Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Шайтан оюнга бай шайлоо да өттү


Кыргызстан Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун стандарттарына ылайык шайлоо өткөрө албаганын эларалык байкоочулар белгилешти.

«Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусу президенттик шайлоонун жыйынтыктарына арналат. Ага «Аалам» гезитинин редактору Сапалкан Арипов, «Кыргыз туусу» гезитинин саясат бөлүмүнүн башчысы Марип Тайчабаров катышат.

- Сапалкан мырза, шайлоодо административдик кысым жасалдыбы? Анын жыйынтыгы кандай болду? Шайлоо өзү кандай өттү? Кепти ушундан баштасак.

Сапалкан Арипов: - Шайлоо жыйынтыгы акырындап чыгып жатат. Анткен менен ЕККУ өкүлүнүн шайлоо стандарттарга жооп бербейт, деп айтышынын толук жүйөөсү бар. Мен өзүм жашаган “Жал” кичирайонундагы шайлоо кандай өткөнүн байкап турдум. Эртең менен эл арбын келип, түштөн кийин аз болду. Анан келгендердин көбү эле “1-кабина” деп жүрүштү. Көрсө ал бюджеттик мекемелерде иштегендердин кандай добуш бергенин эсепке алчу жер экен. Иши кылып, ар ким өзүнчө жарандык парзын аткарды. Шайлоо кыргызча айтканда өттү. Бирок анын артында көп оюндар, көпчүлүк биле бербеген оюндар жатса керек.

- Марип мырза, шайлоо толгон-токой мыйзам бузуулар менен өткөнүн айткандар, анын мыйзам чегинде жүргөнүн ырастаган эки ачакей пикирлер арбын айтылууда. Сиздин пикириңиз кандай?

Марип Тайчабаров: - Бул шайлоодо эл жакшы катышып берди. Өзүнүн добушун берди. Анан шайлоо тууралу четтен келген байкоочулар эки түрдүү баа берип жатышат. Мына ЕККУ кайсы өлкөдө шайлоо таза өттү деп баа берген? Башкалар жакшы дешет, ал эми ЕККУнун андай баа бергенин мен көрө элекмин. Бул эми сырттан берилген баа. Мен өзүм Бишкектеги “Алатоо” конушунда турам. Эртең менен сегизге он мүнөт калганда барсам шайлоо участоктун алдында 50 ашуун адам кезекте турат. “Добуш берип калалы, кечинде жетише албай калышыбыз мүмкүн”, деп турушат. Айылга телефон чалсам, Алайда жайлоодон келишип, жапырт добуш бергенин айтышты. “Жол салып жатат”, дешет. Акыларды көтөрүп дегендей. Иш болгон жердин баарында элдин өзү эле президентти колдоп добуш беришти. Бул жерде эч кандай административдик ресурс жөнүндө кеп кылбай эле койсок болот. Анан К.Бакиевдин ашыкча добуш алышына оппозициянын өзү себепкер болуп жатат. Алар эч нерсе жасай элек. Эл аткарылган иштерди колдоп добуш берди, деп ойлойм.

- Сапалкан мырза, шайлоонун көз боемочулуктарына, бурмаланышына оппозициянын өзү шарт түзүп берди, дегендей ой айтылып кетти.

Сапалкан Арипов: - Оппозиция шарт түзүп берди, дегенге кошулам. Себеби оппозиция бир лидерге токтолгону менен “Акшумкар” партиясынын лидери Темир Сариев бөлүнүп өзүнчө кетти. Оппозициянын экиге бөлүнүп кетиши К.Бакиевдин жеңип кетишине шарт түздү. Анан үгүт иштери алалы. Анда жалгыз гана Бакиевдин үгүттөрү илинип, маалымдоо каражаттарында көрсөтүлүп, калган атаандаштар андай мүмкүнчүлүккө жете албай калышты. К.Бакиевден башкасынын үгүт баракчалары дубалдарга, тосмолорго чапталып бийик жерлерге илинген жок. Атаандаштарга бирдей шарт түзүлгөн жок.

- Европа коопсуздук жана кызматташу уюмунун билдирүүсүндө талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөй, партиялык, административдик ресурс бир кишинин гана пайдасына иштегендиги айтылды. Марип мырза, мыйзам боюнча президенттин партия кызматынан пайдаланышына жол берилбейт. Ушул боюнча оюңуз кандай?

Марип Тайчабаров: - К.Бакиев “Акжол” партиясын негиздеген. Бирок ал партиянын кызматын пайдаланды дегенге мен кошулбайм. К.Бакиев командасы менен иштеди. “Акжол” партиясы анын талапкерлигин көрсөткөн. Ага каражатты таап берди. Эмне үчүн А.Атамбаевдин партиясы андай иштерди жасаган жок! Ага эчким тоскоолдук кылган жок. Алар уюштура алган жок.

- Сапалкан мырза, иштеп аткан президент үчүнчү мөөнөткө барбашын айтты. Бирок ага ишенбегендер деле толтура. Мурдагы президент деле ошентчү. Ушуга улай дагы бир суроо. Кийинки жылдары шайлоонун кадыр-баркынын кетишине эмнелер себеп болуп жатат?

Сапалкан Арипов: - Алгач үчүнчү мөөнөткө токтоло кетйин. К.Бакиев айткан сөзүнө туруп, 3-мөөнөткө барбашына мен ишенем. Шайлоо жөнүндө. Өткөн шайлоо элдин баарына дайын “Атамекен” партиясы менен жаңы эле түзүлгөн “Акжол” партиясынын ортосунда атаандаштык болду. “Атамекенге” эл көп добуш бергени менен шайлоонун жыйынтыгында “Акжол” партиясы утушка ээ болуп кетти. Ким бийликте болсо анын камчысы катуу болот. “Акжолдун” жеңиши ошондон улам болду. Эгемендик тушундагы шайлоолордун кандай өткөнү, кимдин сатып алып, кимдин сатылганы элге дайын. Бул шайлоодо болсо эл өзүнүн тандаганын чечип алды окшойт.

- КМШдагы шайлоодо бийлик башында турган адамдын 80% кем эмес добуш алары көнүмүш. Ага эч ким таң деле калбайт. К.Бакиевдин 85% элдин колдоосубу же административдик кысымдын натыйжасында чыккан сандарбы?

Марип Тайчабаров: - Президент мурда да көп добуш алган. Бул ирет деле ошондой эле күтүлгөн болчу. Эл жасалган ишти көрүп, эмгекти көрүп, аз шайлап калбайлы деп өзү үгүттөп келди. Буга чейинки жасаган иштерин дагы улантууну көздөгөн бул адамдын ушунчалык добушту алганы туура эле болду го деп ойлойм. Анан оппозиция лидеринин шайлоо күнү атаандаштыктан баш тартып, байкоочуларын чакыртып алышынын натыйжасында көп добуштар башкага берилип кетти.

- Сапалкан мырза, чын эле эл колдодубу же жасалма сандардын негизинде бул жеңиш камсыз кылындыбы?

Сапалкан Арипов: - Эки-үч жылдан бери Кыргызстанда митинг-жыйындардын азайып калышы белгилүү. Анан административдик ресурстан биздин качышыбыз кыйын. Отурган ордунан куулгусу келбеген чиновниктер аны болушунча пайдаланышат. Мына азыр мекемелерде, министрликтерде бир дагы адам эмгек отпускасына кеткен жок. Кетпей күтүп олтурушат. Анан баары 1-кабинага кирип, шайлап чыгышты. Административдик ресурсту колдонуп келатышат. “Мыйзам – буйлаланган төө”. Бардык жерде административдик ресурс колдонулууда.

- Ушуну менен талкууну жыйынтыктасак. Мырзалар, студияга келип талкуга катышып бергениңиздер үчүн чоң ырахмат!

XS
SM
MD
LG