Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Н.Шакиев: Президент Д.Үсөновду экономиканы чаккан менеджер катары тандады


Президенттин басма сөз катчысы Н.Шакиев “Азаттыктын” түз ободогу маегинде президент Д.Үсөновду экономиканын тилин билген таасын башкаруучу катары президенттик администрация башчысына дайындагандыгын билдирди.

- Нурлан мырза, кечээ президенттин жардыгы менен президенттик администрация башчылыгына Данияр Үсөнов дайындалды. Бул орун Кыргызстандагы саясатка чоң таасир бере турган жогорку кызмат эмеспи. Бул жагдайдан алганда жаңы жетекчи президенттин иш багытына кандай өзгөрүү алып келиши мүмкүн?

- Негедир акыркы убактарда президенттик администрация жетекчисинин кызмат ордун аябай саясатташтырып жибердик. Чындап караганда президенттик администрация жетекчиси ким болбосун ал саясатта өзүнүн ордун коомчулукка таңуулай албайт. Себеп дегенде ал президенттин гана саясатын жүргүзөт. Президент экономикалык тармакта болобу, саясий тармакта болобу кандай реформаларды баштаса аларды ишке ашырууга кол кабыш кылуучу, же аткаруучу бирден-бир функционалдык кызмат. Ошон үчүн президенттик администрация жетекчисинен улам саясат өзгөрөт дегенге мен такыр кошулбайм. Албетте, саясий чоң фигура катары караса болот. Бирок президент гана саясатын жана багытын өзгөртүшү мүмкүн. Админстрация жетекчиси ага анчалык чоң таасир бере албайт.

- ДаниярҮсөновду президент кандай ишкердиги, мүнөзү үчүн ушул орунга дайындады деген ойдосуз? Себеби анын саясий бейнеси коомдо көп кырдуу адам катары сыпатталып жүрбөйбү...

- Биринчиден, Курманбек Салиев мындай чечимге дүйнө күн сайын өзгөрүп, анын ичинде Кыргызстан да дүйнөлүк агымга жараша ык алышы керек деген негизде барды окшойт. Анткени, президенттин мындан кийинки саясаты экономикалык багытка көбүрөөк ыктайт. Ошон үчүн администрациянын буга чейинки жетекчиси Медет Садыркулов кызматтан кеткенден кийин экономиканы жакшы түшүнгөн, жакшы билген, экономикада өзүн оң жагынан көрсөткөн адам зарыл болчу. Ошол себептен улам президент Данияр Үсөновду заман талабына төп келген менеджер катары тандап алды окшойт.

- ДаниярҮсөнов буга чейинки Медет Садыркулов баштаган топ менен каршы топтун адамы, демек Адахан Мадумаровдун тобу сарай оюнунда жеңишке жетти деп саясат талдоочулар баа бере башташты. Бул боюнча сиздин пикир кандай?

- Президенттин командасы жакшы түптөлүп калган. Адахан Мадумаров да президенттин командасына кирет. Андыктан Данияр Үсөнов келип мурдагы Садыркулов иштеген топ менен иштей албайт, же араздашуулар болушу мүмкүн дегенге кошула албайм. Себеп дегенде президент өзүнүн багыты менен ДаниярҮсөновду тааныштырып, буга чейин топтолгон команда менен иш алып баруусу зарыл экендигин билдирип, милдетин алдыга койду.

Данияр Үсөнов да азырынча ушул команда менен гана иштеп, ишти алдыга жылдыра тургандыгын айтып жатат. Ошондуктан, президенттин командасында жогорку деңгээлдеги эч кандай чабышуулар, пикир келишпестиктер болбойт деген ойдомун. Албетте, президенттик администрациянын жаңы жетекчисинин өз көз караштары, иштөө принциптери болот. Ошого жараша иш алып барат.

- Ал эми президент алдындагы катчылык качан толук ишке киришет? Катчылык менен администрация башчысынын укук милдеттери аныкталдыбы?

- Президенттин алдындагы катчылык түзүлүп, азыр анын аткара турган иштеринин жобосу даярдалып жатат. Ошол жобо кабыл алынгандан кийин катчылык ошонун негизинде иштейт. Катчылык негизинен идеологиялык багытта, массалык маалымат каражаттары менен иштеп, протоколдук иштерди жүргүзөт. Бирок катчылык менен администрация тыгыз байланышта болуп, тыгыз иштеши зарыл.

XS
SM
MD
LG