Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:26

Уурдалган добуштар, үзүлбөгөн үмүттөр убарасы


23-июлдагы шайлоо мыйзам бузулардын төөбастысында калганын айтып, андан баш тартышкандардын жактоочулары Бишкекте кечээ жыйын өткөрүштү.

Анда шайлоодогу толтура мыйзам бузууларды топтоштуруп, эларалык коомчулук алдында жарыя кылган соң нааразылык иш-чараларын баштоо сунушу жактырылды.

2 миң ашуун чогулган элдин алдында президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев шайлоо аягына жете электе эмнеликтен андан баш тартышынын себеп-жөнүн момундайча түшүндүрдү.

- Бул шайлоо болбой калды деп айтпасак, анда мобу фальшивый документке печать коюп бермекпиз. Мына казыр Мотуев-Сотуев – 2 –3 калды, ошолор печать коюп берсин. Биз кол койбой койдук. Анткени шайлоо болгон жок. Шайлоо болгон жок! Элди кайрадан алдап жатышат! Ошондуктан бул бийлик, мындай бийликтин бизге кереги жок. Кайрадан нормалдуу, таза шайлоо өтүшү керек. Бул шайлоону биз кабыл ала албайбыз!

Шайлоого чейин, ал башталгандан соң элдин добушун уурдоо, мыйзам талаптарын көз көрүнөө бузуу көнүмүшкө айланып кеткени Бишкектеги жыйында арбын айтылды. Кылкылдаган көпчүлүк алдында президенттикке талапкер Жеңишбек Назаралиев аркыл кысымдарга карабай, азыркы бийлик атаандаштары утушка ээ болгонун, шайлоонун кандай өткөнү эртең эле бүт дүйнөгө жарыя кылынарына ишене тургандыгын билдирди.

- Биздин ар бирибиздин, элдин көңүлүндө, эсинде бир гана түшүнүк калат. Бүгүн иштеп аткан президенттин эч кандай бийлиги жок. Эртеңден баштап жалпы элдик баш ийбөөчүлүк болот. Шайлоо башталгандан эле А.Атамбаевди, мени жактагандар азыркы бийлик тарабынан одоно, жүзүкаралык менен кийлигишүүлөр болгонун көрүп келатышат. Биз азыр калыс шайлоо болду деп айта албайбыз. Биз азыр демократия, адам укугу жөнүндө айта албайбыз.

Бириккен элдик кыймылдын штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров эгемендик тушунда өтүп келаткан шайлоодо такай бийлик башында тургандын гана мөрөйү үстөм чыгып, жеңилгенин моюнга албай келатканын маалымдады.

- 1995-жылы А.Масалиев уткан деп Борбордук шайлоо комиссиясынын ошол убактагы башчысы М.Абылов 2005-жылы жазып чыккан. 1 жылдан кийин мына 2007-жылы “Атамекен” партиясы парламенттик шайлоодо жеңип чыккан деп, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы К.Кабилова бир жылдан кийин айтып чыккан. Мен эртең-бүрсүгүнү дебейин, бирок жакын арада бүткүл Кыргызстан эли, биртоп ушул саясий процесстин катышуучулары дагы андай убакытты, жылды узатпай эле бул шайлоодо А.Атамбаев утуп чыккан, деп айтарына мен бөркүмдөй ишенем.

Кыргызстан шартындагы шайлоо административдик өмгөксүз өтпөй калганы көпчүлүккө ансыз деле дайын. Шайлоонун кандай өткөнү, кимдердин жеңишин кимдер тартып алганы белгилүү убакыт өткөн соң көпчүлүккө дайынга чыгып, жыл санап шайлоонун коомдук баркы түшүүдө. 23-июлдагы шайлоого добуш бергени келген президент К.Бакиев бул ирет эч кандай административдик ресурс колдонулбаганын ырастап, көпчүлүккө ансыз деле дайын чындыкты жокко чыгаруунун аракетин жасады. Ал эми оппозициянын атынан чыгып жаткан Алмазбек Атамбаевдин шайлоону тааныбай тургандыгын билдирүүсү күтүлүп жатканын “Арнамыс” партиясынын жетекчиси Феликс Кулов маалымдады. Азыркы бийлик менен башында мамыр-жумур болуп, аягын элдик фронт менен бүтүргөн генерал кечээки өнөктөштөрүнүн аракетине момундай сын айтты.

- Ал муну эл колдой тургандыгын уккандан кийин эле болжолдоп койгон. Мен ойлойм, бу киши биздин өлкөдө ушундай кырдаал түзүлүшүн алдын-ала эле болжолдоп койгон. Муну менен эмнеге жетишери анын өзүнө эле дайын болсо керек. Менин айткым келгени башка. Биз да социологиялык иликтөө жүргүздүк. Элдин маанайына карасак, көпчүлүк аны колдобойт. Бул элди артынан ээрчитип кетчү азамат эмес. Мен ойлойм, баары тынч эле өтөт. Аны колдогондор чыгышы мүмкүн.

Ф.Кулов А.Атамбаевдин талапкерлигин колдоп ашып барса 2 миңдин тегерегиндеги киши аянтка чыгышы мүмкүн деп эсептерин шайлоо күнү мамлекеттик маалымдоо каражаттары аркылуу улам-улам жарыялап турду. Анткен менен Кыргызстан кийинки жылдары мурунку багытынан тайып, коңшуларынын кейпине түшүп, криминалдык үй-бүлөлүк башкаруунун сормо сазына батып баратканы, авторитардык бийликтин арааны улам күчөп баратканы арбын айтылууда. Алдагыдай опуртал жолдун оорчулугун ушу тапта Москва жанында күн кечирип жаткан туңгуч президент А.Акаевдин башкаруу тажрыйбасы айкындагандай болду эле. Бирок да, айрым байкоочулардын баамында, анын сабагы кээ бирөөлөргө, сыягы, жетпей калган сыяктуу.

XS
SM
MD
LG