Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Өнүгүү бюджетинин өлчөөсү


18-декабрда парламент 2010-жылдын бюджетин биринчи окууда кабыл алды. Депутаттар келерки жыл бюджетинин киреше бөлүгүн кыска талкуудан өткөрүп көпчүлүк добуш менен колдоп беришти.

Буга чейин такай айтылып келаткан Кыргызстан бюджетинин социалдык багытты көздөрү, колу жука калкка өкмөт тарабынан эмдиги жылы 4 миллиард ашуун сом колдоо көрсөтүлөрү парламент жыйынында баса белгиленди.

Социал-демократиялык фракциянын мүчөсү, депутат Галина Скрипкина бюджеттик акчалар “май кармаган бармагын жалайт” болуп жең ичинен кымтылып кетери жыл сайын Эсеп палатасы тарабынан айгинеленип, бирок андан жыйынтык чыкпай келатканын маалымдады.

- Коргоо, коомдук тартип, коопсуздук бөлүмүндө каражаттын бөлүнүшү жыл сайын салыштырмалуу көбөйүп келатат. Ошол эле мезгилде саламаттык сактоо менен билим берүү тармагына бөлүнчү акчалар антип жыл сайын көбөйө элек. Бюджеттин социалдык багытты көздөрү ушундай.

Каржы министри Марат Султановдун маалымдашынча, 2010-жылы ички дүң продукт 5,5% арбып, 240 миллиард ашуун сомду түзмөкчү. Ал эми республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 51 миллиард 600 миллион сомго жетери болжолдонууда. Чыгаша болсо 65 милииарддан көп. Ортодогу айырма - 13 миллиарддан көп акча бюджет таңкыстыгы, жетишсиздиги.

Аны өкмөт “Кумтөр” алтын кенинен, “Манас” транзиттик борборунан, кыймылсыз мүлк салыгынан түшчү кирешелер, ошондой эле эларалык уюмдардан алынчу карыздардын эсебинен жабууну көздөөдө.

Жаңы бюджеттин жалпы мактоого тундурулган дагы бир өзгөчөлүгү - өнүгүү коруна деп 20 миллиарддан ашуун сомдун бөлүнүп жатышы. Өкмөт башчы Д.Үсөновдун маалымдашынча, өнүгүү бюджетине эмдиги жылга баш-аягы 30 миллиарддай акча сарпталганы турат. Салык төлөөчүлөрдүн акчасынан чогулган бюджеттик каражаттар өнүгүү корунун эсебине түшүп, андан кайсы бир коммерциялык банктар аркылуу өнүгүүнүн борбордук агенттиги жактырган ишкердик долбоорлорду каржылоого жумшалмакчы.

Келерки жыл бюджети парламенттеги “Акжол” фракциясынын мүчөсү, бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиевдин мактоосуна арзыды.

- Мен айтат элем, өткөндө да айткам, дагы бир жолу кайталап коеюн. Ар бир эле президент экинчи мөөнөтүндө ушундай кеңири структуралык өзгөртүүлөргө барбайт. Муну тарых далилдеп алса керек. Ошонун кесепетинен чыккан бүгүнкү күндө ушул. Биздин эмки жылкы бюджетибиз өнүгүү бюджети болот.

Кыргызстандын каржы министри Марат Султанов өнүгүү бюджетинин өзгөчөлүгү катары анын өз алдынча түзүлгөндүгүн белгилеп, каражаттын кыйласы ага жумшала тургандыгын ырастады.

- Өнүгүү бюджети биздин кошулган бюджеттин дээрлик үчтөн бир бөлүгүн түзүп калат. Мындай көрүнүш көптөн бери Кыргызстанда болгон эмес. Ошондуктан бул 2010-жылдын бюджетинин өзгөчөлүгү. Өнүгүү бюджетинин өзгөчө ролу.

Парламенттик талкууда айрым депутаттар эмдиги жыл бюджетин узакка талкуулап отуруштун кажаты жоктугун эскертип, суроо менен жарыш сөздөрдү токтотууну сурашты. Антип маанилүү каржылык мыйзамды апыл-тапыл кабыл алуунун зарылдыгы жоктугун парламенттеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Иса Өмүркулов белгиледи.

- Суроо бергенди токтотолу, жарыш сөздү токтотолу, деген депутаттар микрофонго чыгып каттоодон өтүп койсунчу. Стенограммага түшсүн. Анан кайсы депутат ушундай сунуштарды киргизип жатканын эл көрсүн. Ушул мамлекеттик бюджетти бүгүн талкуулап жаткан кезде финансисттер ушинтип токтот деп сунуш берсе, анда карап турган эл эмне деген суроолорду депутаттарга берет?

Эмдиги жыл бюджети кийинки аптага белгиленип жаткан парламенттик угууда талкууланган соң экинчи окууга жөнөтүлмөкчү. Маанилүү экономикалык мыйзамдын биринчи окуусу кандай ыкчам өтсө кийинкиси деле ошондой эле ырааттагы талкууга туш келиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG