Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Шайлоодогу камоолор


Кыргызстанда президенттик шайлоо кыйла чыңалуу астында өтүп, анда бир катар камоолор да орун алды. Алардын эң эле ириси Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында болду.

23-июль күнү өткөн президенттик шайлоо кыйла чырлуу аяктады. Президенттикке талапкерлер Алмазбек Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиев бийлик тарабынан болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар болуп жатканын айтышып, шайлоону легитимсиз деп жарыялашты да ага катышуудан баш тартышты. Мындай чечимге оппозициялык талапкерлер шайлоо учурундагы эбегейсиз мыйзам бузуулар, административдик ресурсту чектен чыга пайдалануу, коркутуп-үркүтүүлөр, оппозициянын айрым өкүлдөрүн камоолордон кийин келишкенин айтышты.

Шайлоодогу камоолорго байланыштуу эң эле чырлуу окуялардын бири Балыкчы шаарында болду. Ички иштер министрлигинин атайын бөлүгүнүн кызматкерлери Балыкчы шаар башчылыгынын алдына чогулган элди кууп таркатып, алардын бир канчасын камоого үлгүрдү. Алардын арасында Социал-демократтардын Жогорку Кеңештеги өкүлдөрү Мирбек Асанакунов менен Кубанычбек Кадыров да болушкан.


Кийинчерээк депутат Мирбек Асанакунов бошотулганы менен анын кесиптеши Кубанычбек Кадыров менен кошо бир катар адамдар камакта кала беришти.

Ал эми Ички иштер министрлиги бул боюнча кийинчерээк маалымат таратып, Социал-демократтардын 200 чамалуу кишиси Балыкчы шаарында шайлоо учаскаларын ээлеп алууга аракет кылышканын, кийинчерээк алар ышкырган гранаталарды колдонуу менен кууп таркатылып, кармалгандарга кылмыш иштери козголгонун жарыялашты.

Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимовдун айтымында, жөн элди мындай кой депутаттарды баш кылып камап аткан бийликтен баарын күтсө болот.

Ал эми “Ак жол” партиясынын төрагасынын биринчи орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Орозалиевдин пикиринде, шайлоо күнү оппозициядагылар өздөрү кээ бир жерлерде атайылап эле чагым жасашты.

“Ата мекен” партиясы тараткан маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун Акман айыл өкмөтүнө караштуу Колот айылында да милиция кызматкерлери шайлоого байкоо салып турушкан партиянын бир канча өкүлдөрүн камап салышкан.

ИИМ бул окуя боюнча да маалымат таратып, “Ата мекен” партиясынын Базар-Коргон району боюнча лидери Кубат Артыков баш болгон беш адам күч колдонуу менен шайлоо учаскасына кирип барышканын, аларга карата учурда кылмыш иши козголгонун билдиришти.

Андан тышкары шайлоо күнү Алмазбек Атамбаевдин Чүйдөгү штабынын координатору Турат Мадылбековду Каржы полициясы камакка алды. Каржы полициясы аны жерге байланыштуу кылмыш иши боюнча суракка алып жатканын билдирди.

Ошондой эле кечээ кечинде Алмазбек Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиевдин шайлоого катышпасы тууралуу чечимин колдоп чыгышкан “Биримдик” жаштар кыймылынын мүчөлөрүн алар жаткан жатаканалардан милиция кызматкерлери кармап кетишкен. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыймылдын лидери Руслан Анаркулов билдирди. Ички иштер министрлигинен болсо аталган жаштар камалбаганын, бул маалымат териштирилерин билдиришти.

Оппозиция өкүлдөрүнүн айтымында, кечээ шайлоо күнү жалпы өлкө боюнча отуздан ашуун адам камакка алынды. Алардын дээрлик бардыгы тең оппозиция мүчөлөрү.

XS
SM
MD
LG