Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:58

А.Атамбаев: Биринчи кезекте үй-бүлөлүк башкарууну жоготом


27-майда мамлекеттик тил комиссиясынын сынагынан президенттикке бирдиктүү оппозициядын талапкер болгон Алмазбек Атамбаев ийгиликтүү өттү. Комиссиянын 9 мүчөсү тең аны кыргыз тилин билет деп баалашты. Талапкердин өзү болсо Кыргызстандын башкы башоорусу дүйнөлүк кризис эмес, үй-бүлөлүк башкаруу болуп жатканын, эгер президент болуп калса анда ага чекит коёрун билдирди.

Оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын (БЭК) президенттикке бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев кыргыз тилинен сынактан өтүп жатып, анын шайлоо алдындагы программасында президенттин мөөнөтүн бир жылдык кылып, ыйгарым укуктарына чек коюу, бийликти эл үчүн иштетүү маселеси тургандыгын белгиледи.

-Биринчи иретте үй-бүлөлүк башкарууну жоготом. Анткени Кыргызстандын азыркы начар абалына дүйнөлүк кризис же программалардын жоктугу эмес, үй-бүлөлүк башкаруу күнөөлүү. Тилекке каршы, билйиктин бардык бутактары мамлекет үчүн, эл үчүн иштебей, үй-бүлөлүк башкаруу үчүн иштеп жатат. Андан дагы жаман учурлар бар, кээ бирде өкмөт мүчөлөрү, губернаторлор, акимдер президенттин жакындарынын кабылдамаларында отурушат буйрук күтүп. Бул жакшы эмес Кыргызстан үчүн. Демек башкаруу системасы бузулган, иштебей калган.

Ал ошондой эле президент Курманбек Бакиев жакында ишке киргизилет деген Кристалл заводу азыркы эле бийликтеги абройлуу адамга жең ичинен ит бекер арзан баага сатылып кеткенин билдирди.
Азыр укук коргоо органдары кылмышкерлер менен эмес, өз элине каршы күрөшүп жатат, бул жаатта да терең реформалар керек.
Алмаз Атамбаев

Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагулов аны башкаларды сындаганды токтотууну жана шартка ылайык өзүнүн шайлоо алдындагы программасы жөнүндө айтуусун өтүндү эле, А.Атамбаев ага жооп кылып "менин программам ушул - үй-бүлөлүк башкарууну токтотуп, ууруларды тыюу" деди.

Жыйынтыгында Тил комиссиясынын 9 мүчөсү тең А.Атамбаевди кыргыз тилин жакшы билет деген баасын берип, сынактан өткөрүштү.

Сынактан кийин А.Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, быйылкы жылдагы тил комиссиясы 2000-жылдагыга салыштырмалуу калыс, адилет карашканын, Аскар Акаевдин учурундагы тил комиссиясы президенттикке талапкер Юруслан Тойчубеков «Манас» эпосунан үзүндү айтса дагы, текши кыргыздар жашаган Нарындан мектепти бүтүргөн Ишенбай Кадырбековду дагы сынактан «кулатып» койгонун айтты.

Ал ошондой эле анын тарапкерлерине кол тамга чогултууда бийлик тарабынан ар кандай тоскоолдуктар болуп жатканын кошумчалады.

-Биздин кээ бир мүчөлөрүбүздү күчкө салып камап коюп жатат. Баткен облусунда кол тамганын 24 пайызын жараксыз деп тапты деген маалыматтар бар. Биздин аркабызда эл бар. Кудай бар. Баары бир кол тамгаларды топтоп туруп убагында тапшырып беребиз, -деди А.Атамбаев.

Бул маалыматтан кийин "Азаттыктын" кабарчысы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жамиля Алымбековага кайрылды. Ал болсо БЭКтин бирдиктүү талапкерине 50 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууда кандайдыр бир кысым болгону тууралуу БШКга эч ким кайрылбаганын билдирди.

-Биз алардын юристи менен иштеп жатабыз. Анан кийин бизге момундай тоскоолдуктар болуп жатат. Силердин кийлигишүүңөр зарыл деген маселе менен бирөө дагы кайрыла элек, -деди Алымбекова.

Ал эми СДП фракциясы бүгүн билдирүү таратып, анда шайлоо алдында бийлик бир талапкерге ыңгайлуу шарттарды түзүп, башкасына ар кандай тоскоолдуктарды жасап жатканын айыптады.

Мисалы, эл көп топтолгон жерлерде, «Айчүрөк» дүр-дүйнө дүкөнүнүн, базарлардын жанында талапкер Алмазбек Атамбаевге кол тамга чогултууга орунтук коюуга, акы төлөп жарнама орнотууга да уруксат берилбей жатат.

Ошол эле учурда башка бир талапкерди колдоп Бишкектин мектептериндеги бардык мугалимдерди кыстап, үй-бүлөсүндөгү шайлоочулардын тизмесин атайын баракчага толтуртуп жатканы айтылат бул билдирүүдө. Мындай көрүнүшкө БШКнын көз жумганы, талапкерлерге бирдей шарт түзбөгөндүк деп эсептейт СДПчылар.

БШКнын төрагасы Д. Лисовский Кыргызстандын Президенттин шайлоо улуттук мыйзамдарга ылайык ачык-айкын, акыйкат өтөт деп билдирүү жасоодо. Ал “талапкерлер үчүн тең шарттарды жана биздин өлкөнүн жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну камсыздоого БШК тарабынан баардык аракеттер жасалат” деп айтууда. Бул чындыкка коошобу? Бир талапкерге ыңгайлуу жакшы шарттар түзүлүп жатканын, баардык иш азыркы Президентке кызмат кылууга багытталганын БШК көрбөй жатабы? БШК “талапкерлер үчүн тең шарттарды камсыздоо” дегенди ушинтип түшүнөбү деген суроо туулат, деп айтылган билдирүүдө.

Акыркы маалыматтар боюнча, Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырганын Улуттук телеканал көрсөтө баштаганда Талас облусунда электр жарыгы өчүп калды. Талас облустук электр тармактар ишканасынын башчысы Алик Качкынбаев электр жарыгы техникалык себептен улам өчкөнүн белгилеп, бул көрүнүшкө саясий боёк берүүгө каршы экенин билдирди.

А.Атамбаевдин Таластагы ишенимдүү өкулү Асылбек Найзабеков жана анын жактоочулары “муну бөрк ал десе, баш алган жергиликтүү бийлик атайын жасады”, деген пикирлерин “Азаттыкка” билдиришти.

XS
SM
MD
LG