Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Э. Ибраимова: “Ак жолдун” максатына жетпей калышына президент жооп берсин


Мурдагы вице-премьер-министр Э. Ибраимова “Ак жолдун" төрага орун басары катары, партия төрагасы - президент Бакиевге кайрылуу жолдоп, өлкөнүн бүгүнкүдөй оор кырдаалга кептелишине мамлекет башчы жооп берүүгө тийиштигин айтты. Э. Ибраимова бул кайрылуусу боюнча "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Элмира айым, “Ак жол” партиясынын төрагасынын орун басары катары президентке жана партиялаштарыңызга мындай сын көз караштагы кайрылуу менен чыгууңузга эмне себеп болду?

- Буга негизинен өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал боюнча “Ак жол” партиясына кыргызстандык элдин суроолору көбөйүп кеткендиги себеп болду. Бул суроолорго партия мүчөлөрүнүн жооп бериши кыйын. Анткени көпчүлүк суроолорго партия башчысы – президент жооп бере алат жана жооп берүүгө тийиш. Мына ушул менин кайрылуумдун негизги себеби болду.

- Сиздин кайрылууңузда айтылгандай мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин азыркы өлкөдө болуп жаткан оор акыбалга, жарандардын кызыкчылыгынын тебеленишине, сөз эркиндигинин кысылышына, мамлекеттик органдар Өкмөт үйүнөн эмес, бир үй-бүлөдөн башкарылып калуусуна канчалык жоопкерчилиги бар, деп ойлойсуз?

- Карап көрүңүзчү. Бүгүнкү күнү элге Кыргызстанда жашоо коркунучтуу болуп калды. Эмне үчүн өлкөдөгү кырдаалды ачык-айкын жазган журналисттер куугунтукталып, коркутулуп, токмоктолуп атат, эмне үчүн биздин ЖК депутаттары белгисиз жоголуп, атылып өлтүрүлүп же башка бир табышмактуу жагдайлар менен каза болуп атышат? Мунун баарына мамлекет башчы жооп берүүгө тийиш. Биздин өлкөдө экономикалык өсүш жок. “Ак жол” партиясынын программасында дал ушул экономикалык өсүш жөнүндө айтылган болчу, азыр тескерисинче экономикабыз туңгуюкка кетип баратат. Менчикти үй-бүлөгө жакын адамдар каалагандай басып алып атышат. Бизде коррупция гүлдөп өсүп атат, билим берүү болсо төмөндөгөндөн төмөндөп баратат.

Мамлекеттик башкаруу тууралуу айтпаса да түшүнүктүү. Чындыгында эле элдин баары билет, азыр бир дагы министр, бир дагы депутат, өкмөт же Жогорку Кеңеш эч кандай маселе чечпейт. Анын баары таптакыр башка жакта, бир үй-бүлө аркылуу чечилет. Мына ушулар тууралуу суроолор менен бизге карапайым адамдар дайыма кайрылышат, бирок ага биздин берер жообубуз жок.

-“Ак жол” партиясын түптөөгө салым кошкон адам катары ошол 2007-жылы күз айларында партиянын, өлкөнүн келечегинен эмнени күттүңүз эле? Алардын канчасына жетиштик, деп эсептейсиз?

- Эсиңиздеби, 2006-жылы ноябрда, 2007-жылы апрель айында өлкөдө нааразылык күчөп, митингдер болуп аткан. Ошол убакта өлкөдөгү саясий кырдаал кризистик акыбалда турган, ошол мезгилде толугу менен дагы бир жаңы ыңкылаптык кыйроо болушу мүмкүн эле. Мына ушуга байланыштуу биз партияны түзүп жатканда ойлогонбуз, өлкөгө туруктуулук, тынчтык керек, өлкөдө дагы бир жолу төңкөрүш болбоого тийиш, деп ойлогонбуз. Биз көрдүк мамлекеттик бийлик ал учурда эч кандай аракет кыла алган эмес. Ошондуктан, биз Кыргызстандын президенти Баш мыйзамдын гаранты катары өлкөнү кыйроого алып келүүчү ар түрдүү көрүнүштөргө каршы турууга милдеттүү, деп эсептегенбиз, ошол үчүн “Ак жол” партиясы, элдин ой-пикиринен, идеясынан туруучу Элдик партия түзүлдү. Элдин ой-пикири мамлекеттин жогорку бийлигине мына ушундай жол менен жеткирилгенде бийлик элдин кызыкчылыгын көздөйт, деп эсептегенбиз. Биз ошондо демократияны өнүктүрүү, коррупциянын тамырын кыркып, таптакыр жок кылуу, экономиканы көтөрүү, кадрдык системаны тазалоо тууралуу бийик максаттарды койгонбуз. “Ак жол” партиясы өлкөнү эң жакшы турмушка алып келе турган партия болот, деп ишенгенбиз.

- Бирок канчасына жетиштиңиздер бул максаттардын?

-Тилекке каршы, биз азыр, партия түзүлгөндөн кийин бир жарым жылдан соң түшүнүп отурабыз, биздин партиянын программасындагы көп максаттар аткарылган жок. Биздин өлкөдө жашоо коркунучтуу болуп калды. Тартип коргоо органдары элдин укугун коргоонун ордуна бийликтин ишине сын көз менен карагандарды куугунтуктоо менен алектенишет. Мына ушулар тууралуу суроолорду карапайым калк бизге, партиянын мүчөлөрүнө берип келишет, ошондуктан, мен бул суроолорго партия төрагасынын орун басары катары партиянын төрагасы – мамлекет башчы Курманбек Бакиев жооп берсин деп айтар элем.

- Бүгүнкү кайрылууңузду “Ак жол” партиясынын түптөөчүлөрдүн бири катары кетирилген кемчиликтерге моралдык жоопкерчилик, же бир өкүнүү катары түшүнүүгө болобу?

- Биз партияны эң жакшы максаттар менен түзгөнбүз, “Ак жол” эл үчүн кызмат кыла турган партия болот, деп аны элдик партия деп атаганбыз. Бирок партиянын мүчөлөрү өлкөдөгү кырдаалга эч кандай таасир эте албаган соң, мен партиянын төрагасынын орун басары катары партиянын карапайым мүчөлөрүнүн атынан төрагабыз, мамлекет башчы, Башмыйзамдын кепили болгон Курманбек Бакиевден эмне үчүн “Ак жол” партиясынын максаттары ишке ашкан жок? деп суроого милдеттүүмүн. Анткени мен дайыма чындыкты ачык айтууга жана карапайым элдин кызыкчылыгын коргоого көнгөнмүн. Ошондуктан, президентке минтип кайрылуу - менин жарандык жана партия төрагасынын орун басары катары түздөн-түз милдетим болчу.

- Акыркы убактарда “Ак жол” партиясынын курамында жиктешүү болуп жатат деген маалымат бар. Сиздин кабарыңыз жокпу?

- “Ак жол” партиясында азыр 100 миңден ашуун мүчөсү бар. Ошондуктан, мен айтар элем партиянын ар бир мүчөсү өз абийирине карап кадам таштаса дээр элем. Партияда жиктешүү болот деп ойлобойм. Жөн гана партия тазаланат, өзүнүн алдына койгон максатына ылайык туура жана акылман чечимдерди кабыл алат деп ишенем.

- Партиялаштарыңыздын ичинде сизге пикирлеш, сизди жактаган мүчөлөр көп элеби? ЖКнын депутаттарынын арасында да барбы андай мүчөлөр?

-Чындыгында “Ак жол” партиясынын өтө көп мүчөлөрү мага колдоосун көрсөтүп келишет. Бир гана нерсе, алар бул колдоосун ачык көрсөтө алышабы, белгисиз. Анткени сиздер билесиздер, Медет Садыркуловдун табышмактуу өлүмүнөн, Санжар Кадыралиевдин өлүмүнөн кийин жана башка бир катар трагедиялык окуялардан соң алар чочулап турушат. Албетте, мен ойлойм: кээ бир аткаминерлер менин кайрылуума, сөздөрүмө каршы чыгышат. Билип турам, алар “Ак жол” партиясынын пикирин бийликте турган адамдарга жага тургандай кылып жасап, партиядагы айрым мүчөлөрдү бийликти колдогон билдирүүлөрдү жасоого мажбурлашат. Ошол эле учурда өзүнүн суроосун түз берип, ачык сүйлөгөндөрдүн баарын партиянын катарынан чыгаруу боюнча өнөктүктөр башталат. Бирок ошентсе да, партиянын катарында мага окшоп, мен берген суроолорду берген мүчөлөр көп. Ошондуктан, келиңиз, кырдаал келечекте кайсы жагына өзгөрөт, ошону күтө туралы. Анткени азыр баары өздөрүнүн болбосо да, үй-бүлөсүнүн, жакындарынын коопсуздугу үчүн пикирин ачык айткандан чочулап турушат.

-Элмира айым, маегиңизге рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG