Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Өкмөт отчетуна “Ак жол” ыраазы, СДП нааразы


Премьер-министр Игорь Чудинов Жогорку Кеңеште өкмөттүн өткөн жылдагы ишмердиги боюнча отчет берди. Депутаттар өкмөт башчыга экологияны сактоодон баштап, көчөнү оңдогонго чейинки маселелер боюнча суроо берип, Кыргызстандын келечегине саресеп салышкандан кийин өкмөттүн ишин канааттандырарлык деп баалады. Бирок өкмөттүн маанай көтөргөн отчету парламентарийлердин айрымдарын ыраазы кылган жок.

Премьер-министр Игорь Чудиновдун отчетуна караганда, өткөн жылы дүйнөлүк каржы кризисинен улам көптөгөн мамлекеттер тарткан экономикалык азап Кыргызстанды кыйгап өтүп, жыл башында белгиленген милдеттерди аткарууга көп тоскоолдук жасаган жок:

-Биз өткөн жылы алдыга койгон түпкүлүктүү милдет -макроэкономикалык өнүгүү тармагын сактоо жана жалпы экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу милдетин аткара алдык. Биз өткөн жылдын ортосунда инфляциянын коркунуч алып келген ыргагын кармап кала алдык. Инфляциянын деңгээлин мурда белгиленгендей 30 пайызга жеткирбей 20 пайыз менен кармап кала алдык. Албетте баанын өсүшү дүйнөлүк азык-түлүктүн баасынын өсүшү менен шартталды.

Өкмөт башчы өткөн жылы ички дүң продукциянын өсүшү 7,6 процентти түзүп, бюджетке 51 миллиард 500 миллион сом түштү жана ал 2007-жылга салыштырмалуу 12 жарым миллиард сомго көп болду деп билдирди.

Бир караганда экономика жакшы өнүгүп, өкмөт дүйнөлүк каржы кризисин да тоготпой иштеп жаткандай түр калтырган менен депутаттар берген суроолор калкты бейпайга салган көйгөйлөр көп экендигин ачыктады. Анткени суроолор өкмөттүн экономикалык стратегиялык багыты, каражатты үнөмдөө жана бюджетти сарамжалдуу түзүү ишмердиги дагы көп аракетти талап кылаарын белгилүү кылды.

Игорь Чудиновдун айтымында, өкмөттүн өткөн жылдагы башкы кемчилиги айыл чарбасына салынган каражатты толук кайтара албай, көмүскө экономиканы ачыкка чыгара албай жана Салык кодексин жакшы иштете албай калганы болду. Себеби айыл чарбасына өкмөт 1 миллиард 300 миллион сом салып, бир проценттен ашпаган өсүшкө ээ болгон. Салык жана башка төлөмдөр боюнча текшерүүлөрдүн санын 70 пайызга кыскарткан менен мыйзамсыз иш жүргүзгөн тараптардын бетин ача алган эмес. Ушундан улам көмүскө экономикага каршы күрөш начар жүргүзүлдү деген бүтүмгө келген.

Социал-демократ депутат Ирина Карамушкина мактана турган натыйжа жок, өкмөт мүчөлөрү мамлекеттик байлыкты сарамжалдуу пайдалануунун ордуна стратегиялык маанилүү жайларды сатууга аракеттенүү менен гана алек десе, депутат Кадыров айыл чарбасы басымдуу Кыргызстанды гүлдөтүүгө өкмөт мүчөлөрү аракет кылган жери жок деп сынга алды. Ал эми “Ак жол” фракциясынын депутаты Алишер Сабиров Кыргызстандын Конституциясында укуктук, социалдык мамлекет деп жазылган жобого ылайык ар бир жаран социалдык жактан камсыз болуп, жакшы жашоосуна негиз берчү чаралар көрүлгөн жок деп, өкмөттү жарандык коом менен кызматташууга чакырды.

Мындай сын пикирлерге карабастан парламент жашыруун добуш берип, өкмөттүн ишин канааттандырарлык деп баалады.

Социал-демократ депутат Асылбек Жээнбеков “Азаттыкка” өкмөт мындай баага татыктуу эмес болчу деп, ага негиз берген башкы кемчиликтерди атады:

-Негизги кемчиликтердин бири реформалардын жүргүзүлбөгөндүгү. Өкмөттун структурасы өзгөртүлүшү жана ар бир минисирликти кесипкөй министрлер башкарыш керек. Ошол тармакта бүгүнкү талапка жараша реформалар жүрүш керек. Ачыгын айтсак, азыр деле бир бутубуз менен социализмде, бир бутубуз менен капитализмде отурабыз. Ошондуктан ар бир тармакка бюджеттен бөлүнгөн каражаттар мамлекетибиздин экономикасына натыйжа алып келе тургандай болуп иштеген жери жок. Башкы кемчилик реформанын жүрбөгөндүгү жана аны жүргүзүү үчүн өкмөттүн программасынын жоктугу.

Асылбек Жээнбековдун баамында, өкмөт кетирип жаткан кемчиликти көпчүлүктү түзгөн “Ак жол” фракциясынын депутаттары деле жакшы көрүп, сезип турушат, бирок өкмөттү өзүлөрү түзгөндүгү үчүн гана ишин канааттандырарлык деп баалап койду.

Ал эми “Ак жол” фракциясынын депутаты Динара Молдошева өкмөт азыр бир команда болуп иштеп, Кыргызстанды экономикалык жактан өнүктүрүүгө далалаттанып жатканы көрүнүп турат, ошон үчүн жөн жерден бут тосуунун кереги жок деп билдирди:

-Чынын айтканда, дүйнөлүк каржы кризисине, өзүбүздөгү энергетикалык кризиске карабастан бардык тармактардагы жыйынтыктар боюнча 2008-жылды жакшы аяктадык. Анткени, мен-мендеген чоң мамлекеттердеги, маселен Орусия, Казакстандагы көптөгөн финансы институттары жабылып калып жатат. Биздеги банктардын, финансы институттарынын иштеши мурдагы калыбында турат. Бул жагдайдан алганда өкмөттүн иши канааттандырарлык. Өкмөттө иштеп жаткан адамдар да бир команданы түзүп турганы жана анда жалаң мыкты кесипкөй адамдар экендиги көрүнүп турат. Эгер өкмөт ушул команда менен жакшы бир реформаларды баштаса мыкты натыйжага жетишет деген ойдомун.

Талкуудан кийин Премьер-министр Игорь Чудинов өкмөттүн быйылкы жылдагы башкы милдети энергетика тармагындагы абалды жакшыртуу, жолдорду оңдоо жана айыл чарбасын жандандыруу деп белгиледи. Андан тышкары Орусиядан келген каражатты ишкерликти колдоого жумшап, Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар менен капиталды эл аралык рынокко алып чыгуу экендигин билдирди. Ага чейин өкмөттүн жаңы түзүмүнүн долбоору даярдалып жаткандыгын, анын негизинде бирин-бири кайталаган министрликтер менен мекемелер бириктирилип, ийкемдүү жана ыкчам иштеген өкмөт түзүлөөрүн кабарлаган. Депутаттар ал иш эми президенттик шайлоодон кийин гана ишке ашат деп боолголоп калышты.

Ал эми өткөн жылы парламентте “Ак жол” фракциясынын төрайымы болуп жүргөн Элмира Ибраимованын партиялаштарына шаршемби күнү жолдогон кайрылуусун бир гана депутат Ажыбай Калмаматов эске алып, Ибраимованын партия атынан билдирүү менен чыгуусуна укугу жоктугун билдирди. Партиянын экс-төрайымынын өлкөдө коомдук – саясий, экономикалык опурталдуу кырдаалдын түзүлүшүнө бийликтин бардык бутактарын ээлеп алган “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү жана анын төрагасы – президент жооп бериш керек деген чакырыгы “Ак жолчу” депутаттарды ойго салбагандай түр жаратты.

XS
SM
MD
LG