Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:35

БЭКтин шайлоодон кийинки кадамы кандай?


Президенттик шайлоону мыйзамсыз деп талапкери жарыштан чыккан оппозиция алдыда кандай аракеттерге барарын айта элек.

Саясат талдоочулардын баамында президенттик шайлоо күнү оппозициячыл Бириккен элдик кыймылдын бирдиктүү талапкери Алмаз Атамбаевдин шайлоону мыйзамсыз деп баалап, күтүүсүз жерден жарыштан чыгышы өзүн колдогон көпчүлүктүн көөнүн суутуп, конституциялык реформа жасайбыз деп элди үмүттөндүргөн оппозицияга ишенимди басаңдатты. Саясат талдоочу Кубан Абдымен бул кадам оппозиция ичинде алды-артка абай салып, саясий жүрүштөрдө баш тоголоткон топ жок экендигин айгинеледи дейт:

-Негизги талапкердин жасаган кадамы көп жагынан анализденбей, шайлоодо колдонулчу көп ыкмалар менен түрдүү саясий технологияларга каршы чара көрө тургандай даярдыгы жок экендигин көрсөттү жана ал чоң сабак болду деп ойлойм.

БЭКтин лидерлери болсо добуш берүүдөн кийинки кызуу кырдаал басаңдагандан кийин шайлоонун легитимсиз экендигин айгинелечү акцияларга барарын билдирди. Ал акция кандай формада болору азырынча белгисиз. Бирок саясат талдоочу Кубан Абдымен эми эл арасында оппозициянын чакырыгын укчу катмар жокко эсе деген ойдо:

-Түзүлүп калган ушундай кырдаал алдын-ала чечилген, алдын-ала такталган пландары жок экендигин көрсөтүп турат. Андыктан коомчулуктун арасында аларды колдой турган топтордун чыгуусу күмөн болуп турат.

Ал эми коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун пикиринде талапкерлердин шайлоодон баш тартышы өлкөдө демократиянын жыты калбай бараткандыгын жана өз оюн эркин билдирүүгө шарттын түзүлбөгөндүгү бийликти олуттуу карама-каршылыкка кириптер кылаарын айгинеледи. Ошону менен бирге шайлоо жалпы элдин башын бириктире ала турган адамдын жана президент болом деген талапкерлердин түпкүлүктүү максаты жок экендигин да ачыкка чыгарды:

-Чындыгын айтканда бийлик нааразылык, коомдо бийликке каршылык көрсөтүү маанайы күчтүү болуп тургандыгын сезди болуш керек. Албетте, маалыматты бийлик өкүлдөрү тууралап жеткирсе,сезди. Административдик ресурсту колдонуу, шайлоодо мыйзам бузуулар деген көрүнүш ар кандай өлкөлөрдө боло берет. Бирок, мынчалык чоң айырма менен болушу элди ишендирбей жатат. Коомдун ишенимин жоготуп коюп жатат. Мунун өзү коомдогу туруктуулук үчүн өтө опурталдуу. Анан оппозиция бийликке тең салмактуу болуш үчүн турмуштан чыккан өз программасы менен идеологиясын элге көрсөтүшү керек. Эл ага ишенсе эч нерсеге карабай ээрчип кете берет.

Мурда БЭКтин курамында жүргөн “Асаба” кайра жаралуу партиясынын төрагасы Советбек Жамалдинов оппозиция президенттик шайлоо гана эмес жалпы саясий жарышка жарамсыз, себеби анын курамын сөзү менен иши айкалышпаган саясатчылар түзөт деп билдирди:

-Бириккен элдик кыймылдагы көп сүйлөгөн адамдар керек болсо Алмаз Атамбаевге туура эмес маалыматтарды берип жатышып, жаман абалга алып келип коюшту. Эски технология менен эле кыйкырык, ызы-чуу, жалпы сөз менен жүрүп туура эмес иштешти деп ойлойм. Программалар менен даярдыктын начардыгы, штабда иштеп жаткан адамдардын жоопкерчилигинин жоктугу, анча-мынча тыйын-тыпыр таап алалы деп чуркап жүрүп, маалыматты туура эмес берген адамдардын иштеген ишинин начардыгынан улам ушундай жыйынтыкка туш келип жатышат.

Шайлоодон кийин азыр коомдун көңүлү көп добуш топтоп, алдыга озуп бараткан Курманбек Бакиев шайлоо алдында мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүп, экономикалык деңгээлди көтөрөм деген башкы убадасын аткара алабы деген маселеге бурулуп турат. Саясат талдоочулар шайлоо алдында пенсия көлөмүн көтөрүүгө Орусиядан келген каражаттын көбү негиз болуп берген, эми анын булагын табуу олуттуу маселе деп белгилеп жатышат.

Ал эми саясат талдоочу Табылды Акеровдун баамында, президент шайлоодон кийинки кырдаалды жөнгө салып, элдин ишенимин калыптандыруу үчүн ички саясатын чукул өзгөртүүгө барары шексиз:

-Президент абалды турукташтыруу үчүн жаңы өкмөткө жаштар менен жаңы саясатчыларды алып келип, жаңы команда түзүп, абалды жеңилдетүү аракетин көрөт. Бирок, оппозиция жаңы өкмөткө кирбейт. Эгер оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныбаса, анда ал өкмөткө моралдык жактан кире албайт.

Кыргызстандагы айрым саясатчылар саясий туруктуулук менен экономикалык абалды жакшыртуу үчүн президент тышкы саясатын, анын ичинде Орусия, Кытай жана Өзбекстан менен алакасын чыңдап, алардан келчү пайданын салмагын да кайра карап чыгуусу зарыл деп белгилей башташты.

Ал эми көпчүлүктүн бүйүрүн кызытчу кадр саясатын өз нугуна буруп, кыялында болочок өкмөттүн курамын түзө баштагандар жок эмес. Бул жагдайдан алганда президенттин жеңиши таанылып, жаңы мөөнөткө киришкенден кийин шайлоо алдында жарыялаган “Жаңы багытын” ишке ашыруу үчүн ага жаңы күч менен эрк көп талап кылынчудай.

XS
SM
MD
LG