Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

Ошто саясий лидерди сабап кетишти


Керим Макеев шаардык прокуратурага арыз жазып чыккандан кийин.
Керим Макеев шаардык прокуратурага арыз жазып чыккандан кийин.

Ошто «Жаңы Кыргызстан» партиясынын облустук уюмунун төрагасы Керим Макеевди өздөрүн милиция кызматкерлери деп тааныштырган адамдар кармап кетип, алты саат бою кетирбей кармап, уруп-сабашкан.

"Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош облустук төрагасы Керим Макеевдин айтымында, 23-ноябрда саат 13.00 чамасында Ош шаарындагы Араван кичи районунда аны өздөрүн милиция кызматкерлерибиз деп тааныштырышкан бейтааныш бирөөлөр машинага күчтөп салып кетишкен:

- Саат бирлер чамасында мен Араван кичи районунда кетип аткан жеримен ОПЕР машинасы келип, арткы эшигин ачып, мени салып кетти эки адам. Өзүн Камбаров, милиция кызматкеримин деп тааныштырды. Сен камалдың, сен Бакиевдин жүргүзүп аткан ишине каршы билдирүүлөрдү жасап атасың деген шылтоо менен мени кечке маал Учак айылы тарапка алып барып, ошол жака таштап кетишти.


Ээнбаш жигиттер Керим Макеевди эч ким менен сүйлөштүрбөй, алты саат бою кармап, уруп-сабашкан:

- Бирөөлөр телефон чалды, “Азаттык” радиосу сиздер чалганда дагы мени сүйлөштүрбөй, колдорума койгулап, жөн гана шаарда жүрөм деген сөздөрдү айттырып атты. Көгөртүп бетимди жарган жок. Бирок операция болгон буттарым кичине шишип турат, бөйрөгүм ооруп турат.

Керим Макеев уруп - согуудан денесине олуттуу жараат алгандыгы жөнүндө 24-ноябрда Ош шаардык прокуратурасына арыз жолдоду.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Жаңы Кыргызстан» партиясынын аймактык башчысынын ырастоолорун четке кагып, келтирилген факты боюнча кеңири иликтөө жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдады:


- Керим Макеевге карата Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын эч кандай дооматы жок. Бирок Ош шаарынын Араван кичи районунун аймагында белгисиз бирөөлөр тарабынан аны ур-токмокко алгандыгын, бирөөсү милиция кызматкери, фамилиясы Камбаров экендигин айткан. Биз бул факты боюнча Камбаров аттуу кызматкер менен жүзмө-жүз көздөштүргөнүбүздө, Камбаров аны урбаганын айтты. Ал эми аны кимдер уруп кеткендигин аныктоо, тактоо биздин мойнубузда. Бул боюнча биздин Ош шаардык ички иштер башкармалынынын милиция кызматкерлери иштеп жатат.


Айтылуу «Ата Мекен» партиясынын Оштогу лидери Бакыт Калмаматов да мындан эки-үч күн мурда улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү тарабынан сегиз саат жөнсүз кармалып, күч колдонууга тушуккан:


- Түштүк жергесинде күч структурасынын иштөө тартиби ушундай жолго түшүп калды. Тагыраак айтканда, мени, “Ата мекен” партиясынын жаштар канатынын төрагасы Жоомарт Сапарбаевди дагы Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери түнкү саат ондон таңкы саат алтыга чейин кармашкан. Опузоолор болуп, күч колдонуу аракети жасалган. Камап, же алардын оозун тыйып коюу менен бүгүн Кыргызстандагы проблемалар чечилип кетпейт. Ошол элди кайра оппозицияны, революцияны, кайсы бир радикалдык күчтөрдү дагы колдоп кеткенге шарт түзүп, ошого мажбурлашып атат.


Мурда маалымдаганыбыздай, түштүктө Коомдук кыймыл деп аталган бейөкмөт уюмдун лидери Абдыкайым Кангелдиев эки ирет токмоктолуп, кеңсеси мажбурланып жабылган. Кангелдиев жогорудагыдай жосунсуз жоруктар Кыргызстанда кадимки адатка айлангандыгын дале жар салып келүүдө.


Жергиликтүү серепчилер кабатырлангандай, биз баяндаган окуялар биринчиси эмес. Быйыл 10-сентябрда Кара-Кулжа районунун борборунда «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук лидери Бакыт Калмаматов, «Жаңы Кыргызстан партиясынын аймактык координатору Мамасалы Козубаев улуттук коопсуздук жана милиция кызматкерлери тарабынан элдик ыңкылап кыймылынын «Президент Бакиевди токтоосуз түрдө конституциялык жол менен бийликтен кетирүү зарыл!» маанисиндеги баракчаларын тараткан» деп кармалып, беш саат сурак беришкен.

Оштогу дагы бир укук коргоо кыймылынын төрагасы Төлөн Дыйканбаев ушул жылдын 7-ноябрында шаардык ички иштер башкармалыгына жумуштап барганда, аны милиция кийимчен үч киши коркутуп-үркүтүп, уруп-соккон.

Жергиликтүү саясат таануучу Абдырайым Мамытовдун пикиринче, “башкача ойлогон адамдарды куугунтуктоо аракетинин күчөшү өлкөдө демократиянын өнүгүшүнө балта чабаары шексиз.”

XS
SM
MD
LG