Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Шайлоонун акыйкат өтөөрүнө ишеним аз


Бул жолку шайлоодо бармакка белги коюуну алып салуу каржылык себептер менен байланыштырылууда.
Бул жолку шайлоодо бармакка белги коюуну алып салуу каржылык себептер менен байланыштырылууда.

Шаршембиде Бишкекте “Жарандык коом жана БШК: шайлоолорду уюштуу үчүн диалог” деп аталган жыйын өттү. Анда алдыдагы президенттик шайлоону акыйкат өткөрүүнү камсыздоочу маселелер каралып, тараптар бул боюнча түрдүү пикирлерин билдиришти. Айрым саясий партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү шайлоо жараяны ушул таптан тартып эле бузула баштаганын айтып чыгышты.

БШКнын, саясий партиялардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен өкмөттүн айрым мүчөлөрү катышкан бул жыйында негизинен алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу сөз болду. Анда быйылкы жылдын 23-июлуна белгиленген Кыргызстандын президентин шайлоо акыйкат өтөрүнө ишеним жоктугу да ачыкталды.

Жарандык коом өкүлдөрү буга чейинки болуп келген шайлоолорду мисал кылуу менен бирге алдыда боло турган добуш берүү жараяны адилет болбойт, деп эсептешет. “Жарандык коом коррупцияга каршы” коомдук уюму билдиргендей, быйыл жайында боло турган президенттик шайлоо иш күнү болгону, бармакка боек басуунун алынып салынышы, шайлоочуларга айдоочунун күбөлүгү менен добуш берүүгө укук берилүүсү жана президенттик шайлоого талапкер катары катышып жаткан азыркы президенттин шайлоо убагында кызматын өткөрбөй, ордунда кала берүүсү алдыда боло турган шайлоонун акыйкат өтпөй тургандыгын азыртан эле ачыктап турат.

“Интербилим” борборунун мүчөсү Гүлнара Журабаева маалымдагандай, шайлоого карата административдик кысым эмитен эле башталды, ал эми шайлоого үгүт иштери башталбай жатып, азыркы президенттин талапкерлигин туш-тараптан үгүттөө иштери жүрүп жатат:

-Үгүт иштери баштала элек болсо да, административдик басым күч ала баштады. Азыркы президенттин талапкерлигин колдоо үчүн кол топтоодо студенттерди, мугалимдерди, мамлекеттик кызматкерлерди, ал тургай мектеп окуучуларынын ата-энелерин да кыстап кол койдурушканы тууралуу бизде маалыматтар бар. Мындан тышкары Ош мамлекеттик универстетинде, Оштогу юридикалык институтта студенттерди азыртан каникулга таратышкан, ал эми жайкы сессия атайын июль айынын ортосуна коюлган. Окуу жайын аяктагандарга берилүүчү дипломдорду да так ошол шайлоо болуучу 23-июлда бере турган болушуптур. Мындан тышкары талапкерлердин тең укуктуулугу жок болуп жатат, Шайлоо кодексинин 30-беренесинде бардык талапкерлерге мамлекеттик маалымат каражаттарынан бирдей убакыт жана бирдей көлөмдө бет арналары жазылган, бирок бул шарт канчалык деңгээлде аткарылары азыртан эле белгисиз болуп турат.

Президенттик шайлоонун адилет өтөрүнөн шек туудуруп жаткан дагы бир жагдай катары – эл аралык байкоочу катары кыргызстандык жарандар катыша албайт, деген БШКнын чектөөсү айтылды. Жарандык коом өкүлдөрү бул ачык эле шайлоону бурмалоону эл аралык коомчулукка чыгарбоо аракети, деп баалашты.

Мындай сын-пикирлерге жооп кылган БШКнын төрагасы Дамир Лисовскийдин “Азаттыкка” айтып бергени боюнча, эл аралык байкоочулар чет элдик жарандардан болуш керек деген талап эл аралык шайлоо стандарттарына гана эмес, ЕККУнун өзүнүн талабына да ылайык келет:

-Биз дал ушул ЕККУ тарабынан Югославияда өткөн шайлоолорго чакыруу алганыбызда да бизге мына ушундай чектөөлөр коюлган, ал жерде чакырылган киши англис тилин билбесе да шайлоого көз салууга акысыз болчу, биз андай чектөө кылган жокпуз, тилмечтери менен келип, байкоо жүргүзө беришсин, бирок эл аралык уюмдар үчүн кыргызстандык жарандар байкоочу боло алышпайт.

БШК төрагасынын айтуусунда, добуш берүү күнү бармакка боек басууну алып салууга эң биринчиден каржылык каатчылык себеп болду:

- Бармакка боек басуу бизге алгачкы жолкусунда эл аралык уюмдар тарабынан жардам катары берилген. Бирок кийинкилерин биз сатып алышыбыз керек эле. Бул үчүн бардыгы болуп 4 млн. сом сарпталмак. Ошондуктан, биз андан баш тарттык.

Жыйындын аягында шайлоолорду акыйкат өткөрүү боюнча резолюция кабыл алынды. Мындан тышкары тараптар алдыда боло турган президенттик шайлоону мыйзам чегинде, Шайлоо кодексинин негизинде, адилет өткөрүүнү камсыздоо тууралуу меморандумга кол коюшту.

Жыйынды уюштуруучулардын бири, “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, шайлоо сыяктуу олуттуу маселелерди тараптар бир үстөлгө отуруп, сүйлөшүү менен чечүүнү мезгил талап кылууда:

- Жарандык коом, оппозиция, бийлик болуп бөлүнүп, эки жээкте туруп алып, каршылашуудан пайда чыкпастыгы көрүнүп турат. Ошондуктан, минтип чогуу-чаран бир үстөлгө отуруп, шайлоону адилет өткөрүүнү камсыздоо максатында мына ушул жыйынды уюштурдук. Бул улуттук конференцияга бардык маалымат каражаттарын, саясий партияларды да чакырганбыз. Бирок шайлоону олуттуу окуя көрүшпөйбү, эмнегедир көпчүлүк маалымат каражаттары менен саясий партиялар келишкен жок. Бүгүнкү жыйынга бардык облустардын шайлоо комиссия жетекчилери да чакырылган болчу, ошондуктан, бүгүнкү жыйында шайлоону акыйкат өткөрүү боюнча өз сурообузду чечип алууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев азыркы бийлик менен БШКнын азыркы курамы турганда шайлоо акыйкат өтөөрүнө ишенүүгө болбойт, деген пикирде:

-Мына бүгүнкү бийлик органдарынын сүйлөгөн сөзүндө “биз мыйзам менен иштейбиз, эл менен иштөөгө даярбыз” дегени менен, иш жүзүндө баарын башкача кылып атат. Азыркы президент укугунан пайдаланып, зордук менен үгүт жүргүзүп, студенттердин баарын, жумушчуларды зордук менен президенттин пайдасына кол койдуруп аткандыгы, жогорку окуу жайларындагы акыбал, мына ушунун баары көз жаздымда калып жатат. Бул боюнча прокуратура, БШК унчукпай, көз жумуп отурат.

Кыргыз коомчулугу өлкөдө ар кандай шайлоолор Кыргызстан Борбор Азиядагы “демократия аралчасы” болбой калган туштан бери, тактап айтканда 1995-жылдан бери таза, акыйкат өтпөй калгандыгын айтып келет. Расмий эмес маалыматтар боюнча, ушул тапта добуш берүү укугуна ээ курактагы 1 млн. дон ашуун, ал эми мамлекеттик миграция комитетинин маалыматы боюнча 192 миң кыргызстандыктар чет жактарда жүрүшөт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG