Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:33

Бакыт Бешимов: Бул жолу алдатпайбыз


Социал-демократтар партиясы президенттик шайлоодо эл өзүнүн добушун коргоого даяр, бул жолу бийликке алдатпайт деген ишеничте.

-Бакыт мырза, БЭК 23-июлду добуштарды сактоонун күнү деп жарыялаган. Ар бир шайлоочу өзүнүн берген добушун коргоо үчүн аракет кылабы? Сиздин көзүңүз жетеби?

-Албетте. Бардык шайлоо участокторунда болбосо да, басымдуу бөлүгүндө азыр биздин колдоочулар даяр. Алар шайлоо күнү 50-100 адам болуп участоктордо топтолуп, өздөрүнүн добуштарын коргоого алышат. Бул сапар биз өзүбүздүн добуштарды уурдатпайбыз.

-Президенттик шайлоо болору жарыяланган учурда БЭКтин айрым мүчөлөрү шайлоого бойкот жарыялоону сунуш кылышкан. Ошол эле учурда айрымдарыңыздар “бул эл менен жолугуп, өлкөдөгү абал тууралуу туура маалымат жеткирүүгө түзүлүп жаткан мүмкүнчүлүк” деп айтып чыгышты эле. Мына бир ай үгүт иштерин жүргүзүү учурунда жалпы өлкөнү кыдырып келдиңиздер, элдин азыркы маанайы кандай? Анткени апрель митингдеринен кийин эл дагы оппозицияга ишенбей калды эле?..

-
Эгерде биз өз добуштарыбызды коргой албай калсак, анда эл бизди кечирбейт.
Эгерде биз өз добуштарыбызды коргой албай калсак, анда эл бизди кечирбейт, бул түшүнүктүү. Бирок эки айдын ичинде биз жүргүзгөн идеологиянын негизинде азыр шайлоочулардын басымдуу көпчүлүгү биз тарапта. Колдоо көрсөтүп атышат, муну биз бардык жерде сезип атабыз. Ар кандай эгемендүү иликтөөлөр да чынында абал ушундай экенин билдирип жатышпайбы. Ошондуктан бардык жерде бизге бир эле суроо берилип жатат эл тараптан, алар бизге: “биз го сиздерге добушту беребиз, колдойбуз, бирок ошол добуштарды сактай аласыңарбы?” деп сурап атышат. Ошол үчүн добуштарды сактоо технологиясын жана саясатын ойлонуп, азыр биз баш катырып аткан учурубуз.

-Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү жараяны мыйзам бузуулар менен өткөрүлгөнү, бюджеттик кызматта иштегендерди бир талапкерге күчтөп добуш бердирилгени тууралуу маалыматтар айтылып жатат. Бирок мына ушундай басым-кысымга нааразы болгон адамдар бул тууралуу ачык айтып чыга алышпай, нааразылыгын билдире албай атышат. Демек, шайлоодон кийин деле жарандар өздөрүнүн берген добуштарын коргоого көп аракеттенбейт?..

Бийлик мына ошону да бурмалап, өздөрү жакка бургусу келип атат. Мунун арты болсо эч качан жакшылыкка алып барбайт. Бул деген чоң чырга алып барат.
- Нааразылык билдиргендер бар. Мисалы өткөн жумада Бишкекте мөөнөтүнөн мурда жашыруун добуш берүүгө алып келинген милиция кызматкерлери өздөрүнүн командиринин айтканын укпай, чоң чыр болуп, массалык түрдө мушташ болуп кеткен. Ошондуктан мен азыр бардыгы эле коркуп, өз добушун коргоого дарамети жок жүрөт, деп айта албайт элем. Жок. Чет-четтен, ар кандай жерлерден добуштарын коргоого аракет кылгандар чыгып атат. Биз билебиз, мөөнөтүнөн мурда добуш берген 17 миң шайлоочунун ичинен биздин талапкерге да добушун бергендер көп болду. Бийлик мына ошону да бурмалап, өздөрү жакка бургусу келип атат. Мунун арты болсо эч качан жакшылыкка алып барбайт. Бул деген чоң чырга алып барат.

-Эгер шайлоонун жыйынтыгы мыйзам бузуу, бурмалоолор менен азыркы президенттин кызыкчылыгына чечилип калса, оппозиция мурдагыдай аянтка чыгып, “кетсин” деп кыйкырбайт, деп айтып атасыздар. Бул жолу кандай жолду тандадыңыздар?

-Эгерде Бакиев алдоо жолу менен бийликте калып калса, анын бийлиги легитимсиз болот. Анан элди ушундай легитимсиз абалы менен кантип башкарат? Ал чоң маселе. Андай шайлоонун жыйынтыгын эл аралык байкоочулар деле тааныбайт, ыңгайсыз абал
Эгерде Бакиев алдоо жолу менен бийликте калып калса, анын бийлиги легитимсиз болот.
түзүлөт. Президенттин бедели сынат. Кантип элге, улутка лидер боло алат? Тышкы саясатта да легитимсиз президентти эч ким тааныбайт. Иши кылып, булар азыртан акылына келип туруп, шайлоодо эл кимди тандаган болсо, жыйынтыгын бурмалабай чыгарып бериши керек. Бул эң туура болот. Жок, эгерде ар кандай саясат менен булар бийликти алабыз дей беришсе, Кыргызстанда чоң чыр болот.

-Тышкы саясат демекчи, Кыргызстанда президенттик шайлоо өнөктүгү жүрүп жатса, Орусиянын вице-премьер-министр Игорь Сечин келип, президент Бакиев менен сүйлөшүп кетти. Ошондой эле 31-июлда Ысык-Көлдө ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары бейформал саммитке чогулары айтылууда. Айрым саясатчылар муну кээ бир Кыргызстандын тышкы саясаттагы өнөктөштөрүнүн өлкөнүн эгемендигине шек келтирген аракети катары баалап жатышат. Сиз кандай ойлойсуз?

-Тилекке каршы, президент Бакиев өзүнүн жакшы ойлонбогон тышкы саясаты менен, туруксуздук иши менен Кыргызстандын жалпы коопсуздугун өтө чоң коркунучка кептеп койду. Биринчиден ири мамлекеттер менен мамилесин бузуп алды. Мисалы АКШ менен жаңы келишим түзгөнү менен америка коомчулугунда Кыргызстандын азыркы жетекчилигине карата ишенбестик терең. Мен бул тууралуу америкалык маалымат каражаттарынан окуп билем. Ошондой эле Орусиянын да азыркы жетекчилиги биздин президентке өтө шектүү карап калды. Коңшулар дагы. Эки базанын маселесин так чече албай жатып, үчүнчү бир база ачуу тууралуу маселелер айтылып кетти. Тышкы соода жагы таптакыр каралбай калды. Кытайдагы Шиңжаң-Уйгур автономдуу районунда болгон тополоңдон кийин Кытай менен мамилебиз да суз болуп атат.

-Орус өкмөтү болсо Майлысуу электр лампа заводу чыгарган чырактардан баш тарта баштады?..

-Ооба, баш тартып атат. Экинчиден орус саясатчысы Жириновский мигранттарга эмгек визасын берүү тууралуу сунуш киргизип жатат, бул дагы Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык мекендештерди кысууга жатат, бул болсо өз учурунда Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизет. Иши кылып, Орусиянын жетекчилиги Кыргызстандын азыркы бийлиги жүргүзгөн саясатка нааразы болуп, кысым-басым жасап жатканы көрүнүп эле турат.

-Сиздердин ураан: “Ишенебиз. Өзгөртөбүз. Бириксек, баары колдон келет”, деп айтылып жүрөт. Эгерде кокусунан шайлоодо сиздер жеңишке жетишип калсаңыздар, өзүңүздөр каршы болуп, айтып келе жаткан үй-бүлөлүк башкаруу системасын өзгөртүү колуңуздардан келеби? Сиздердин команданын колунан келеби?

-Сиз туура байкагансыз, бизде команда. Координациялык кеңеш мамлекеттин маанилүү маселелерин чечет. Азыр болсо үй-бүлө чечип атат. Ошондуктан, биздин саясатыбыз ишенимдүү жана келечектүү. Элибиз, биз өткөндөн, март окуясынан тиешелүү эле сабак алдык, терең эле жыйынтык чыгардык го. Эми мындан ары эгерде элдин, улуттун кызыкчылыгын эске алган, терең бир саясат жүргүзбөсөк, эл кечирбейт. Биз муну эске алып жатабыз.

-Бакыт мырза, маегиңиз үчүн чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG