Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Абактагылардын коопсуздугун ким камсыздайт?


Жашылдар партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев.
Жашылдар партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев.

Укук коргоочулар камакта жаткан С. Аргынбаевдин, У. Рыскуловдун жана “Жашылдар” партиясынын лидери Э. Бөлөкбаевдин өмүрүнө коркунуч туулганын айтып чырылдашууда.

Бишкектин №1 убактылуу кармоочу жайында кармалып турушкан Сапар Аргынбаевдин, Уран Рыскуловдун жана “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевдин өмүрүнө коркунуч туулуп жаткандыгы тууралуу тынчсызданууну өткөн жуманын аягында алардын туугандары жана партиялаштары билдирип чыгышкан.

Ага ылайык, өткөн бейшемби күнү Уран Рыскуловго 25 миң доллар, Сапар Аргынбаев менен Эркин Бөлөкбаевге 50 миң доллар өлчөмүндө акчаны үч күндө таап бербесе абактагы кылмышкерлер өлтүрүп коет деген коркунучтуу маалымат алардын туугандарына жеткен. Бул маалымат убактылуу кармоочу жайда жаткан Сапар Аргынбаев, Уран Рыскулов жана Эркин Бөлөкбаев менен жолугушкан учурда тастыкталганын “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова “Азаттыкка” билдирди.

Бишкектеги №1 убактылуу абакта камалып жаткан Сапар Аргынбаев, Уран Рыскулов жана Эркин Бөлөкбаевдин коопсуздугуна байланыштуу укук коргоочулар Башкы прокуратурага, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке, Адилет министрлигине, жаза өтөөчү жайлар башкармалыгына жана аталган убактылуу жайдын жетекчилигине кайрылуу жиберишкен.

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Үсөн Ашымовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча №1 СИЗОдогу кырдаал тууралуу укук коргоочулардын кайрылуусу башкы көзөмөл органына бүгүн келип түштү, учурда бул боюнча Башкы прокуратура тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

Петровка чатагына байланыштуу камакка алынышкан Сапар Аргынбаев, Уран Рыскулов жана Эркин Бөлөкбаев буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттиктин убактылуу абагында кармалып турушкан. Алардын үстүнөн козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, иш сотко ашырылганына байланыштуу Бишкектеги №1 убактылуу камоо жайына которулгандыгын белгилеген Улуттук коопсуздук кызматынын маалымат катчысы Рысбек Быкын уулу мындан ары алардын коопсуздугу башка тиешелүү органдар тарабынан камсыздалууга тийиштигин билдирди:

- Бизге тиешеси жок. Биз ишти тергеп, аягына чыгарып, сотко өткөрүп бердик. Калганын эми сот, прокуратура чечет.

Мыйзамга ылайык, убактылуу абакта жаткандардын коопсуздугу жазык аткаруу боюнча башкы башкармалыгына жүктөлгөн. Аталган башкармалыктын маалымат катчысы Сергей Сидоров Бишкектеги №1 СИЗОдогу кырдаал боюнча эртең-бүрсүгүндөн расмий маалымат таратыларын, ага чейин эч кандай комментарий берилбестигин “Азаттыкка” маалымдады.

Бул аралыкта Кыргызстандагы жана Казакстандагы бир катар адам укугун коргоочу уюмдар, эркин журналисттер Бишкектеги №1 СИЗОдо кармалып турган Сапар Аргынбаевдин, Уран Рыскуловдун жана Эркин Бөлөкбаевдин өмүрүнө туулуп жаткан коркунуч тууралуу коомчулукка кайрылуу жолдошту.

Кайрылуу ээлери алардын УКМК абагынан Бишкектеги №1 СИЗОго которулушун бийлик тарабынан аларды моралдык жактан сындыруу аракетинде атайын жасалды, өткөн жумадагы коркутуп-үркүтүүлөр да ушул максатта жүргүзүлүүдө, деп эсептешет.

Алардын бири – “Жарандык коом коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын пикири боюнча бийликтин мындай ыкмаларды колдонушу анын бетине чиркөө гана болот:

- Сиздер жакшы билесиздер, буга чейин саясий туткун болгон Ишенбай Кадырбековду которгондо ага кылмыш төбөлдөрү басым жасаган. Муну кыргыз коомчулугу жакшы билет. Түрмө деген өкмөттүн карамагында, ал жерде соттолуп жаткан адамдардын коопсуздугу да сакталууга тийиш. Ал эми бийлик өзүнүн оппоненттерине карата аларды моралдык жактан сындыруу аракетинде мына ушундай аракеттерди жасап жаткан болсо- бул бийликтин өзү үчүн өтө кайгылуу, мунун аягы чоң чатакка алып барат, -дейт Төлөйкан Исмаилова.

Жарандык коом Бишкектеги №1 СИЗОдо жаткан Сапар Аргынбаевди, Уран Рыскуловду жана Эркин Бөлөкбаевди тез арада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу абагына которууну талап кылышууда. Алардын билдиргени боюнча эгерде булардын өмүрүнө кол салуу боло турган болсо, ага өлкөдөгү бардык күч структуралары жоопкер болушат.

Үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинде Москва районунун Петровка айлында күрт улутундагы жигит 4 жашар орус кызды зордуктады деп, жергиликтүү бийлик, күч органдары буга карата эч кандай аракет көрбөгөндүгү үчүн айылдын кыргыз-орус тургундары тополоң кылышкан.

Натыйжада бир канча күрт улутундагы жашоочулар айылдан чыгып кетишкен, ал эми бул ишти уюштурду деген негиз менен “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев, “Болуш” коомунун башчысы Сапар Аргынбаев жана укук коргоочу Уран Рыскулов камакка алынган. Алар өздөрүнүн камалышын саясий себептер менен байланыштырып келишет.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG