Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

Европа демилгеси жаңжалды жайгарабы?


ЕККУнун Астандагы жыйыны, 30-июнь 2010
ЕККУнун Астандагы жыйыны, 30-июнь 2010

Ош, Жалал-Абаддагы кандуу коогалаңдын кесепеттерин жоюу боюнча Еврошаркеттин, ЕККУнун сунуш демилгелери колдоого алынууда. Ошол эле учурда талдоочулар чыр-чатактан кийинки оор кырдаалды жөнгө салууда Кыргызстан туруктуу мүчө болуп келген Жамааттык Коопсуздук Келишими жана ЕврАзЭШ сыяктуу уюмдар кайдыгерлигин жана алсыздыгын көрсөтүштү деп сынга алышты.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун полиция күчтөрүн киргизүү чечими уюмга мүчө мамлекеттердин расмий макулдугунан кийин чечилет. ЕККУнун элүү эки адамдан турган полиция күчтөрү коогалаң болгон аймакта байкоо салуу, кеңеш берүү жана көзөмөлдөө милдеттерин аткарышат.

Оштук укук коргоочу Изатилла Рахматтулаев Европалык полициянын киргизилиши биринчи кезекте мыйзамдуулуктун сакталышына жана кырдаалды көзөмөлдө кармаганга шарт түзөт деп эсептейт:

-Бүгүнкү күндө ЕККУнун полиция күчтөрүнүн киргизилиши жакшы болду. Себеби иштеп жаткан жергиликтүү милиция кызматкерлеринде толеранттуулук тарбия жетишпейт. Ишти кароодо бир жактуулукка жол берген учурлар аз эмес. Эл аралык полиция көзөмөлүнүн киргизилиши мыйзамдуулукту сактоого жардамы тийип, айрыкча алар олтурса тергөө амалдарын жүргүзүүдө бир кыйла калыстык болобу деген оюм бар.

Ошондой эле талдоочулар эл аралык полициянын киргизилиши башаламандыктарды уюштурган тараптардын мындан аркы мерчемдерин үзгүлтүккө учуратууга түрткү болот деген ойдо. Өзбекстандык саясат талдоочу Фархад Талипов сырттан келген кесипкөй көзөмөлчүлөр чөлкөмгө кайрадан чаң-тополоң салууга кызыкдар күчтөрдү ооздуктай албаса да, таасир көрсөтүшү мүмкүн деп белгиледи:

- Эл аралык полиция күчтөрүнүн ал жерде турушунун өзү эле жаңжалдын кайрадан кайталанып кетпешине өбөлгө түзөт деп ойлойм. Анткени буга чейин улут аралык жаңжал чыгарып, башаламандык уюштуруу аркылуу өзүнүн түпкү максаттарына жетүүнү каалаган үчүнчү күчтөр кандайдыр бир жоосунду баштагандан тартынат болуш керек. Себеби эл аралык күчтөрдүн көзөмөлү турат деген чочулоо аларда деле болот. Бул эми күч жагынан эмес биринчи кезекте психологиялык жактан таасири бар деген ишенимдемин.

Буга чейин Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюму Кыргызстанга тик учак, брондолгон техника жана атайын каражаттардан жардам көрсөтүүнү убада кылган. Бирок бир айдан ашык убакыт өткөндүгүнө карабастан айтылган колдоодон дайын жок. Айрым талдоочулар кандуу калабадан кийинки кырдаалды жөнгө салууда да Орусия баштаган аймактык уюмдар өз салымын кошууга шашпай жатышкандыгын айтып келишет.

- Россиянын кийлигишпегени мына болгон окуяларга, Кыргызстан ушул кырдаалдан өзү чыгып кетет деген ойдо турат деп ойлойм. Жардам көрсөтпөдү деп буга таарынбаш керек. Биз Кыргызстан деген мамлекетибиз бар, кыргыз деген элибиз бар. Бул кырдаалдан өзүбүз чыгып кетишибиз керек,- деген оюн билдирди “Эл арманы” саясий партиясынын төрагасы Мирослав Ниязов.

Анткен менен бир катар талдоочулар Жамааттык Кызматташтык Уюму жана ЕвразЭШ сыяктуу уюмдар Кыргызстандагы кандуу окуялардын кесепеттерин жоюуда ыкчам жана натыйжалуу жардам көрсөтө албагандыгын белгилешет. Талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин айтымында оор кырдаалдарда өз ара жардамдашуу сыяктуу мурда бекитилген макулдашуулардын бар экендигине карабастан аталган уюмдар кырдаалды жөнгө салууга жөндөмсүздүгүн көргөзүштү:

-ЕвразЭШ, ЖККУ Оштогу жана Жалал-Абаддагы окуяларда жаңжалды жайгарууга каалоосу жана чамасы жетпей тургандыгын көрсөттү. Болуп өткөн окуялар бул уюмдарга ишеним жок экендигин далилдеди. Толугу менен Жамааттык Коопсуздук уюму кыргыз менен өзбекке күйбөй тургандыгын өзүнүн кайдыгер мамилеси менен туюндурду. Булардын бедели коомчулук алдында кыйла түштү.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму кандуу калабаны эл аралык иликтөөнү уюштурууга колдоо көрсөтүү милдетин өзүнө алгандыгын жарыялаган. Мындан сырткары Еврошаркет Кыргызстанга ири экономикалык колдоо көрсөтүүнү убада кылууда.

XS
SM
MD
LG