Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:10

Оппозиция кайра баш көтөрчүдөй


БЭК 17-августта жыйын куруп, алдыда турган милдеттерин аныктаган жатат. Ага А.Атамбаевдин шайлоо штабдарынын жетекчилери да катышат.

Президенттик шайлоого нааразылык билдирип 29-июлда жөө жүрүшкө чыккан атуулдар кармалып, алды жарым айлык абак, арты айыппул жазасын алгандан бери бул БЭКтин алгачкы жыйыны болот. Буга чейин кыймыл акыркы кырдаал жана камакка алынгандар менен токмок жегендердин укугун коргоо маселесин талкуулаган эмес. БЭКтин мүчөсү Жыргалбек Турдукожоевдун айтымында, оппозициянын башкы милдети коомдун көйгөйүн көтөрүү болгондон кийин аларды ишке ашыруу үчүн стратегиялык жана тактикалык жүрүштөрүн тактоого муктаж болуп турат:

-Элдин көздөгөнү бир гана акыйкаттык, чындык жана элдин кызыкчылыгына кызмат кылган таза, калыс бийлик. Оппозиция өзүнүн мындан аркы иштерин мына ушуга карата багыттап жүргүзөт. Мурдагы тактикалык жүрүштөр бир топ өзгөрүүгө учурайт деп ойлойм. Себеп дегенде өлкөдө жаңы саясий, коомдук кырдаал түзүлдү.

Президенттик шайлоодон кийин Кыргызстан гана эмес эл аралык деңгээлдеги саясат талдоочулар да оппозициянын бирдиктүү максаты жана стратегиялык багыты анык эмес экендиги аныкталды деп баа беришти. Алардын айрымдары оппозициялык күчтөр 2005-жылдан бери эле алдына коюп келе жаткан конституциялык реформаны жасамак түгүл, адам укугун коргоо жана өз тилектештеринин коопсуздугун камсыз кылуу жаатында чечкиндүү кадамдарга бара албайт экен, демек оппозиция кыска мөөнөттүү жеке кызыкчылыктарга гана жетеленүүдө деп да жазышса, кээ бирлери буга оппозициянын түпкүлүктүү багытта ырааттуу иш жүргүзбөгөндүгү башкы себеп деп белгилеп жатышат.

Оппозициячыл күчтөр ушундай жеңилүүлөргө улам-улам дуушар болбос үчүн катардагы жыйындарды өткөрө бербей алдыга башкы максатка жол салган жаңы милдеттерди коюп, бийликтин саясий технологдору менен теңтайлаша иштеген акыл калчоо борборун түзүшү зарыл дейт саясат талдоочу Турат Акимов:

-Буга чейинки кемчиликтерди анализдеш керек. Анан ошого карата ой толгоочу, анализ жүргүзүүчү жаңы борбор ачыш керек. Ошол борбор алдын-ала ой жүгүртүп, кандай ыкмаларды колдонуу керек, стратегиялык кандай жолдорго багыт алыш керек, тактикалык кандай ыкмаларды колдонуу керек, кайра кандай чабуулга туш болушубуз мүмкүн, келечекте Ак үйдөгүлөр кандай жаңы программаларды ойлоп таап, оппозицияны басмырлоо үчүн кандай аракеттерди көрөт деген суроолордун баарын алдын-ала белгилеп, билип турушу зарыл.

Турат Акимовдун баамында, бирок оппозиция ичинде муундар кагылышы күчтүү:

-Оппозиция мурдагы эле эски тажрыйбасына таянып жатат. Мисалы, Топчуке сыяктуу аксакалдар “силер жөргөлөп жүргөндө демократияны баштаганбыз, силер эчтеке билбейсиңер” деп айтат. Беркилери болсо “биз революция жасап жатканда силер уктап жүргөнсүңөр” деп айтышат. Азыр кечээки утуштар менен жашаган болбойт. Келечекке жаңы максаттарды, жаңы жеңиштерди коюу керек. Ал үчүн көзү жаңы ачылган жаңы муундун адамдарын издеш керек. Эгерде эски нукка салып, жаңы жеңиштерге жетебиз дегенде ага эч ким ишенбейт. Булардын баягы эле эски ырларына тойдук деп, таптакыр көңүл бурбай коюшат.

Оппозиция мына ушундай өз ич ара дымактарын баса албай турганда ири жүрүштөрдү жасап, мыйзамдуулук менен акыйкаттыкты орнотуу аракетин көрүшү күмөн дегендер арбын.

Ал эми президенттик шайлоо күнү Балыкчыда, 29-июль күнү Бишкекте кармалып, абакка салынгандардын укугун коргоо талабы менен укук коргоо уюмдары 17-августта пикет өткөргөн жатышат. Алар пикетке кандай каршылыктар болсо да кайра тартпай тургандыктарын билдиришүүдө.

Саясат талдоочу Табылды Акеровдун баамында, эл арасында 2007-жылкы парламенттик шайлоодо пайда болгон нааразылык быйылкы президенттик шайлоодон кийин ого бетер бекемделди. Эгер бийлик президенттик шайлоо алдында элдин турмушун оңдоого багыт алган убадаларын аткарбаса жана мыйзамдуулук камсыз кылынбаса кырдаал өзүнөн өзү курчуп, оппозицияга оңдой берди болушу ажеп эмес:

-Күзгө жакын бийликке нааразылыктар күчө кетиши мүмкүн. Себеп дегенде өтө көп убадалар берилген.Мисалы үчүн буудайды, төө буурчакты кымбат баада сатып алабыз дешкен. Бул рынок экономикасынын шартында ишке ашыруу өтө татаал нерсе. Ошондуктан күздө элдик нааразылык күчөшү толук мүмкүн.

Ал эми мурун БЭКтин тутумунда жүргөн “Асаба” партиясынын лидери Советбек Жамалдинов азыр митинг, пикет өткөрүп, чуу салуунун ордуна бийликке конструктивдүү сунуштарды берип, аны аткарууну талап кылуу мезгили келди деген пикирде. Мындай ойлорго оппозициянын кандай жооп берери азырынча бүдөмүк.

XS
SM
MD
LG