Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

Шайлоонун эртеси да болду


Жакын арада шайлоонун алдын-ала жыйынтыктары чыгарылып, кайсы талапкер канча добуш алганы ачыкка чыкмакчы.

Шайлоодо толгон-токой мыйзам бузуулар орун алганын белгилеп, кечээ А.Атамбаев менен Ж.Назаралиев атаандаштыктан баш тартышкан. Кыргызстандагы соңку шайлоолордун текши баары чоң талаш, опсуз мыйзам бузуулар менен коштолууда.

Шайлоонун болгонунан болору кызык демекчи, бийлик өмгөгүнө салынып, кимдин мөрөйү үстөм болору шайлоого чейин эле болжолдоно баштаган. Бирок да ал болжол шайлоочулардын саясий укугу көз көрүнөө тебеленип, добуш берүү административдик өмгөктүн алдында каларын эч ким күтпөсө деле керек. Ошол себептүү президентке талапкер Алмазбек Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиев шайлоонун аягын күтпөй, атаандаштыктан баш тартыша тургандыктарын, элдин эркине байланышкан олуттуу саясий жоопкерчиликти моюнга албастыгын билдирип чыгышкан.

- Ошондуктан агайын-туугандар, туура түшүнгүлө. Мына шайлоонун аягына чейин турдук. Бирок бул шайлоону биз тааныбайбыз деп айттык, жана да аны тааныбайбыз!

Алмазбек Атамбаевдин бул бүтүмүн өнөктөшү Жеңишбек Назаралиев да колдой тургандыгын билдирди. Шайлоо тоолгон-токой мыйзам бузуулар менен өткөнүн “Ак шумкар” партиясынын жетекчиси Темир Сариев да бышыктады.

- Көп жерлерде бюллетендерди кучактап-кучактап салгандар болуп жатат. Анан экинчиден, жанагындай атайын адамдарды отургузуп алып, адамдарды бир жерден экинчи жерге ташып, утурумдук талон менен да көп нерселерди жасашты. Анан айрым элет жерлеринде көп бюллетендерди каратып туруп эле таштап жатышты.

Дагы бир талапкер Токтайым Үмөталиева шайлоодо мыйзам бузуулар арбын болгонун маалымдап, мына буларды белгиледи.

- Таластан даяр бюллетендерди таштап жаткан жеринен кармап алган адамдар болду. Мына Бишкекте 1233-участокто аскер кызматкерлери экинчи жолу добуш берүүгө келишкени жөнүндө биз акт түздүк.

Талапкерлердин арасынан жалгыз иштеп жаткан президент гана шайлоо мыйзам негизинде, эч кандай административдик кысым, үстөмдүгү жок өткөнүн кайталоодон тажаган жок.

- Ошондуктан бул сөз – суу кечпеген сөз, туура эмес. Административдик ресурс болгон эмес, жана да болбойт! Мен муну биринчи күндөн бери айтып келе жатам.

А бирок калган атаандаштардын баары шайлоо опсуз көп мыйзам бузуулар менен өткөнүн, административдик кысым, атайын даярдалган кишилердин кыдырып добуш берүүсү орун алганын, шайлоо институтунун кадыр-баркы азыркы бийлик тушунда мурдагысынан да төмөн түшүп кеткенин белгилешүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Чыңгышбек Исмаиловдун айтуусунда, кечки саат төрткө карата өлкөдөгү 2 миң 330 шайлоо участкасынын 70% ашуунунун протоколдору алынган.

- Талапкер, Кыргыз Республикасынын президентине талапкер Бакиев Курманбек Салиевич үчүн колдоп добуш бергендер 1 миллион 416 миң 737 шайлоочу, же болбосо шайлоочулардын 85,5%. Талапкер Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке добуш берген шайлоочулардын саны 124 миң 880 же болбосо шайлоочулардын 7,54%.

Калган талапкерлерди колдоп добуш бергендердин саны жарым пайыздан үчкө жакын пайызды түзөт. Шайлоо Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун стандарттарына шайкеш келбегендиги, Кыргызстан өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбагандыгы белгиленди. Өлкө боюнча шайлоо участокторунан протоколдор толук келгенден кийин буга чейинки талапкерлердин канча добуш алгандыгын ырастаган көрсөткүчтөрдө олуттуу дегидей өзгөрүүлөрдүн болуп кетиши кыйын.

БЭК шайлоо жыйынтыгын тааныбайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:46 0:00

XS
SM
MD
LG