Төртүнчү болуп шайлоо жарышына катышуу мүмкүндүгүнө ээ болгон Алмазбек Атамбаевге шайлоо мыйзамы талап кылган 50 миңден кыйла эле арбын кол тамга чогултулган. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жамийла Алымбекованын ырасташынча, А.Атамбаев мыйзам талабына ылайык документтердин түгөл баарын тапшырган.
- Ошондой эле Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндөгү кодекстин 62-беренесине ылайык 20 ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындаган. Аны колдоп 160 миң 786 шайлоочу кол коюп беришкен.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Дамир Лисовский президенттик шайлоого талапкер катары катталчу 7 атаандаш калганын, алардын арасынан чогулткан кол тамгалары 50 миңге бираз жетпей калышынан жарыштан Акбараалы Айтикеев четтетилгенин жыйын соңунан кийин журналисттерге маалымдады.
- Бизге белгилүү болгондой ал сотко кайпрыла тургандыгын билдирди. Бул эми экинчи маселе. Бул жерде ким жеңишке жетерин же утулуп каларын айтыш кыйын, арызданыш анын эркиндеги иш. Азыр бизде 6 талапкер калды. Бүгүн биз төртүнчү талапкерди каттадык. Дагы эки талапкер калды. Жетөөнүн бирөөнү болсо каттоодон өткөргөн жокпуз,- деп айтты БШК төрагасы.
Дамир Лисовский эми 18-июндан тарта үгүт иштери башталарын, ал эми үгүт материалдарын талапкерлер элге жарыя кылардан мурда Борбордук шайлоо комиссиясына сөзсүз көрсөтүшү керек экендигин кошумчалады. БШК төрагасы иштеп жаткан президенттин маалымдоо каражаттарында арбын көрсөтүлүп, анын талапкерлигине эмитен эле колдоого алынып жатканы тууралуу байма-бай айтылган пикирлер чындыкка коошпостугун белгилеп, андай бүтүмдөргө таптакыр кошулбастыгын билдирди.
- Бул тууралуу мен эч нерсе айта албаймын. Анын үстүнө минтип суроо да туура эмес. Мен бул суроону башкача коер элем. Ар кимдин өзүнчө проблемасы бар. Канча адам болсо ошончо проблема. Алар өзүнүн пикиринде кала берсин, биз өз ишибизди жасап жатабыз. Ачык иштеп атабыз, тигил-же бул талапкерге жагалданайлы деген жерибиз жок.
Анткен менен бийлик өкүлдөрү ошол эле Алмазбек Атамбаевдин талапкерлигин жактап кол койгондорго колунан келген тоскоолдуктарын жасаганын атаандаштын ишенимдүү өкүлү Галина Скрипкина ачык эле айтты.
- Атүгүл айылдарда жашагандарды райондун акимине чейин кысымга алышты. Алардын аты-жөнүн мен бул жерде атайын келтирип отургум келбейт. Андай окуялар көп эле болду. Бизге кайрылышты, айтышты. Бирок адамдар андай тоскоолдуктарга карабастан, талапкер А.Атамбаевди колдоп колун коюп беришти.
Президенттикке талапкерлердин алдындагы чоң сыноо, албетте, 23-июлга белгиленген шайлоо. Бирок да ага жетишкенге чейин талапкерлер мамлекеттик тил сынагынан өтүп, 50 миңден кем эмес кол топтоп, шайлоо алдындагы ыгым-чыгымдарга деп өзүнчө эсеп ачып, ага 50 миллионго чейин сом акча, анан да шайлоо күрөөсүнө 100 миң сом коюп коюшу абзел. Шайлоо жарышына жол ачылган соң талапкерлердин текши баары 18-июндан тарта жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугушууга, мамлекеттик телеканалдагы таймаштарга катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Чоң сыноонун кезеги келди.