Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

1-Май - коммунисттердин эле күнүбү?


1-Майда Коммунисттер партиясы 7-апрелден кийин ишсиз калган кызматкерлердин эмгек укугун коргоого чакырган митинг өткөрөт. Кандуу кагылыштарда каза тапкандардын кыркылыгы чыга электигине байланыштуу бул күнү коммунисттер тарабынан эч кандай майрамдык шаани уюштурулбайт.

Эски аянтта өтө турган митингде убактылуу өкмөт дарегине учурда жүрүп жаткан баш-аламан кызматтык дайындоолор боюнча да нааразылык билдирилет.

Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиевдин “Азаттыкка” билдирүүсүндө, коммунисттер 1-Май жумушчулардын укуктарын коргоо боюнча эл аралык күнүндө Бишкектеги эски аянттагы В.Ленин эстелиги алдында “Биздин күч - биримдикте” урааны алдында.митингке чыгышып, убактылуу өкмөткө бир катар талаптарды коюшат:

- Бүгүнкү күндө жумушчулардын укугун коргой турган эч ким калбады. Профсоюз формалдуу түрдө бар, бирок чынында жумуштан мыйзамсыз айдалгандардын укугун коргой турган күч жок болуп атат. Ошону эске алып биз митинг өткөрөбүз. Жогорку Кеңеште жок дегенде эле беш жүз адам ишсиз калган. Президентитк администрациядан так билбейм, бирок эки жүз адам чыкса керек. Эч кандай негизсиз жумуштан айдоо мыйзамга туура келбейт.

Мындан тышкары коммунисттер бул күнү бүт Кыргызстанда болуп жаткан баш аламан дайындоолор үчүн утурумдук өкмөттү сынга алышмакчы. 7-апрелде окко учкандардын кыркылыгы өтө элегине байланыштуу бул күнү оюн-зоок, парад уюштурулбайт.

Исхак Масалиевдин айтымына караганда, митинг бир гана Бишкекте эмес өлкөнүн бардык аймактарында уюштурулат.

1-Май майрамы Кыргызстанда быйыл саясий мүнөздөгү акциялар менен коштолуп жаткандыгына карата “Ак шумкар” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бекболот Талгарбеков “Азаттыкка” мындай деди:

- Эми бүгүнкү күнү биз 1-Майды башкача шартта тоскону турабыз. Биз азыр революциянын мыйзамдары менен жашап атабыз. Убактылуу өкмөттун декреттери менен жашап жатабыз. Мына ушул учурда айрым бир күчтөр убактылуу өкмөттүн ар кандай кемчилигинен пайдаланып акцияларды уюштуруп, кырдаалды десбтабилдештирүү боюнча аракет көрүп жатат. Мен ойлойм, коммунистердин иш-чарасы ушул багытта.


Бул күнү мэрия тарабынан же убактылуу өкмөт тарабынан кандайдыр бир майрамдык иш-чаралар уюштурулары тууралуу маалымат таратылган жок.

1-Май Кыргызстанда качан майрамдала баштаган?

Кыргызстанда 1-Май «Жаз жана эмгек майрамы» катары белгиленип келет. Совет мезгилинде ал эмгекчилердин майрамы деп эсептелинип, коммунисттик бийликти бекемдөө үчүн идеологиялык мааниге ээ болуп келсе, Кыргызстан эгемен болгону бул майрамга жаңы түс берилип, идеологиялык басымдан арылуу аракети жасалганы байкалат.

1-Май майрамы Кыргызстанда биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Большевиктер уюштурган салтанатка шаардын калкы чогулуп, митинг өткөрүлүп, майрамдык маанай жаратуу жана 1-Майды белгилөө жөрөлгөсү жасалып, майрамдык салт түптөлгөн.

Азыр Биринчи май совет доорунан мурас калган майрам катары белгиленип калды. Майрамга байланыштуу чогулуш, демонстрация, портрет жана ураандарды көтөрүү салттары жылас болду. Барган сайын Биринчи май эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү экени унутулуп, жаркыраган жаз күндөрүнүн бириндеги эс алуу күнү катары кабылданып бара жатат.

XS
SM
MD
LG