Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:32

Жалал-Абатта тополоңдо курман болгон жигиттин сөөгү жерге берилди


16-майда Сузак районунун Сары-Булак айылында Б. Курамаевдин сөөгү жерге берилди
16-майда Сузак районунун Сары-Булак айылында Б. Курамаевдин сөөгү жерге берилди

Сузак районунун Сары-Булак айылында 14-майда Жалал-Абаттагы тополоңдо ок тийип каза болгон Б. Курамаевдин сөөгү жерге берилди. Кабарчыбыз Ырыспай Абдраимовдун айтымында, аталган жигиттин үй-бүлөсүнө мамлекеттен бир миллион сом материалдык жардам берүү жөнүндө чечим кабыл алыныптыр.

- Сиз Б. Курамаевдин туугандары менен сүйлөштүңүз да, эмне кеп болуп жатат?

Бердибек Курамаевди жерге берүү жөрөлгөсүнө облус губернатору Бектур Асанов баш болгон расмий адамдар катышты
-Мен Бердибек Курамаевдин сөөгү коюлган жерде турам, анын сөөгү жаңы эле жерге берилди. Бул жерге жергиликтүү элдин ичинде облустук бийликтин башчысы Бектур Асанов жана Сузак районунун жетекчилери катышкан сөөк коюу аземи болду. Ага чейин Бердибектин үйүндө эскерүү митинги болду. Бектур Асанов ал жерде Бердибек Кыргызстандын эркиндиги үчүн курман болду деп, анын үй-бүлөсү бала-чакасы мамлекеттин көз кырында болорун айтты. Бердибектин аялы жана ата-энеси сүйлөп, Кыргызстанда мындан ары тынчтык болсун, бөлүнүп-жарылуу болбосун дешти.

-Үй-бүлөсү, балдары жөнүндө айта кетсеңиз?

- Бердибек Курамаев аялы экөө шаардагы соода мекемесинде иштечү экен. Төрт кызы бар, улуу кызы он бир жашта, кичүү кызы бир жарым жашта экен.

-Буларга дагы мамлекеттен миллион сом өлчөмүндө жардам берилет бекен?

Бердибек Курамаевди жакындары ыйлап акыркы сапарга узатып жатышат
- Ооба. Бул жөнүндө мен кечээ губернатор Бектур Асанов менен сүйлөшкөм. Ошондо Бишкекте курман болгондорго кандай материалдык жардам көрсөтүлсө, Жалал-Абаддагы атышуулар учурунда курман болгондорго дагы ошондой жардам болот, миллион сомдон берилет деп айтты.

- Ок атышуудан башка жабыркагандардын абалы кандай?


- Кечээ Бектур Асанов саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева менен бирге барып, ооруканада жаткандардан кабар алган экен. Ошондой эле абалы оор деп эсептелген эки адамды министр өзү менен кошо Бишкекке дарылатканы алып кетти. Ал эми калгандарынын абалы түзүк деген маалымат түшүп жатат.

-Бул жигит митингге кандайча барып калыптыр?

- Бакиевчилердин колунан областтык бийликти алууга чакырык жасалганда бул жигит дагы эл менен кошо барып, шаардагы Токтогул-Ленин көчөсүнүн бурчунда чогулган Убактылуу өкмөттү колдогондордун катарында болгон экен. Ошол тарапта тополоң учурунда ок тийип курман болгондон кийин анын сөөгүн аялы областтык оорукананын өлүкканасынан таап алыптыр. Бүгүн сөөгү жерге коюлду.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG