“Азаттык” -Нур уулу Досбол мырза, сиз баштаган бийлик өкүлдөрү 5-февралда өлкөдөгү абройлуу аксакалдар жана коомдук ишмерлер менен жолугушкандан кийин бийлик менен оппозиция диалогко барат деген үмүт пайда болгон эле. Бирок ал ишке ашкан жери жок. Буга эмне себеп болууда?
Нур уулу Досбол:-Аксакалдардын 23 адамдын колу коюлган кат менен келгени туура. Ага биз реакция жасап, мен жолугушуу өткөрдүм. Ошол жолугушууда ал аксакалдардын көпчүлүгү түшүнүп-түшүнбөй туруп эле кол койдук, бирок баары бир бизди чогултат го деген ойдо келдик дешти. Ошондо мен аларга кара кылды как жарган тең аксакал болгула, бир жактуу аксакал болбогула, бийликтин же оппозициянын камчысын чаппагыла, тең тургула, антпесеңер аксакал болбой каласыңар деп айттым. Анан ырас келипсиңер, жазыпсыңар, эмне проблема болсо ошол балдар же оппозициянын өкүлдөрү менен сүйлөшүп, макулдашып мобу күнү, мобул маселе боюнча, мобул жерде жолугабыз деп аларды алып келгиле деп сүйлөштүк. Ошентип биз өз милдетибизди аткардык, бирок аксакалдардан али күнгө кабар жок.
“Азаттык”:- Саясий куугунтукка каршы күрөшүү комитетинин юристи Мукар Чолпонбаев бийлик тараптан макулдук болбой жатат, себеби биздин ортобузда сүйлөшүү жүргүзүп жаткан Ишенбай Абдуразаков бийлик унчукпай жатат деп айтты деп бизге билдирди. Буга негиз барбы?
Нур уулу Досбол:-Эч кандай негиз жок. Алар бизге бир кагазын жөнөтүптүр, башка эч сөз жок. Ал жерде эмне маселе талкууланары, чогулаардан мурун өзүлөрү кандай ойду айтаары жөнүндө билдирсин. Андан кийин көрөлү. Себеби биз оппозиционерлер бизге келсин деп тапшырма берген эмеспиз. Биз аксакалдарга эми тиги кишилерге да баргыла, элчилик кылабыз десеңер, аягына чейин адилеттик кылгыла деп айтып, тапшырма бергенбиз. Аксакалдар бул маселеге аягына чейин реакция жасай турган болсо биз угуп көрүүгө даярбыз. Президент дагы чечилчү маселе болсо жана конструктивдүү ой болсо эч качан кайра тартпагыла деп кайрылып жатат.
“Азаттык”:-Өзүңүз жакшы билесиз да, баягы 2005-жылдагы кырдаалды. Ошондой бийлик менен оппозиция бири-биринин тилин укпаган кырдаал түзүлүп калса азыр коомго коркунуч болбойбу?
Нур уулу Досбол:- Эми ал тарыхка тийбей эле коелучу...
“Азаттык”:- Сиз Мамлекеттик катчы катары азыркы кырдаалга кандай баа берип турасыз?
Нур уулу Досбол: -Кырдаалды реалдуу караганга, эки жагын тең таразага салганга аракет кылам. Бирок реалист болуш керек, баардыгын бир түстө көрбөш керек. Бул дүйнө ар түрдүү, кооз түстө экендигин көрүп турабыз да. Жасалган нерсенин бардыгын эле негативдүү түстө көрүү туура эмес. Мамлекеттик иште же башка тармакта маселе барбы? Аны далилдеп туруп, маселе көтөрүшсүн, биз сүйлөшүүгө даярбыз. Анан сүйлөшпөй туруп эле дубалдын артында туруп алып кыйкыра берген туура эмес да, андай болбойт да! Бири-бирибизди уга билишибиз керек, биз мына ошондой диалогко даярбыз.
“Азаттык”:- Ал эми саясий куугунтук болуп жатат деген пикирге кандай баа берип жатасыз?
Нур уулу Досбол: -Аны аксакалдар өз кулактары менен угушту. Башкы прокурорду алып келип, жолугушууда бир отурдук. Ушундай эле беренелер боюнча кылмыш иши ачылган кызматтагы адамдардын саны миңдеп саналат экен. Баягы бир кыз экинчи кыздын бетин тытат деген бир макалды айтпасам ыңгайы болбой турат. Кызматтагы адамдар унчукпай эле тергөөгө баш ийип, тергөөчүлөр менен бирге иштешип жатпайбы? Мыйзам чегинде кылмышы жок болсо, албетте сот актайт. Ким ага каршы? Кылмышы болсо ошого жараша сот чечет. Ага чейин эле бул саясий куугунтук, тигинтип салды, минтип салды деп айкырык салып жатпайбызбы! Кайдагы саясий куугунтук? Кимисинин артынан? Бул туура эмес.
“Азаттык”: - Демек ал кылмыш иштерин ачканга негиз бар деген ишенимдесиз?
Нур уулу Досбол: -Бийлик тарабынан прокуратурага эч кандай көрсөтмө берилген эмес. Мен буга өзүм кепилдик берип айтам.
“Азаттык”: -Маегиңиз үчүн рахмат!