Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:54

Апта окуясы: Президент келерки шайлоого баратат


Президент Курманбек Бакиев экинчи мөөнөт үчүн шайлоого катышуу ниетин билдирди. Президенттик шайлоо болсо Конституциялык Соттун чечимине жараша аныкталмай болду.

Ошентип президент Курманбек Бакиев келерки шайлоого талапкер катары катышуу ниетин өтүп бараткан аптада журналисттер үчүн уюштурган маалымат жыйынында жарыялады:

- Барамын. Себеби Конституциянын негизинде ушундай укугум бар. Ошол укукту пайдаланышым керек, биринчиден. Экинчиден эгерде үч жылдан ашып, төрт жылга баратат, жасаган иштерибизден жыйынтык чыкпай, кандайдыр бир жакшы көрсөткүчтөргө жетишпей, саясий стабилдүүлүк болбой, көп начар жыйынтыктар болгондо ойлонсок болот эле, кой эмнегедир болбой атат, кетиш керек окшойт деп. Мына 2008-жылы бир жыл толук саясий стабилдүүлүк болду, саясий стабилдүүлүк. Акыркы митинг 2008-жылы апрель айында болду.

Президент белгилеген акыркы митингди президенттин мурдагы тандемдеши Феликс Куловдун “Бириккен фронт” деген кыймылына бириккен оппозиция уюштуруп, ал атка минерлерди бийликти өз каалоосу менен өткөрүп берүүнү талап кылган. Узак мөөнөткө чыккан митингчилерди бийлик күч менен таркатып, оппозициялык лидерлердин алды Коопсуздук кызматынын сурагына түшүп, катышуучулардын бир тобу камакка алынышкан. Кийинчерээк нааразылык акцияларын өткөрүү эрежелери атайын мыйзамдар менен күчөтүлгөн.

Талдоочулар президент үчүн келерки шайлоодогу жетишкендиги өткөн мезгил ичиндеги аткарган иштерине караганда алдыда аткара турган иштеринен көз каранды болорун эскертишүүдө. Мындай пикирин талдоочу Марат Казакбаев билдирди:

- Өткөндөгү иштери элге көрүнбөйт. Камбарата-1 ГЭСи он жылга чейин ишке кирип калса, региондорго Орусиядан алып аткан 300 млн. доллар жетсе, реформаларды жүргүзсө, анда Бакиев утуп кетет.

Президент ошондой эле эки мөөнөттөн ашык иштебей тургандыгын, Конституциянын айланасында ар кандай саясий оюндарга жол бербестигин да убада кылууда:

- Мурункудай Конституцияны өзгөртө коюп, кандайдыр бир жаңылыктарды киргизип, жок, жаңы Конституциянын негизинде дагы бир беш жыл иштешим керек эле деген оюндар болбойт. Конституция кабыл алынды, өзгөртүүлөр, толуктоолор болобу-болбойбу азыркы Конституция боюнча эки мөөнөт берилген, ошонун негизинде иштейбиз.

Ошентсе да келерки шайлоо бул ирет Кыргызстандын 2007-жылы референдум аркылуу кабыл алынган Конституция менен эмес, Конституциялык Соттун чечимине жараша аныкталчудай. Мындай жагдайдын түзүлүшүнө Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын Конституциялык Сотко кайрылгандыгы себеп болууда.

Парламенттеги оппозициялык фракция бир жылдан бери президенттик шайлоо 2010-жылы эмес, 2009-жылы, октябрдын акыркы аптасында өтүшү керек деген талаштуу маселени көтөрүп келатат. Демилгечилер биринчи мөөнөттө эски Конституция боюнча шайланган президент Курманбек Бакиев экинчи мөөнөткө ошол эле Конституция аркылуу барганы мыйзамдуу деп эсептешүүдө.

Президент Курманбек Бакиев 2003-жылы 18-февралда кабыл алынган Конституциянын чегинде шайланган. Эски Конституцияга таянган демилгечилердин бири, фракциянын төрага орун басары Иса Өмүркуловдун айтымында иштеп жаткан президент өзүнүн иш мөөнөтүнүн бешинчи жылында, октябрдын акыркы аптасында келерки шайлоону уюштурушу керек. Андай болбогон шартта президенттин иш мөөнөтү алты жылга созулуп, мыйзам одоно бузулат дейт саясатчы:

- 44-берененин биринчи пунктунда президенттин кезектеги шайлоосу октябрдын акыркы аптасында президенттин иштеп жаткан бешинчи жылы өткөрүшү керек деп, так, даана жазылып турат. Ал эми азыр иштеп жаткан Конституция менен жаңы президент шайланат.

Бийликтин “Ак жол” партиясы жана анын парламенттеги фракциясынын өкүлдөрү оппозициянын мындай демилгесин жөнү жок, жеңил баалуулук деп, келерки президенттик шайлоо жаңы Конституцияга ылайык 2010-жылы өтөт деген ишенимде турушат. “Ак жол” фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештеги комитет төрагасы Зайнидин Курманов соцдемдин талашында негиз жок деп эсептейт. Курмановдун түшүндүргөнү боюнча мурдагы Конституцияларды Конституциялык Сот жокко чыгарып койгон, ошондуктан, алар иштебейт.

- Жаңы Конституциянын 43-беренесинде президент беш жылга шайланат деп турат. Ага ылайык президенттин жаңы шайлоосу Жогорку Кеңештин токтому менен дайындалат.

Курманбек Бакиев бийликке келген 2005-жылдан бери Кыргызстанда Конституцияга үч ирет өзгөртүү киргизилди. Бийликке каршы күчтөрдөн куралган “Реформа үчүн” кыймылынын 2006-жылкы ноябрь митингдеринин арты менен кабыл алынган Конституцияны бийликти жактаган парламенттик көпчүлүк ошол эле жылы 31-декабрда кайра өзгөрткөн.

Конституциянын бул эки редакциясы тең легитимсиз деп санаган ошол кездеги депутаттар Мелис Эшимканов менен Кабай Карабеков Конституциялык Сотко кайрылып, аны Конституциялык Сот канагаттандырып берген болчу. Бул азыр иштеп жаткан Конституциянын референдум аркылуу алынышына жол ачып берген. Оппозициялык эки саясатчынын аракети Курманбек Бакиевдин кызыкчылыгына саясий оюн жүргүздү деп кезинде оппозициячылардын кескин сынына кабылган.

Жаңы баш мыйзамда Кыргызстандын президенти беш жылга шайланат деп жазылган. Андай болгондо президенттик шайлоо 2010-жылдын июлуна туура келет. Кыйла талдоочулар оппозициянын колдоосуна ээ болуп жаткан социал-демократтардын демилгесин оппозициянын шайлоону тездетип, ал аркылуу өзүнө упай топтоо аракети деп, президенттик шайлоо жаңы Конституцияга ылайык, мыйзам чегинде өтүшү керек деп жатышат.

Президент Бакиев болсо жарым жылдын ары-бериси маанилүү эмес экендигин эскертип, эң башкысы өзүнүн президенттик шайлоого баруусуна шарттар бар экендигине басым жасады. Ага жараша Курманбек Бакиев президенттик шайлоого камылгаларды баштагандыгы азыр коомчулукта кеңири айтыла баштады.

БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров президенттин быйыл өтүш ыктымалдыгын жокко чыгарган жери жок. Шайлоонун чукул өтүшүнө биринчи кезекте президент өзү кызыкдар болуп жатат. Саясатчы муну президент өз атаандаштарына даярданууга мүмкүндүк бербөө максатында атайын жасоодо дейт.

Оппозиция лидерлери президенттин шайлоого баруу тууралуу билдирүүсүн көңүл сыртында калтырып, оппозиция президенттик шайлоого барар-коеру тууралуу кандайдыр бир камылгаларды көрүүнүн учуру келе элек дешүүдө. Мындай пикири менен СД фракциясынын башчысы Бакыт Бешимов бөлүштү:

- Биз азыр президент Бакиевден айырмаланып, президенттик экинчи мөөнөткө чуркайбыз деген ойду айткыбыз келбейт. Азыр биз кыргыз эли каржылык кризистен кантип чыгып кетет деген ой менен башыбыз катып атат. Ошол тарапка иштеп атабыз. Саясий күрөш боюнча кези келгенде өз оюбузду так жана бекем айтабыз. Артыбызда калың эл турат. Элдин пикири кандай экенин да жакшы билебиз. Биздин да тиешелүү күчүбүз бар.

Элдик кыймылга бириккен оппозиция азыркы бийлик мамлекеттин кызыкчылыгында иш алып барып жатат деген ойдон алыс турат. Тескерисинче бийликти ички, тышкы саясатта өзүн көрсөтө алган жок, мамлекеттик башкарууга кудуретсиз болуп чыкты, коррупцияга, үй-бүлөлүк башкарууну күчөттү, демократиялык жолдон кайтып, авторитардык башкарууну тандап алды деп сындап жатат.

Мамлекеттин кызыкчылыгын коргобой жатат деген оппозиция Бакиевди бийликтен кетирүү талабын алдыга чыгарып, бул багытта жазында нааразылык акцияларын өткөрүүнүн жолдорун талкуулоонун үстүндө келатат.

Анткен менен оппозиция президенттик жарышка байланышкан маселени жакынкы күндөрү талкуулоого камданып жаткандыгы тууралуу божмолдор айтылып жатат. Саясат таануучу Кубан Абдымендин көз карашында Курманбек Бакиев сыяктуу эле азыр оппозициядан деле талапкердикке ат салышууну каалагандардын аттарын четинен саноого болот. Президенттикке ат салышуу ыктымалдыгы бар саясатчылардын катарында азыр коомчулукта оппозициядан Өмүрбек Текебаев, Алмаз Атамбаев, Бакыт Бешимов, Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров баштаган толгон-токой саясатчылардын аттары аталууда. Президент Курмананбек Бакиев дагы өзүнө атаандаш чыга турган саясатчылардын саны аз эмес экенин маалымат жыйынында мойнуна алды.

Бекназаровдун болжолунда президенттик шайлоого оппозициядан бир нече талапкер, атүгүл бир талапкер сунушталышы ыктымал. Саясат таануучу Марат Казакбаев кандай болгон шартта да оппозициянын алдыдагы шайлоодогу жетишкендиги анын биримдигинен, бир лидерди сүрөп, өз күчүн ошого багыттагандан көз каранды деген оюн билдирди. Андай болбогон шартта административдик кысымга кабылган оппозициянын кандайдыр бир ийгилик жаратышы күмөн.

Анткен менен президенттикке ат салышуу ыктымалдыгы бар оппозициядагы тың чыкма саясатчылардын басымдуу бөлүгүнүн мойнунда кылмыш иштери илинип турат. Президент шайлоого барарын айтаардын алдында тирешүүнү,куугунтукту токтотуп, оппозиция менен сүйлөшүүгө президентти чакырган.

Президент болсо маалымат жыйынында оппозициялык күчтөр менен сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирип, бирок радикалдуу оппозиция менен сүйлөшүү кыйын болорун кыйытты. Куугунтукту токтотуу боюнча президент менен сүйлөшөбүз деген оппозиция азыр бийликтен иштиктүү аракет күтүп турат. Президенттик шайлоо алдындагы оппозиция менен бийликтин сүйлөшүүсү кандай тыянак берерин убакыт көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG