Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

Бишкек менен Дүйшөмбү кайсы жерлерди алмашат?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Тажикстан алмашканы жаткан эки жер боюнча айрым маалыматтар ачыкка чыкты.

Ага ылайык алмашылчу жердин бирөө Баткендин Көк-Таш айылындагы Арык-Асты тилкеси менен тажикстандыктар жашаган Майский айылы. Ал эми экинчиси Кыргызстандын Самаркандек айылы менен Тажикстандын Чоркух айылы чектешкен аймактагы жерлер экени айтылды.

Кыргыз өкмөтү Кыргызстандан берилчү жерлерди ачык айтканы менен Тажикстан азырынча расмий маалымат бербей турат. Эки өлкөнүн чек ара маселелери боюнча жумушчу топтору Бишкекте жолугуп алмашылчу жерлерди талкуулады.

Арык-Астыга алмашылчу жер

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча, Кыргызстан Баткендин Көк-Таш айылындагы Арык-Асты жана Самаркандек айылындагы Самаркандек тилкесин Тажикстан менен алмашканы жатат. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков буга эки тараптан тең макулдук бар экенин 21-январда жарыялаган. Бирок тажик тарап кайсы жерлерин берери айтылган эмес.

Биз алмашылат деп жаткан жерлер тууралуу маалыматтарды чогултуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар менен сүйлөштүк. Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрованын «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, мурда Арык-Асты участогунун аянты 17 гектар болчу. Кийин кыргызстандыктар жерлерин сатып жиберип, учурда 14 гектардай жер бар. Бул аймакта 2014-жылга чейин 30дан ашык турак жай болгон. Тажикстан менен чек ара чырларынан улам кыргызстандыктар көчүп кетишип, учурда Арык-Астыда кыргыз жарандары жашабайт.

- Дахма аймагында кыргыздар жашайт жана ал жер бизге калат. Ал эми Дахмадагы Майский деген айылда тажиктер жашайт. Жер алмашылгандан кийин алар Майскийден көчүп Арык-Астыга кетишет. Бул маселени эки президент гана сүйлөшүп чече алат экен. Башка эч ким чече албайт. Жеңиш Парпиевичтин айтканы боюнча ушул жерлерди алмашууга Тажикстан макулдук бериптир, - деди Өсөрова.

2014-жылы Кыргызстан менен Тажикстан жер алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштап, анда да Арык-Асты тилкеси алмашылчу жерлердин тизмесине кирген. Бирок белгисиз себептер менен иш токтоп калган. Дахмада кыргызтандыктар менен тажикстандыктардын көчөлөрү аралашып жайгашып калган жана чек ара чыры көп катталган аймак деп эсептелет.

Расмий кабарларга ылайык, быйыл 10-11-январь күндөрү кыргыз-тажик чек арасында болгон чатактын башы да ушул Дахма тилкесинде башталган. Тажикстан кыргыз тарап менен алмашылчу жерлер боюнча азырынча эч кандай маалымат таратпай турат. Тажикстандагы «Азия-Плюс» агенттиги тажик өкмөтүндөгү булактарына таянып, тажик тарап былтыр эле жер алмашуу боюнча Кыргызстанга 60тан ашык сунуш бергенин жазды.

Жергиликтүү кеңеш жер алмашууга каршы

Эми кыргыз өкмөтү Тажикстанга алмашылат деген Самаркандек айылындагы Самаркандек тилкеси тууралуу сөз кылсак. Коопсуздугунан улам атын атагысы келбеген жергиликтүү бийликтин өкүлү өткөн аптада айылдык кеңештин депутаттары Тажикстан менен жер алмашууну четке какканын айтты.

Анын сөзүнө караганда, чек ара аймагындагы Самаркандек айылындагы 1 гектар 40 сотых жерди Тажикстандын Чоркух айылындагы ушундай эле аянттагы жерге алмашуу сунушу болгон. Жер алмашылса, кыргызстандыктарга суу таңкыстыгы пайда болот деген негиз менен жергиликтүү депутаттар каршы чыгышкан. Кыргызстан алмашчу жер мамлекеттин карамагында турат.

Маселенин чоо-жайын билиш үчүн Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Шайлообек Гапаров менен байланышканыбызда буларды билдирди.

- Бизде болгону ФПСтин (мамлекет ээлик кылган жер) гана жерлери бар. Бирок алмашылчу жерлер так контрлар менен белгиленген эмес. Алмашылат деп аткан жер ФПСтин жери болушу мүмкүн.

Тажикстандын Чоркух айылынан бир көрүнүш. Тоо арасындагы бул айылдын атын кыргызчалаганда төрт тоо деген маани берет.
Тажикстандын Чоркух айылынан бир көрүнүш. Тоо арасындагы бул айылдын атын кыргызчалаганда төрт тоо деген маани берет.

14-январда кыргыз-тажик өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында алты пункттан турган протоколго кол коюлган. Анын негизинде топографиялык жумушчу топтор 1-мартка чейин Кыргызстандын Баткен району менен Тажикстандын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди алмашуу боюнча сунуштарды иштеп чыгышы керек.

22-январда чек ара маселеси боюнча кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн жолугушуусунда жер алмашуу иши негизги маселе болору айтылган. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы кандай болгону азырынча белгисиз. Чек ара маселеси боюнча эки өлкөнүн сүйлөшүүсү Бишкекте 25-январга чейин уланат.

Жергиликтүүлөргө жетпеген маалымат

Ал эми жергиликтүү тургундар өкмөттөн алмашылчу жерлер боюнча так маалымат берип, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керектигин айтып жатышат. Ак-Сай айылынын жашоочусу Зайнидин Дубанаев бул тууралуу мындай деди.

- Чек ара боюнча сүйлөшүүлөр кандай болгону тууралуу маалыматтар жергиликтүү тургундарга жетпей калып жатат. Ушуну бизге түшүндүрүп, «мына ушундай болуп жатат» дешсе жакшы болмок. Биз болсо сыналгыдан гана маалымат алуудабыз.

Өкмөт толук кандуу маалымат бериши керектигин Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев да айтты. Ал бул тууралуу парламенттин 22-январдагы жыйынында маселе көтөрүп, буларга токтолду.

- Өкмөт Жогорку Кеңеш документтерди ратификация кылардын алдында депутаттарга алмашылып жаткан жерлердин аянты, баалуулугу бирдейби - ушул боюнча маалымат берсин. Биз ушуга жараша эл менен сүйлөшүп, акылдашып туруп ошого жараша чечим кабыл алабыз. Эртең жалган патриоттор сындап чыгат.

Жергиликтүү эл жер алмашууда жердин аянтынан тышкары анын сапаты, суунун жеткиликтүүлүгү сыяктуу маселелер эске алынышы керек дешет. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 971 чакырымды түзөт. Анын 450 чакырымдан ашыгы тактала элек.

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери эки өлкөнүн президенттеринин телефондон акыркы сүйлөшүүсүнөн кийин жанданды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG