Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Ошто акыркы бир айда эле үч келин жоголду


Июнь коогасынан кийинки Оштун көчөлөрүнөн бир көрүнүш.
Июнь коогасынан кийинки Оштун көчөлөрүнөн бир көрүнүш.

Ошто 12-декабрда үч күн мурда жоголуп кеткен 16 жаштагы келин табылды. Белгисиз бирөөлөр уурдап, запкы көргөн келин азыр ооруканада дарыланууда.

Оштун мэри Мелис Мырзакматов менен шаар тургундарынын 13-декабрдагы жолугушуусунда да бул маселе козголуп, мэр бул окуя боюнча күч органдары менен чогуу иш жүрүп жатканын, мындай уурдоолорду тынчып бара жаткан кырдаалды курчутуу жана эки элдин ынтымагын бузууну көздөгөн атайын күчтөр уюштуруп жатканы маалым болгонун билдирди.

Азиза Абдурасулова: Адам уурдоолордун артында эки элдин ортосуна от жаккысы келгендер турушу мүмкүн

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова да мындай уурдоолордун артында эки элдин ортосунда от жагуу максатын көздөгөн чагымчыл күчтөр турушу ыктымалдыгын билдирди.
Азиза Абдрасулова

“Азаттык”: Мына бүгүн Оштогу жоголуп кеткен жаш келиндин табылганы кабарланууда. Бул келин кандайча жоголуп кетиптир, кабар алдыңыздарбы?

Азиза Абдурасулова: 9-декабрь күнү бизге биринчи маалымат келип түшкөн. Бул келин эртең менен ордунан туруп, үйүнөн халатчан чыккан боюнча дайынсыз жоголуп кеткен. Ал 16 жаштагы жаңы турмушка чыккан келин экен.

“Азаттык”: Анын туугандары дароо эле сиздерге кайрылдыбы?

Азиза Абдурасулова: Ооба, мага телефон аркылуу чыгышкан. Анан биз аларды ошол өздөрү жашаган аймактык милицияга арыз жазгыла дегенбиз. Арыз жазгандан кийин дагы мен өзүм ошол арызды кабыл алган милиция башчысы менен байланышып, кандай иштерди жасоо боюнча сүйлөштүк. Анткени июнь коогалаңынан кийин Оштун жашоочулары бир топ милициядан дагы коркуп, чакырганда барып көрсөтмө берүүдөн да кооптонуп калган да. Укук коргоо органдарына кайрылгандан кийин Ош облустук, шаардык ички иштер бөлүмдөрү кийлигишип, кылмышкерлерди издөө бөлүмү издеп башташкан. Анан мына бүгүнкү эртең мененки маалымат боюнча, ал келин ооруканада жатат. Таяк жеген. Абалын врачтар карап, дарылап жатышат.

“Азаттык”: Абалы кандай экен?

Азиза Абдурасулова: Мен өзүм байланышкан жокмун. Бирок биздин ал жактагы кызматкерлерге анын денесиндеги жаракаттарды байкап, белгилегиле деп айттым, ал келинге адвокаттардан жардам бердик. Азыр алгачкы иликтөө иштери жүрүп жаткандыр. Биздин койгон өтүнүч талаптарыбыз – бул бардык тергөө амалдары, суроо-тактоо иштери адвокаттын катышуусу менен болуш керек . Себеби буга чейин да Ошто жоголуу фактылары болгон. Акыркы бир айдын ичинде эле ушу менен үч келиндин жоголуу фактысы ачыкка чыгып жатат да.

“Азаттык”: Анда мурда жоголгон келиндер табылганбы?

Азиза Абдурасулова: Алар табылган. Алгачкы жолу алар дагы кордук көргөнүн, аларга карата күч колдонулгандыгын айтышкан. Бирок баягы күч органдары аларды сурап баштаганда, өз көрсөтмөлөрүнөн баш тартып же башкача көрсөтмө бере башташкан.

“Азаттык”: Эмне себеп болду алардын мындай аракетине?

Азиза Абдурасулова: Баягы турмушка чыккан келиндер мындай нерсени ачыкка чыгарып, шардана кылганга да бара алышпайт экен да. Булар кайын журтум бар, төркүнүм бар деген маселелерде өтө аяр болуп калат экен. Ошондуктан бул жолу денесинде ушундай бир жабыркаган тактары менен табылган келинге адвокаттык жардамды күчөтүү керек деп ойлоп жатабыз.

“Азаттык”: Денесинде тактары бар экен деп жатасыз. Аларга кимдер мындай зомбулук көрсөтүшү мүмкүн?

Азиза Абдурасулова: Ошону алып кеткен адамдар деп айтылып жатат. Алгачкы айтканы боюнча үч киши экен. Эми алардын кимдер, кандай экени, кайсы улуттун өкүлдөрү экени тууралуу азырынча ачыкка чыгарбай туралы. Иликтөө иштерине жолтоо болбойлу. Азырынча өңү, түсү, сырткы белгилерине карата кандай адамдар экени айтылууда, бирок бул аныкталган дегенге жатпайт.

“Азаттык”: Бул адамдар уурдаган келиндерди эмнеге кайра коё берип коюп жатышат, алар муну менен өздөрү туурасында бир маалыматтар билинип калат деп кооптонбойбу?

Азиза Абдурасулова: Менин коркконум эле, бул көрүнүш системалуу болуп баратат. Белгилеринин бардыгы окшош. Кыздарды эмес, турмушка жаңы чыккан жаш келиндерди уурдап жатышат. Экинчиден, бир нече убакыттан кийин аларга кайра туугандарына келгенге мүмкүнчүлүк берип, коё берип коюп жатышат. Өзүмдүн кооптонгонум – бул аябай жаман бир провакация болушу мүмкүн. Атайын ушундай аракеттер аркылуу ошол улуттар аралык нааразычылыктарды күчөткүсү келген адамдар жасап жаткан болушу мүмкүн. Ушуга абдан терең жана кылдат текшерүү керек деп азыр биз күч органдарына кат жолдоп жатабыз. Бул күчөй берсе, кандай адамдар болсо да жаны ачып, кайра нааразычылык күчөп кетиши ыктымал.

“Азаттык”: Бул келиндер токмоктолгону айтылып жатат, алар зордукталган эмеспи?

Азиза Абдурасулова: Ал боюнча тергөө тактасын демекчибиз. Бул өтө кылдат маселе. Мындай маалыматты такталмайын бере албайбыз.

“Азаттык”: Бул жолку жоголгон келин кандай жагдайда табылды?

Азиза Абдурасулова: Көчөгө таштап кетишиптир. Ош шаарынан алынып кетип, башка райондун аймагына таштап кетишкен. Ошол жакка ооруканага жаткырылды. Азыр анын жанында туугандары, адвокаттар, укук коргоочулар болуп жатат. 16-18 жаштагы келиндер болуп жатат.

“Азаттык”: Кайсы учурда табылды, кечиндеби же күндүз эле көчөгө таштап койгонбу, ошол жерден бир шектүү кишилерди көргөндөр болбоптурбу?

Азиза Абдурасулова: Ал боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат болуш керек. Биз болсо эң негизгиси келинди адвокат менен камсыздоо, коопсуздугун камсыздоо жана ал келинди адвокаттын жогунда суракка алууга мүмкүнчүлүк бербөө жагын карап жатабыз. Адвокаттын катышуусу менен, ал гана эмес жашы жете элек болгондуктан ата- энесинин катышуусу менен суракка алынуу өңдүү укуктук жактарын камсыз кылууга аракет кылуудабыз.

“Азаттык”: Бул окуя туурасында келиндин туугандары, жакындары эмне деп жатышат?

Азиза Абдурасулова: Туугандары бийлик, укук коргоо органдары тарабынан бул окуяга кылдат мамиле кылынып, бул иш изилденет деп үмүт артып турушат.

“Азаттык”: Сиз бул окуяны провакациялык күчтөрдүн аракети болушу мүмкүн деп жатасыз. Бирок бул ошол эле учурда ушундай бир иштер менен шугулданган кылмыштуу топтор да болуп калышы ыктымал да?

Азиза Абдурасулова: Жок, мен муну кылмыштуу топ дегенден алысмын. Кылмыштуу топтун кызыкчылыгы бир аз башкача болот. Алар бир финансылык максатты көздөйт же бир заказной жагында болот. Бул жерде уурдап кетүүлөр бир эле улуттун өкүлдөрүнө карата болуп жатат. Үч фактынын баары бир эле улуттун өкүлдөрүнө карата болуп жатат. Ошондуктан мен муну көбүрөөк провакация - эки улуттун ортосунда от жагуу аракети катары баалап жатам.

“Азаттык”: Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG