Кыр ашпаган коррупцияга каршы күрөш
Апта соңунда Кыргызстанда Коопсуздук кеңеши жыйынга чогулду. Анда президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү сынга алды жана прокурорлор менен сотторду «коррупционерлерди калкалап жатат» деп айыптады.
Жээнбеков анда 12,5 жылга соттолгон, кийин абактан сот чечими менен чыгып, качып кеткен Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жооптуу кызматкери Насирбек Алмаматовдун окуясына токтолду:
- Мага сөз тийип жатпайбы! Мен жасагандай, тапшырма бергендей болуп жатат! Силер отурасыңар, былтыйып! Мына ушинтип элдин мамлекеттик бийликке ишеничи кетет. Көрүнөө жасалып, чара көрбөй жатасыңар. Эмне деген акмакчылык? Өзүңөр аралашкансыңар! Башкы прокуратура, сот, өзүңөр аралашкансыңар, ошондуктан чара көрө албай жатасыңар. Мен бул боюнча декабрда эле айткам. Ошондон бери чара көрбөй жатасыңар. Ушул боюнча эмнеге чара көрүлбөйт?
Президент башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевадан Алмаматовду бошотуп жиберген судья менен ага каршы арызданбаган прокурорго эмнеге чара көрүлбөгөнүн сурады, бирок алар үн каткан жок.
Насирбек Алмаматов мындан эки жылдан ашыгыраак убакыт мурун Мамлекеттик каттоо кызматынын Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүн жетектеп турганда камакка алынган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал автоунааларды каттоо, кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык айла-амал түзүп алганын билдирген жана атайын видеотасманы да жарыялаган.
Былтыр мартта Бишкектеги Октябрь райондук соту Алмаматовду 12,5 жылга кескен. Ошондон көп өтпөй эле Бишкек шаардык соту аны 3,3 миллион сомдук айыпка жыгып, абактан бошотуп жибергени маалым болгон.
Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун 2019-жылдын 9-июлунда чыгарган өкүмүн жокко чыгарып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ошол кезде Алмаматов качып кеткени маалым болуп, милиция ага издөө жарыялаган.
Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөштү аксаткан аткаминерлерди кызматын тапшырууга чакырды. Ал УКМКга караштуу Коррупцияга каршы кызматка, Финансы полициясы менен мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн мекемелерге ишкерлер менен эл нааразы экенин айтты:
- «Реформа кылып жатабыз» деп айтып жатасыңар. Аны айтыш оңой, бирок ишке ашырыш, сөз менен ишти айкалыштыруу кыйын. Муну эрки жана ыйманы бар, баласынын, өлкөнүн келечегин ойлогон гана жетекчи кыла алат. Укук коргоо органдарынын жетекчилери, өзүңөрдүн ичиңердеги коррупция менен күрөшүүгө көңүл кош мамиле кылып жатасыңар. Коррупция менен күрөшүш үчүн биринчи укук коргоо органдары тазаланышы керек. Министр, губернатор, акимдер өздөрү таза болмоюнча муну ишке ашырыш кыйын. Ошондуктан колуңардан келбесе арыз жазып кеткиле да. Колунан келген адамга орун бошоткула.
Бирок эч ким ошол коррупцияга каршы күрөштө чабалдык кылып жатканын мойнуна алып, ордунан туруп кеткен жок. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөткө коюлган дооматтарды негиздүү деп тапты:
- Министрлердин, өкмөт мүчөлөрүнүн аткаруучулук тартибинде маселе бар. Жасалбай калган иштердин көбү өзүбүздүн шалаакылыгыбыз жана көңүл кош мамилебиз болуп жатат. 22-январда жыйын кылып, 49 адамга чара көрүү жөнүндө чечим кабыл алдык.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдиргендей, 2018-жылы коррупциялык жана кызматтык кылмыштар боюнча дээрлик миңге чукул иш козголгон. Былтыр болсо мындай фактылар бир канча эсе көбөйүп, төрт миңге чамалаган.
Анткен менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү Адил Турдукуловдун пикиринде, коррупцияга каршы күрөштө азыркы бийликке артылган ишеним акталган жок.
- 2018-жылы Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөш боюнча Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзүнөн кийин коомчулукта ага ишеним пайда болгон, - деди ал. - Бирок ошол ишеним акталган жок. Коррупциялык иштерди прокуратура, УКМК жана башка күч органдары эмес, жарандык коом жана журналисттер ачып жатат. Негизи бул иштердин башында укук коргоо органдары турушу керек эле. Бирок мунун саясий жоопкерчилиги президентте.
Жыйын соңунда 30 мамлекеттик кызматкерге чара көрүш керек экендиги айтылды. Алардын ичинде Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиевге, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетовго жана анын эки орун басарына катуу сөгүш берүү, ал эми Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Жолдошбек Жунушевди кызматтан алуу сунушталды. Бирок Коопсуздук кеңешинин жыйынында кийинки убакта «Азаттыктын» иликтөөлөрүндө айтылган бажы тармагы тууралуу сөз болбогону коомчулукта талкуу жаратты.
Разаковго айтылган сын
Бул жумада Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек ара боюнча нааразылык акциясына чыккандардан кечирим сурашын талап кылды. Ал өкмөт өкүлүнө «чек араны чечип бергиле деп суранган элди жамандады» деп нааразы болду:
- «Чек арага жардам бергиле, тактап бергиле» деп чыккан элди «акчага чыккандар» деп атады. Бул элди мазактоо. Разаков же сот алдында жооп бериши керек же кызматын тапшырып же бүгүндөн калбай элдин алдына чыгып кечирим сурасын. Факт жок! Баткенден, айыл-ападан келип, радикалдуу сөздөрдү эмес, карапайым элдин талабын айтып жатса «акчага чогулгандар» деп атады. Бул абдан чоң ката.
Разаков мунун алдында Бишкекте өткөн аптадагы митинг «акчага уюштурулган» деген оюн ачыкка чыгарган эле:
- Менин жеке оюмда, алар акча менен чыгарылган адамдар. Эгер «кимдин адамы көп» десеңер мен да адамдарымды чыгарып көрөйүн. Баткенди көтөрөйүн, анда биз элди көтөрүп эле жүрө берели. Мен мамлекеттик кызматкермин, мага андай болбойт.
Жогорку Кеңештин алдында 15-январда чек ара маселесин чечүүнү, Баткендин Көк-Таш айылында кармалгандарды бошотууну талап кылып нааразылык акциясы өткөн. Анда «Разаков кызматтан кетсин» деген да сөз болгон.
Ал арада журналист Канышай Мамыркулова Жеңиш Разаковду сотко бергени маалым болду. Журналист 23-январда доо арыз менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кайрылганын, адамдык кадыр-баркына жана жарандык ар-намысына шек келтиргени үчүн Разаковдон 5 миллион сом айып пул өндүрүүнү талап кылып жатканын «Азаттыкка» айтып берди:
- Эгер ошол каражат өндүрүлсө, биз Баткен элинин социалдык ал-абалын чыңдоого жумшап берет элек. Бул жөн гана жарандык позиция. Болбосо Разаковдун акчасына ким байыйт?
Разаков буга байланыштуу азырынча үн ката элек. Анын аты «Азия Ньюс» гезитинин редактору Асланбек Сартбаевдин ишинде да аталып жатат. Журналист өткөн аптада Аскер прокуратурасына бир канча сурак берип чыккан. Сартбаев өзү тергөөгө байланыштуу маалыматты сыртка чыгарбоо тууралуу тилкат жазып бергенин жүйө кылып, комментарий берген эмес. Бирок бир катар маалымат каражаттары жана жарандык активисттер журналист Жеңиш Разаковдун арызы боюнча суралып жатканын айтып чыгышкан.
Былтыр март айында «Азия Ньюс» гезити Жеңиш Разаков тууралуу макала басып, анда ал Тажикстанда кармалып чыкканын жазган. Басылма буга далил катары Разаков 2010-жылы Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп турган учурда жетекчисине жазган түшүнүк катын жарыялаган.
Жеңиш Разаков буга чейин «Азаттыктагы» маегинде өзү жөнүндө таратылган маалыматтарды УКМК текшерип, эч кандай мыйзам бузуу жок деген тыянак чыгарганын билдирген.
Кыргыз-тажик алмашылчу жерлер
Ал арада Кыргызстан менен Тажикстан алмашканы жаткан эки жер боюнча айрым маалыматтар ачыкка чыкты. Анда Баткендин Көк-Таш айылындагы Арык-Асты тилкеси менен тажикстандыктар жашаган Майский айылы алмашыла турганы айтылды. Экинчиси болсо Кыргызстандын Самаркандек айылы менен Тажикстандын Чорку айылы чектешкен аймактагы жерлер экени белгилүү болду.
Деген менен кыргыз өкмөтү Кыргызстан Тажикстанга алмашат деген жерлер тууралуу азырынча расмий комментарий бере элек. Тажик бийлиги да үн ката элек. Эки өлкөнүн чек ара маселелери боюнча жумушчу топтору 22-январда Бишкекте жолугуп алмашылчу жерлерди талкуулады.
«Азаттык» алмашылганы жаткан жерлер тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундарды кепке тартты. Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрованын «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, мурда Арык-Асты участогунун аянты 17 гектар болчу. Кийин кыргызстандыктар жерлерин сатып жиберип, учурда 14 гектардай жер бар. Бул аймакта 2014-жылга чейин 30дан ашык турак жай болгон. Тажикстан менен чек ара чырларынан улам кыргызстандыктар көчүп кетип, учурда Арык-Астыда кыргыз жарандары жашабайт.
Дахма аймагында кыргыздар жашайт жана ал жер бизге калат.
- Дахма аймагында кыргыздар жашайт жана ал жер бизге калат. Ал эми Дахмадагы Майский деген айылда тажиктер жашайт. Жер алмашылгандан кийин алар Майскийден көчүп Арык-Астыга кетишет. Бул маселени эки президент гана сүйлөшүп чече алат экен. Башка эч ким чече албайт. Жеңиш Парпиевичтин айтканы боюнча ушул жерлерди алмашууга Тажикстан макулдук бериптир, - деди Өсөрова.
Жергиликтүү тургундар өкмөттөн алмашылчу жерлер боюнча так маалымат берип, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек экенин айтып жатышат. Ак-Сай айылынын жашоочусу Зайнидин Дубанаев бул тууралуу мындай деди:
- Чек ара боюнча сүйлөшүүлөр кандай болгону тууралуу маалыматтар жергиликтүү тургундарга жетпей калып жатат. Ушуну бизге түшүндүрүп, «мына ушундай болуп жатат» дешсе жакшы болмок. Биз болсо сыналгыдан гана маалымат алуудабыз.
Эки өлкө алмашканы жаткан жерлер маселеси тууралуу Жогорку Кеңеште да сөз болду. «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев парламенттин 22-январдагы жыйынында өкмөттөн маалымат талап кылды:
- Өкмөт Жогорку Кеңеш документтерди ратификация кылардын алдында депутаттарга алмашылып жаткан жерлердин аянты, баалуулугу бирдейби - ушул боюнча маалымат берсин. Биз ушуга жараша эл менен сүйлөшүп, акылдашып туруп ошого жараша чечим кабыл алабыз. Эртең жалган мекенчилдер сындап чыгат.
Жергиликтүү эл жер алмашууда жердин аянтынан тышкары анын сапаты, суунун жеткиликтүүлүгү сыяктуу маселелер эске алынышы керек деп эсептейт. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 971 чакырымды түзөт. Анын 450 чакырымдан ашыгы тактала элек.
2014-жылы Кыргызстан менен Тажикстан жер алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштап, анда да Арык-Асты тилкеси алмашылчу жерлердин тизмесине кирген. Бирок белгисиз себептер менен иш токтоп калган. Дахмада кыргызстандыктар менен тажикстандыктардын көчөлөрү аралашып жайгашып калган жана чек ара чыры көп катталган аймак деп эсептелет.
Расмий кабарларга ылайык, быйыл 10-11-январь күндөрү кыргыз-тажик чек арасында болгон чатак да ушул Дахма тилкесинде башталган. Тажикстан кыргыз тарап менен алмашылчу жерлер боюнча азырынча эч кандай маалымат таратпай турат. Тажикстандагы «Азия-Плюс» агенттиги тажик өкмөтүндөгү булактарына таянып, тажик тарап былтыр эле жер алмашуу боюнча Кыргызстанга 60тан ашык сунуш киргизгенин жазды.
14-январда кыргыз-тажик өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында алты пункттан турган протоколго кол коюлган. Анын негизинде топографиялык жумушчу топтор 1-мартка чейин Кыргызстандын Баткен району менен Тажикстандын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди алмашуу боюнча сунуштарды иштеп чыгышы керек.
Кытайдан тараган вирус
Кытайда өпкөнү сезгенткен вирустан өлгөндөрдүн саны 40тан ашты. Бул оору жүздөгөн адамга жукту жана алардын айрымдарынын абалы оор. Вирус жуккандар Кытайдын сырткары АКШда, Таиландда, Вьетнамда, Сингапурда, Жапонияда, Түштүк Кореяда, Тайванда, Непалда, Францияда жана Австралияда да катталды.
Алгач Кытайда коронавирус биринчи катталган Ухань шаарынын тургундарына сыртка чыкпоо жөнүндө көрсөтмө берилди. Миллиондогон киши жашаган бул калаада коомдук транспорт тыптыйпыл токтоду. Бийлик темир жол вокзалы менен аэропортту да убактылуу жапты жана туристтерди Ухандан оолак болууга чакырып жатат.
Андан соң Хубэй провинциясында Ухандан башка дагы ондон ашык шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Мамлекеттик маалымат каражаттары Личуань, Чиби, Сяньтао өңдүү шаарларда да коомдук транспорттун каттамына чектөө киргизилгенин жазышты. Баш калаа Бээжинде Жаңы жылдык иш-чаралар өткөн жок.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Чукул кырдаалдар комитети 22-январда чукул жыйынга чогулду. Анда комитеттин башчысы Дидье Уссин абалды байкап-талдап жатышканын айтты:
- Чукул түзүлгөн комиссиянын жыйынында вируска байланыштуу жагдайга, анын жайылып кетүү коркунучуна баа бердик. Бизде албетте, Кытай бийлиги гана берген маалымат бар. Ал жакында катталган фактылар менен гана чектелет. Комитет бул маалыматты терең талдап, уюмдун жетекчилигине сунуштарды берет.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Бээжиндин илдетке каршы чараларына жогорку баа берди. Бирок вируска байланыштуу өзгөчө абал жарыялаган жок.
Кыргызстанда коронавируска байланыштуу жагдайды көзөмөлдөш үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Ал штабдын курамына Саламаттык сактоо министрлигинин жана бир катар тийиштүү мамлекеттик органдардын адистери кирген. Ыкчам штабдын мүчөлөрү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү менен байланышып, ыкчам маалымат алмашып турушат.
Кыргызстанда Кытайдын аймагында чыккан коронавирус учурлары катталган жок. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылдын декабрынан тартып жаңы вируска чалдыгуунун биринчи учурлары катталгандан кийин эле адистер тийиштүү алдын алуу жана даярдык иштерин жүргүзүүдө.
Коронавирустун алдын алыш үчүн кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын бардык көзөмөл-өткөрмө жайларында, Бишкек жана Ош шаарларынын аэропортторунда оорунун белгилерин аныкташ үчүн дене табын өлчөөчү жабдыктар орнотулду. Санитардык карантин пунктунун адистери бул жабдыктар менен Кыргызстанга Кытайдан жана үчүнчү өлкөлөрдөн келгендерди текшеришүүдө.
Жугуштуу оорулардын республикалык ооруканасында коронавирус аныкталган шартка даярдалып, атайын үч палата орнотулду. Дарыгерлер үчүн зарыл болгон коргоочу каражаттар сатып алынды.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайдагы мекендештерди жана коңшу өлкөгө барууга камынып жаткан жарандарды сак болууга чакырып, сунуш кылынган чараларды, анын ичинде коргоочу бет каптарды милдеттүү түрдө колдонуу керек экенин эскертет.
Буга чейин Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кытайдан эт азыктарын ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизген. Ушундай эле чаралар Кытайга коңшулаш жашаган Борбор Азиянын башка мамлекеттеринде да көрүлүп жатат.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.