Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:25

ММКларды кайра каттоонун максаты эмне?


Кыргызстандагы көз карандысыз медиа уюмдардын өкүлдөрү бийлик тарабынан ММКларды кайрадан каттоо боюнча мыйзам долбоор иштелип жатканына каршы пикирлерин айтышууда. Алар муну менен бийлик өзүнө жакпагандарын жаап салышы мүмкүн деп кооптонуп жатышат.

Медиа уюмдардын, көз карандысыз маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн 25-мартта өткөн жыйынында бир топ гезиттер бир жылдап каттодон өтпөй келе жатканы, “Форум” гезитинин тартылып алынышы, “Назар”, “Ачык саясат” гезиттеринин жабылып соттолушу, “Азаттык” радиосунун бир топ аймактарда уктурулбай калганы айтылды. Мына ушундай көрүнүштөрдү айрым журналисттер басма сөз эркиндигин тизгиндөөгө болгон аракеттер, ал тургай бийликтин “чабуулу” катары баалап жатышат.

Медиа өкүлчүлүктүн 2009-жылдын октябрында алган маалыматына караганда Юстиция министрлигинде каттоодо алтымыштан ашык маалымат каражаттары турат. Алардын төртөө коомдук-саясий окуяларды чагылдырууга багытталган. Калгандары рекламалык багытты көздөшөт.

“Московский комсомолец - Кыргызстан” гезитинин баш редактору Улукбек Бабакулов мындай мыйзам долбоору кабыл алынып калса, Президенттин Катчылыгына же бийлик структураларына жакпаган, алардын камчысын чаппаган ММКлар бул талаадан чыга беришет деп коңгуроо чалууда. Анын айтымында, бийлик учурда мындай гезиттерди чыгарбоону мыйзам аркылуу бекемдеп алуу аракетин көрүп жатат.

- Бир дагы көз караныдсыз телеканал, радио калган жок. “Азаттыкты” болсо көп жерде обого чыгарууга тыюу салууда. Ошондуктан Кыргызстанда бул багытта коркунуч бар эмес, ал чабуулга өтүп, кысым жасап жатат. Биз көрүп жатабыз. Интернет сайттар балталоо жолу менен жабылып жатат. Балталаган жол менен гезиттер тартып алынып жатат. Эми муну мыйзамга киргизгени жатышат.

Журналист Жаныбек Жанызак өзүнүн “Сериал” деген гезитин алты айдан бери каттата албай, Юстиция министрлигине жети жолу арыз жазган. Анын айтымында, бийлик нускасы азыраак гезиттерге сөзсүз эле уруксат алуу жолу менен эмес, билдирүү жолу менен чыгууга уруксат бериши керек. Ал ушул тапта бийлик эч бир мыйзамсыз же негизсиз эле гезиттерди жабуу жолуна өттү:

- Басма сөз эркиндиги болмоюн коом өзү ачык жашай албайт. Бардыгынын эле жаагы жап боло бергенде, карасаң тыптынч көлдөй болуп туруп, бир күнү иттиктин бардыгы калкып үстүнө чыкканда ошондо коом өзү жаман болот, өзү ошол сазга чөгүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан дайымы бул жерде баткак бар экен, бул жерде балчык болуп калды деп айтып туруш керек. Ансыз болобу?.

Бирок Жаныбек Жанызак редакторлордун биригип, бири-бирине тилектеш болушун туура эмес көрөт. Ал бири-бирине сын айтып, “чымчып” турбаса өсүү болбойт деген ойдо.

Чынында эле басма сөз эркиндигине абдан кысым болуп жатканын, мыйзамга жатпаган, негизи жок аракеттер жүрүп жатканын Медиа өкүл Акмат Алагушов да тастыктады. Ал бул абалдан чыгуу үчүн журналисттердин тилектештиги зарылдыгын белгиледи.

- Кыргыз тилинде чыккан гезиттер, орус тилинде чыккан ММКлар, алардын ичинде телерадиокомпаниялар бири-бири менен катташы, биримдиги жок. Бардыгы өзүнчө эле, чачыранды иштеп жатышат. Бир тармакта иштегенден кийин тиликтеш болушу керек эле да.

Азырынча Адилет министрлигинен гезит-журналдарды каттоодогу маселелер тууралуу жооп алууга мүмкүн болгон жок. Президенттик катчылыктын эксперттик-аналитикалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Султан Жумагулов “Катчылык каттоо иштерине кийлигишет” дегенди У.Бабакуловдун макаласынан биринчи окуганын, Катчылыкта андай маселе жок экенин “Азаттыкка” билдирген эле.

Ушул эле Катчылыктын билдирүү-аракеттенүү кызматынын жетекчиси Илим Карыпбеков да ММКларды каттоого Катчылыктын укугу да жок экенин кабарлады.

- Андайды биринчи жолу угуп жатам. Андай эч даярдалган жок. Чындыкка жатпайт. Ал тургай Катчылыктын укугу да жок, андай даярдаганга.

У.Бабакулов өз гезитине Минюстка кайрылса улам бир болбогон катаны көрсөтө берип, анысын улам оңдой берип, акыры оңдой турган ката калбаганда министрликтин каттоо бөлүмүнө жооптуу кызматкер Болот Саипов “Сиздин башкы редакторуңуздун президенттин катчылыгындагы таанышы журналды каттоого тыюу салып койгон” деп айтканын, көрсө Минюстун далдаасынан бир кезде Кыргызстандагы демократия жана сөз эркиндиги үчүн жалындуу күрөшүүчүлөрдүн бири, "акаевщинага" каршы күрөшүүчүлөрдүн бири Оксана Малеваная айымдын кулагы чыгып турганын байкап калганын кенен баяндаган.

Ал эми редакторлор дагы бир ирет чогулуп, алдыдагы кадамдарды аныктамай болушту.

XS
SM
MD
LG