Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Ош коогалаңы: Чек ара, качкындар, фактылар


Өзбекстанга өтө качкандар миңдеп саналат
Өзбекстанга өтө качкандар миңдеп саналат

Кыргызстандын түштүк областтарынан өзбек чек арасын кесип өткөн качкындардын саны болжол менен алтымыш миң менен сексен миңдин ортосунда. Чалдыбар казак-кыргыз чек арасынан Кыргызстандын өзбек улутундагы 283 жаранын Казакстан тарап Кыргызстанга өткөрүп берди. Бул маалыматтарды "Азаттыкка" Кыргызстандын чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Чолпонбек Турусбеков билдирди.


- Чек арада бүгүнкү абал кандай болуп атат, өзбек-кыргыз чек арасы мурдагыдай эле жабык турабы азыр?

- Азыр саат 18.00гө алынган маалыматтарга таянсак, Өзбекстан менен мамлекеттик чек арада абал тынч, коркунуч жок, стабилдүү деп айтсак болот. Саат 12ден баштап Баткен облусунун Кадамжай районунан, Кызыл-Кыя автоунаа өткөрүү пунктунан Өзбекстанга 12-14-июнда өтүп кеткен биздин жарандар кайра кайтып башташты. Биз фильтрация жумушун өткөргөндө, булар биздин жарандар экен, Кызыл-Кыя менен Ноокаттын тургундары болуп чыкты. Азыркы убакытка бир жарым миңдей киши кайтып келип атат, кечке чейин да бул сан көбөйөт деп ойлойбуз.

Мындан сырткары Казакстандын чек арасында Чалдыбар автоунаа өткөрүүчү пунктунда саат 16.00дө 283 өзбек улутундагы биздин жарандар Казакстан тарабынан бизге кайтарылып берилди. Бул боюнча да мен тастыктап айта кетейин, 283 адамдын ичинде 12 бала бар экен, калгандары чоң адамдар. Булар тополоң окуялар башталганда Кыргызстандан чыга башташкан бирден, экиден, ондон болуп. Топтолуп отуруп акырындан, казак-өзбек чек арасында Черняевка деген өткөрүү пункту бар, ошол жерден Өзбекстанга өтө башташкан. 14-июнда Өзбекстандын чек арачылары бат-бат өтүп атканын байкап калышып, өзүнүн чек арасын биздин жарандар үчүн жабышкан.

Ошол себептен Өзбекстандын чек арасынын жанында Черняевканын жанында топтоло башташкан. Муну казак чек арачылары байкашып, кечээ кечинде бизге кабар берип, бүгүн саат 11.00гө Чалдавар пунктуна алып келишти. Төрт сааттан бери биз фильтрация жумушун өткөрдүк. Биз алган маалымат боюнча, бүт 283 жаран Жалал-Абад менен Ош облусунун тургундары болуп чыкты. Азыр булар Кыргызстанга киргизилди. Миграция министрлиги бул адамдарды жайгаштыруу ишин жасап атышат.

Мындан тышкары 16-30да дагы 26 өзбек улутундагы биздин Кыргызстандын жарандары кайтарылып берилди. Дагы бир маалымат айта кетмекчибиз, Казакстандан бизге официалдуу түрдө маалымат беришти, саат 12ден баштап Кыргызстандын өзбек улутундагы жарандарына Казакстанга өтүүгө тыюу салынат деген.

- Мына азыр качкындардын саны боюнча ар кандай цифралар берилип атпайбы, булардын так саны тууралуу маалымат бере аласызбы?

- Сиздер чек арачыларды туура түшүнүшүңөр керек. Мына Өзбекстан менен бүгүнкү күндө 14 өткөрүү пункту болсо, мунун баары 7-апрелден бери жабык. Бирок чек арачылар өткөрүү пунктунан өтүп аткан адамдардын санын санап, тастыктоо жүргүзүшөт.

Бирок бул жерде мындай болуп атат, ушул кырдаал башталганда 10-июндан баштап адамдар ар түрдүү жолдорду таап, чек арадан өтө башташкан. Ошого байланыштуу биз жакшы санай албай калдык чындыгын айтканда. Ойлойбуз, ушул кырдаал жакшы бүткөндөн кийин Өзбекстан тарап официалдуу түрдө бул санды бизге айтат.

Бирок Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрагасы менен Өзбекстандын чек ара кызматынын кол башчысы менен сүйлөшүү болгондо, 14-июнда саны 60 миңден ашат деп айтылып атты. Азыркы күндө 80 миңдин тегерегинде го деп ойлойбуз.

- Өзбекстандан кыргыздар да кайтып келип атат деген маалымат тарабы. Барак анклавынан кайтып келгендердин саны канча болду экен. Бул боюнча маалыматыңыз барбы?

- Барак анклавынан бизге берилген маалымат боюнча 141 бала, 46 аял, 16 эркек өтүп келген. Барак анклавынан биздин жарандарыбызда башка өтүү болгон жок. Себеби биз айтканбыз, эч тартипсиздиктер жоктугуна байланыштуу биздин жарандар ошол жакта эле турат. Бирок ошол өтүп келген адамдардын айыл башчысынын суранычы болуп атат, кайра анклавга кирип дары-дармек, тамак-аш өткөргөнгө. Ал жерде өзгөрүү жок.

- Учак менен кеталбай калган түркмөн студенттерин бүгүн чек ара аркылуу өткөрүү иш чаралары башталды деген маалымат алдык эле. Алар боюнча эмне айта аласыз?

- Түркмөнстандын студенттерин биз атайын чет өлкөлүк рейс менен Ош шаарынан жөнөтүп атабыз. Бүгүнкү күндө саны 600дөн ашты. Ал жерде эч кандай проблемалар жок.

XS
SM
MD
LG