Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:29

Шайлоо бюллетендери эми бекем кайтарылат


Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны
Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны

Борбордук шайлоо комиссиясы 2- июлдагы отурумунда шайлоо бюллетендерин даярдоо, аны жер-жерлерге жеткирүү маселесин карады. Тизмеге кирген кыргызстандык шайлоочулардын жалпы саны 2 миллион 717 миң 818 адам. Ага чет жерлердеги 102 миң шайлоочуну кошуп, БШК тизмедегилерден 15 миң ашуун бюллетен даярдоого киришүүдө. Чет жерде иштеп жүргөндөрдүн саны тизмедегилерден кыйла эсе көп.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Дамир Лисовскийдин маалымдашынча, 27-июнга карата облустук, Бишкек менен Ош шаарларынан келген шайлоочулар тизмеси боюнча кыргызстандык шайлоочулардын жалпы саны 2 миллион 717 миң 818 адамды түзөт. Буга чет жерде иштеген 102 миң кыргызстандык шайлоочулардын тизмеси кошулмакчы. Мыйзам негизинде жалпы тизмедегилердин 0,5% бюллетени кошумча чыгарылат. Андай бюллетендердин саны 15 миң ашуун.

2007-жылкы парламент шайлоо учурундагы бюллетен чатагы дагы кайталанбашы үчүн бул ирет бюллетендер басылып жаткан жердин коопсуздугу бекем кайтарууга алынары Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда маалымдалды.

- Басмаканага кагаздар алынып келинди. Ички иштер кызматкерлери аны кайтарууга алышты. Ал жерде биздин өкүлдөр да бар. Кабыл алып жатышат. Анан кампага киргизип жаап, мөөр басылган кагаз менен чаптап коюшат. Анан алар комиссиянын катышуусунда, коопсуздук кызматкерлеринин көзөмөлүндө ачылат.- деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Дамир Лисовский президенттик шайлоо даярдыктарына арналган жыйында.

Антип катуу кайтарылган шайлоо бюллетенин мындан эки жыл илгери Кыргызстан социал-демократиялык партиянын Борбордук шайлоо комиссиясындагы өкүлү Эдил Байсалов сүрөткө тартып, Интернет аркылуу жалпыга жарыялап жиберген. Президенттикке талапкерТемир Сариевдин Борбордук шайлоо комиссиясындагы өкүлү Жаркын Бапанова ал окуянын чоо-жайын мындайча түшүндүрдү.

- Билбейм эми аны. Зал чоң. Киши көп. Эми мен аны айта албайм. Ал өтүп кеткен ишти эми азыр козгобой эле коелу. Эми азыр карайлы, ошондой болбошу үчүн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобунун жетекчиси Аманкул Молдалиевдин маалымдашынча, шайлоо бюллетендери басылып жаткан чакта “Учкун” акционердик коомунда башка иштер токтотулат. Кирип-чыгуу тартиби бекем сакталат.

- Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектешип турчу мүчөлөрү, анан БШК аппаратынын кызматкерлери гана кирип-чыга алат. Бул негизги жобо. Ал эми басмаканадан бюллетен даярдалып бүткөндөн кийин ошол жерде Борбордук шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш берүүгө укугу бар мүчөлөрүнүн катышуусунда, коопсуздук кызматкерлеринин катышуусунда, ошондой эле талапкерлердин өкүлдөрүнүн, байкоочулардын катышуусунда жараксыз бюллетендер чыгарылат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда ырасталган тизмедеги 2 миллион 717 миң 818 шайлоочунун ушу тапта Кыргызстанда бардыгы түкшүмөл суроолорду жаратып келет. Парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабековдун ырасташынча, расмий маалыматтар боюнча эле Орусияда жарым миллионго чукул кыргызстандыктар жүрүшөт.

-Орусиянын Чек ара кызматынын, Жамааттык коопсуздук келишиминин маалыматы боюнча Орусияда Кыргызстандын 520 миң жараны жүрүшөт. Бул өтөле чоң сан.

Миграция боюнча коомдук палатанын өкүлү Жаркынбек Касымбековдун кабарлашынча, чет жерде иштеп жүргөн мигранттардын жалпы саны 400 миңден ашуун.

- Расмий эмес маалымат боюнча чет жерде иштеп жүргөндөрдүн саны мындан эки, ал эмес үч эсе көп. Башкача айтканда, 1 миллион кыргызстандык чет жерде жүрөт. Алардын 60% эркектер, эмгекке жарамдуу, тукумун улантчу курактагы 18 жаштан 40 жашка чейинкилер. Алардын 80% орто жана атайын орто билимге ээ адамдар. 87% чейинкиси кичи шаарлар менен айылдардан келгендер.

Мына ушул миллионду айланчыктаган шайлоочулардын бар-жоктугу шайлоо-референдумдар тушунда козголуп, ошону менен унутта калып келатат.

XS
SM
MD
LG