Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:10

«Азаттыкка» - aзаттык! Бишкектеги пикет


Бишкектеги пикет, 15-март, 2010-жыл.
Бишкектеги пикет, 15-март, 2010-жыл.

15-мартта ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн алдында “Азаттыкка”, эркин маалымдоо каражаттарына кысымдын токтотулушун талап кылган пикет өттү. Аны “Азаттыктын” угармандары менен саясий партиялар, бейөкмөт уюмдар уюштурду.

Чогулгандар Кыргызстанда сөз эркиндигинин сакталышын, эркин маалымдоо каражаттарынын иштөөсүнө тоскоол болбошун талап кылышты.

Ук, Европа!

Эшик алдына чогулган эки жүзгө чукул элдин кашына чыгып Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчи орунбасары Лилиан Дарий чыгып, өкүл ушу тапта иш боюнча чет өлкөдө жүргөнүн кабарлап жагдайды мындайча сыпаттады.

- “Азаттыктын” биртоп жерлерде угулбай калышына кабатыр болуп жатабыз. Антсе да биз “Азаттык” үналгысынын баш кеңсеси менен анын берүүлөрүн обого чыгарып келаткан жана чыгарчу ишканалар мунасага келип уктурууларды мындан ары улантат деген үмүттөбүз. “Азаттыктын” иштеп турушу Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экендигин кашкайтып көрсөтүп турчу мисалы. Биздин пикирибизде сөз эркиндигинин принциптери салтанат курушу керек.

Лилиан Дарий Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Кыргызстандагы жагдайдан кабардар экенин маалым кылды, айрым бир аракеттерди жасаш үчүн кырдаал кылдат иликтенип жатканын кошумчалады.

Кысымдын кыскача тарыхы бар

Саясий куугунтуктарга каршы комитет төрагасы Топчубек Тургуналиев сөз эркиндиги 2005-жылкы бийлик алмашуусунун алдында да катуу кысымга кабылып, ушул эле “Азаттыктын” берүүлөрү көп жерлерге угузулбай калганын белгиледи.
Эми да ошондой жагдай жаралып жатканын айтты.

- Далай-далай журналисттер, силердин кесиптештериңер саясий башпаанек издеп башка мамлекеттерге өтүп кеткенге мажбур болуп атат. Далай журналисттер атылды, өлтүрүлдү. Ал эми “Азаттыкты” уламдан-улам муунтуп келатышат. Анын бири акыркы 3-4 жыл ичиндеги кысым, өзгөчө М.Эшимканов КТРге баргандан бери.

Болот Шерниязов (оңдон биринчи)
Жарандардын маалымат алуу эркиндигин чектөө бийликти жаманатты кылуудан башкага жарабастыгына парламенттин мурдагы депутаты Болот Шерниязов да токтолду.

- Мынакей италиялык мафиянын мүчөсү Е.Гуревичтин келип “MGN Group” түзүп, Кыргызстандын алтын байлыктарын, тоо кенин, энергетика, телекомду имерип бийлеп алышы эмнеден кабар берип турат? Кыргызстанга италиялык мафиянын адамы Е.Гуревичти алып келген адамдар жооп бериши керек.

Маалымат кимдики болсо – утуш ошонуку

Окурман менен угарман журту өлкөдө, дүйнөдө болуп жаткан окуялардан кабардар болуп турушу кайсы бир бийлик мыкчыгеринин каалоо-эркинен тыш, азыркы жашоо-турмуштун күндөлүк зарылдыгына айланып кеткенин Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрайымы, парламенттеги социал-демократиялык фракция жетекчиси Роза Отунбаева да ырастады.

- Анан кийин “Азаттык” бул чынчыл радио. Бул дүйнө жүзүндө мына Кыргызстанга берип атат. Бизде кайсы радио, кайсы телекөрсөтүү бизде дүйнө жүзүндөгү окуяларды берип атат? Башкалар дүйнөлүк кабарларды кыргыз тилине которуп эле берип атышат. Чынында “Азаттык” дүйнөдө болуп аткан окуяларды жашырып-жаппай, маалынан кечиктирбей ыкчам берип атканына биз ыраазыбыз.

Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн алдына чогулган “Азаттыкты” коргоо кыймылынын, бейөкмөт, саясий партиялардын, жергиликтүү, эларалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү 10-марттан бери Кыргызстандын көпчүлүк жерлериндеги угуучулар объективдүү маалымат алуу укугунан ажырап, Интернет айдыңындагы “Phergana.ru”, “Parus.kg.”, “Centralasia.ru” сайттары ачылбай, сөз эркиндигине кысым уламдан күчөп баратканын айтышты. А бирок маалымат айдыңындагы алдагыдай абалдан кабарсыз экенин 15-марттагы пресс-жыйында өкмөт башчы Д.Үсөнов билдирди.

Ошон үчүн мен да билбейм, эмне болуп атасыңар, чыгып атасыңарбы, чыкпай жатасыңарбы?

Анткен менен «Азаттыктын» обого чыкпай калыш себебине кызыгып телефон чалгандардын саны күн санап көбөйүүдө. Уктурулбай калган жаңылыктарды жалпы элдин баарынын эле Интернеттен таап окушка, угуп коюшка мүмкүнчүлүгү жок экен. Ошол себептүү угарман журту эмнеликтен “Азаттык” элге угузулбай калганына кабатыр болуп, ага себепкер болгондорго нааразы болуп саясий нааразылык күчөөдө.




"Азаттыкты" обого чыгарууну талап кылабыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:11 0:00
Түз линк
XS
SM
MD
LG