Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:59

А. Абдурасулова: Петровкадагы окуяга күч органдары күнөөлүү


Кечээ Москва районунун Петровка айлында массалык баш-аламандык болуп, андан 87 адам камакка алынды. Бул окуяга көзөмөл жүргүзүп жаткан “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова Петровкадагы кырдаал тууралуу “Азаттыкка” кеп салып берди.

- Петровкада кечээ болгон окуя, азыркы учурдагы кырдаал жергиликтүү элди убайымга салып турат. Анткени кечээ кармалып, камакка алынгандардын туугандары түнү менен Петровкадан Бишкекке келип, алардын дайын-дарегин издеп жүрүштү. Алардын ичинде жашы жете элек 12 өспүрүмдүн ата-энелери да балдарынын кайсы жерде камалып тургандыгын биле албай, түнү менен бизге телефон аркылуу жардам сурап кайрылышты.

- Кечээки камакка алынган 87 адамдын ичинде “Болуш” ассоциациясынын төрагасы Сапар Аргынбаев да бар экендиги айтылууда. Укук коргоочу катары сиздердин бүгүнкү аракеттериңиздер кандай болот?

- Биздеги маалыматтар боюнча кармалгандардын дээрлик бардыгы Бишкектеги бөлүштүрүүчү жайда, ал эми жашы жептеген өспүрүмдөрдү алардан бөлүп алып кетишкен. Албетте биз муну тактайбыз. Бирок биздин алдыбыздагы дагы бир маселе: ошол чыр-чатактын чыгышына кайсы жагдай жеткирди, мына ушул суроого жооп алуу. Анткени ошол зордуктоо деген окуя апрелдин 4-5теринде болгон. Ошол эле учурда ошол 4 жашар кыздын ата-энеси жергиликтүү прокуратурага, милиция кызматкерлерине, жергиликтүү бийликке кайрылган экен. Эмне себептен ортодон бир ай өткүчө ошол маселе чечилген эмес? Эмне үчүн ушул маселе ушундай улуттар аралык араздашууга, аймакта оор кырдаалдын түзүлүшүнө жол берилди? Биз ушул жагына көбүрөөк басым жасамакчыбыз.

- Кырдаалдын мынчалык курчуп, улуттар арасында чыр-чатактын чыгышына демек, жергиликтүү милиция менен прокуратура, бийлик дагы жооп берүүгө тийиш турбайбы?

- Москва РИИБинин башчысы, райондук прокурордун жоопкерчилиги бар, анткени зордуктоо маселесин прокурор көзөмөлгө алат. Ошондуктан, райондук прокуратура буга кылдат мамиле жасап, көз кырынан чыгарбашы керек эле. Анткени ошол учурда эле мындай окуя улуттар арасында чатак чыгышына алып келүү коркунучу бардыгын прокуратура алдын ала билүүгө тийиш. Качан элдер нааразылыкка чыккандан кийин гана шектелген баланы кармап атат милиция. Экинчиден, кечээки чыр-чатактын чыгышы жергиликтүү бийликтин да шалаакылыгы. Алар бул окуяга, кичинекей кыздын ата-энесинин кайрылуусуна өз убагында көңүл бурбагандыгы да мына ушундай окуяга алып келди. Биз ушул жагына көп көңүл бөлүүгө тийишпиз. Албетте, жергиликтүү бийликтин, милициянын, прокуратуранын күнөөсү бул жерде эбегейсиз чоң.

- Кечээ камакка алынгандардын ата-эне, туугандарынан сизге укугун коргоп берүүнү өтүнүп, кайрылгандар болдубу?

- Мен мурдагы күнү эле Петровкадагы жаза өтөөчү жайына барган элем, бирок анда айыл сыртынан тынч эле көрүнгөн. Ал эми кечээки окуядан кийин кармалып, камакка алынгандардын туугандары кайрылып атышат. “Болуш” биримдигинин, жергиликтүү айылдык кеңештин депутаты Сапар Аргынбаевдин да камакка алынышы таңкалычтуу. Ал кырдаалды жөнгө салуу, адамдар менен сүйлөшүү аракетинде митинг болгон жерге барганы айтылып атат. Биздеги дагы бир маалымат боюнча жергиликтүү бийлик элди “сүйлөшөбүз” деген себеп менен алдап клубга чогултуп, ошол жерден камап туруп, анан автобустарга күч менен салып, Бишкекке алып кетишкен. Биз мына ушундай бийлик тарабынан, күч органдары тарабынан жасалышы ыктымал болгон мыйзам бузууларды аныктоонун үстүндө иш алып барабыз.

- Маегиңизге рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG