Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Кадрлар көчү: жаңы жүздөр аз


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Мурунку жумада кызматынан бошотулган кызматкерлердин көбү дүйшөмбүдө жаңы орундарга отурушту. Чоң кызматка жаңы келгендердин арасынан биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган ишкер Өмүрбек Бабанов гана коомчулуктун бүйүрүн кызытканы болбосо, көпчүлүк эл орун которуудан натыйжа чыкпайт деген ойдо калышты.

Кызматка жаңы дайындалгандардын арасында мурдагы депутат, Социал-демократтар партиясынын мүчөсү катары 2006-жылы оппозициянын өзөгү болуп турган Өмүрбек Бабановдон башка коомчулукка аты анча тааныш эместердин саны бир-экөө эле. Алар Сокулук районуна аким болгон Болот Мамышев, Бишкектин Ленин районунун акимдигине келген Айбек Осмоналиев, Билим берүү жана илим министринин орун басары болгон Борис Кубаев жана президенттик администрациянын социалдык саясат бөлүм башчылыгына келген Лада Орозбаева.

Калгандарынын баары өткөн жумада ишинен бошогондор же мурда бийлик бутагынын биринде жүргөндөр. Ушундан улам коомдо кадрдык орун алмаштыруу президенттин мындан аркы саясатын өзгөртпөстүгүн далилдеди деген пикир басымдуу. Ал тууралуу "Элдик революциялык кыймылдын" лидери Азимбек Бекназаров мындай дейт:

-Мындай орун алмаштыруулардын башкы максаты- иштебегендерди бошотуп, кадрларды алмаштырып жатат деген коомчулукта пикир түзүү.Экинчиси-кадр бизнеси. Бийликке кайра келип, Медет Садыркулов кеткенден кийин реванш алган экинчи тарап каржы топтоп, чөнтөгүн толтуруп алалы деп бизнес кылып жатышат. Ошон үчүн өкмөт башчы Игорь Чудиновдон баштап айыл өкмөтүнө чейин 100 пайыз алмаштырса деле эч нерсе өзгөрбөйт. Анткени чечимди бир үй-бүлөлүк бюро кабыл алат.

Ал эми “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев акыркы орун которуштуруу Кыргызстандын саясий системасы өзгөрмөйүн эч нерсе жаңырбасын далилдеди деген ойдо:

-Азыр бийликте бир гана адам отуруп, Конституция бир гана адам үчүн иштеп жатат. Бир гана киши кадр маселесин да, ички, тышкы саясатты да өзү жалгыз жүргүзөт. Ошон үчүн системаны өзгөртмөйүн түк эч нерсе чыкпайт.

Ал эми Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын депутаты Ибрагим Жунусов президенттин жаңы багытты көздөй жол салгандыгын акыркы чечими көрсөттү деген пикирде:

-Муну президентибиз Курманбек Салиевичтин алдыга шилтеген дагы бир кадамы деп баалайм. Себеби административдик реформаны баштады. Административдик реформа башталгандан кийин жаңы адамдар, жаңы күч келиш керек. Социал-демократ Өмүрбек Бабановдун вице-премьер-министрликке келиши президенттин айкөлдүгүн көрсөтүп турат. Бул оппозициянын бир топ дымагы менен демин баса турган чечим.

Анткен менен кызматка жаңы дайындалгандардын арасынан биринчи вице-премьер - министрликке келген Өмүрбек Бабановдун бейнеси көпчүлүктүн көңүлүнө түшүп, коомдо дароо карама-каршы пикир жаратты. Анын буга чейинки ишкерлигин жакшы билген адамдар байлыгын сактоо жана ишкерлигин ийгиликтүү жүргүзүү үчүн бийликтен өзүнө дайыма калканч издеп жүргөн адам катары баалашып, вице-премьерликке дайындалуусуна ага чейин бийликке барган ишкер адамдардын таасири тийди деп жатышат.

Ал эми Социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмаз Атамбаев Өмүрбек Бабанов бул чечимге мамлекеттик башкаруу системасында тажрыйба топтоо зарылдыгы түрткү бериши мүмкүн экендигин, бирок партиялаштары жана анын жетекчилиги менен кеңешпей туруп чечкендигин билдирди:

-Иштей турган жигит. Иштеп кетет. Бул анын жеке чечими. Партия жана биз менен кеңешкен эмес. Бабанов курч, жаш жигит. Эгерде ага кандайдыр бир рычагдарды берсе ал кандай жумуш болсо да алып кетет. Бирок менимче Бабановду бул кызматка дайындоо менен бийлик өз кадыр-баркын оңдоону көздөөдө, биз жаштарды алып келдик дегендей... А чындыгында чечим кабыл ала турган, чече тургандар мурдагылар эле да. Ошондуктан мындан эч нерсе өзгөрбөйт. Бабанов көп нерсени билбей барып алды го деп турам. Кыйналып калат го эми...

Ал эми өлкөдөгү абройлуу бир топ саясатчылар кадрдык орун которуштуруу кыргыз бийлиги кадр кризисине туш болду жана ага кадр сасатынын ыраатсыздыгы негиз берди деген божомолду аныктады деген бүтүмгө келип жатышат. Мурдагы мамлекеттик катчы Ишенбай Абдуразаковдун баамында, тез-тез орун которуу Кыргызстандын мамлекеттик өнүгүү багыты айкын эместигин жана ошого жараша жүк көтөрөөр кадрды тандоо деңгээли жок экендигин көрсөттү. Буга чет өлкөдөн жалданып келген саясий технологдор терс таасир берип жаткандыгын баса белгилеген Ишенбай Абдуразаков бийликке бай адамдардын топтоло башташы өтө кооптуу көрүнүш дейт:

-Бийликте олигархиянын ролу күчөп баратат. Буга сак болуш керек. Олигархтар көпчүлүк убакта өздөрү үчүн гана иштейт. Алардын арасында тилектештик күчтүү болот да 4-5 кишинин ортосунда макулдашуу түзүлүп, мамлекеттик кызыкчылык эмес жеке кызыкчылыкка көбүрөөк азгырылып кетишет. Мындай окуялар тарыхта көп болгон. Ушул жагына жол бербей тургандай кылып көзөмөлдөп туруу керек.

XS
SM
MD
LG