Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

Стюарт: "Азаттыктын" уктурулбай калышы АКШны камтама кылат


Карен Стюарт (Karen Stewart) айым (архивден).
Карен Стюарт (Karen Stewart) айым (архивден).

АКШ Мамлекеттик катчысынын адам укуктары, демократия жана эмгек боюнча жардамчысы Майкл Познердин улук кеңешчиси Карен Стюарт Эркин Европа/Азаттык үналгысынын суроолоруна жооп берди. Маектешүүдө Беларустагы адам укуктарынын абалы, геосаясат жана адам укуктары, мурдагы советтик өлкөлөрдөгү режимдердин чет өлкөлүк радиоберүүлөргө тоскоолдук түзүп жатышы өңдүү маселелер козголду.

Азаттык: - Мамлекеттик департаменттин адам укуктарынын жалпы абалы тууралуу докладдары дүйнөнүн булуң-бурчунда урматтоо менен кабыл алынат. Ошентсе да камтамага салган бир маселе бар. Бул – геосаясат жана адам укуктары.

Эркин Европа/Азаттык радиосу уктурулган Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан жана Беларусту алсак, Беларуска каршы санкциялар киргизилген, бирок адам укуктарынын абалы ошондой эле же андан да начар болгон жумурияттарга каршы санкциялар колдонбойт. Муну ошол өлкөлөр АКШ менен, айталы, терроризмге каршы согушта кызматташышат же Ооганстандагы терроризмге каршы өнөктүккө көмөктөшөт деп чечмелесе болот. Кээ бирлер кош стандарттуулук жөнүндө айтышат. Кыскасы, аларды “жаман” жана “жакшы” диктаторлор деп бөлсө болобу?

Стюарт (Karen Stewart): - Жок, менимче, эркиндиктерди чектөөнүн, адам укуктарын басмырлоонун ар кандай деңгээли бар. Адам укуктарынын абалы жөнүндө баяндамаларыбызды даярдаганда фактыларды келтирүүгө, аналитикалык көз карашты чагылдырууга аракеттенебиз. Ал докладдар саясий документтер эмес, алардын чектөөлөргө (санкцияларга) тиешеси жок. Биз саясатыбызды иштеп чыгууда ошол баяндамаларга таянабыз, башка өлкөлөр да ошентет деп ишенебиз. Айрым өлкөлөр менен мамиле курууда бир нече кызыкчылыгыбыз болушу мүмкүн экенин моюнга алабыз. Ошондуктан маселени комплекстүү алып кароого аракеттенебиз.

Азаттык: - Ушул айда "Азаттык үналгысынын" Кыргызстанда иш алып баруусу жергиликтүү бийликтин бут тосууларына туш болду. Шериктерибиз сыналгы жана радиоберүүлөрүбүздү тартуулоону токтотуп коюшту. Мындай жагдай АКШ дипломатиясын тынчсыздандырабы?

Стюарт: - Бул факт, албетте, бизди камтама кылат. Мен Кыргызстанда эмне болуп жатканына түздөн түз көз салган жокмун. Бирок акыркы окуялар жөнүндө окудум. Биз мындай жагдайда эмне кыла алабыз? Берүүлөрүңөрдү уктурууга мүмкүнчүлүк берилсин жана шериктериңерге кысым көргөзүлбөсүн деп (Кыргыз бийлигин) үндөйбүз.

Азаттык:- АКШнын Бишкектеги элчилиги ошол тынчсызданууну расмий билдире алабы?

Стюарт: - Элчилик коомчулук алдында же жекече жолугушуулар маалында өз көз карашын билдирип жатабы, мен айта албайм. Бирок менин ишенимимде, алар бул маселеде колдоо көргөзүшөт.

Азаттык: - Азыр айтылгандай, Кыргызстанда биздин шериктерибизге "Азаттык үналгысынын" уктурууларын берүүнү токтоткула же болбосо лицензияңардан айрыласыңар деп айтышты. Мындай кырдаал буга чейин Азербайжанда да түзүлгөн. Чектөөлөрдүн башка түрлөрү да орун алдууда.

Стюарт: - Ооба, электрондук маалымат каражаттарына кысым көргөзүү жалпы тенденцияга айланганы байкалууда. Мурдагы СССРдин аймагында чет өлкөлүк үналгы компаниялардын берүүлөрү чектелип жатканы жөнүндө көбүрөөк маалымат түшүп жаткандай. Инфраструктуранын фактору канчалык роль ойнойт айта албайм. Бирок силер ал жерде көп жылдардан бери иштеп келатасыңар да.

XS
SM
MD
LG