин басма сөз катчысы.

Анын пикиринде, оппозиция учурдагы жагдайлардын чыгуу үчүн алгылыктуу программалар иштеп чыгып, өлкөнүн келечеги үчүн жаңыча сунуштарды айтса, бул көнул бурууга арзымак.

XS
SM
MD
LG