Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

Кинотеатр мечиттин энчисине кетти


Бишкекте борбордук мечиттин пайдубалын курууга даярдык жүрүп жатат. Ал жер мурда мүрзө болгондуктан адамдардын сөөктөрү чыга баштады. Шаар бийлиги Ысык-Көл кинотеатрын болчоок мечитке кошумча катары өткөрүп берди.

Бишкектин Гоголь жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен бөлүнүп берилген жерге борбордук мечиттин курулушун баштоо үчүн азыр жер казуу иштери жүрүп жатат. Борбордук мечит курулушунун прорабы Сүйүнбай Толубаев менен так ошол жерде маектештик.

Ал мечитти туура кыбыланы каратып куруу пландалгандыгын, адистер кыбыланы интернеттин жардамы менен тактап, анан аны чийип беришкендигин, мурда бул жер көрүстөн болгондугун, азыр казуу иштери сөөктөргө жетип калгандыгын, андыктан адистер атайын кийимдери, курал-жарактары менен келишип сөөктөрдү чогулта башташкандыгын айтты.

Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен болочок борбордук мечитке өткөрүлүп жаткан Ысык-Көл кинотеатры жөнүндө муфтий Мураталы-ажы Жуманов буларды кошумчалады:

- Бүгүнкү күндө бул театр имаратын бузуп, башка имарат салабыз деген оюбуз жок. Ал имаратты ошол бойдон пайдаланабыз кийин.
Кинотеатрдын болочок мечитке кошумча имарат катары берилишин туура көрбөгөндөр да көп. Алардын бири Аламүдүн районунун тургуну Төлөбек Итигулов:

- Мечиттер эми Кыргызстанда кудайга шүгүр эле го. Бул кинотеатрды – маданияттын борборун мечитке берип салганы, албетте, туура эмес. Имарат сурап жүргөн башка маданий тармактар канча. Жок дегенде ошолорго берип, кайра баштан күчтүү маданий очок жасашса болмок.

Ал эми болочок мечиттин жерпайы үчүн казылып аткан чөлкөмдөгү маркумдардын сөөктөрүн башка жакка көчүрүү иш-аракеттери туурасында Бишкек шаардык маркумдарды тейлөө кызматынын деректири Курманбек Нурмукамбетов айтып берди:

- Биздин үч киши иштеп атат ал жерде сөөктөрдү чогултуп. Азыр 20дай жашик толду. Толгон жашиктер 30га жеткенде муфтияттан молдо, чиркөөдөн поп чакырып, “Братское кладбищеге” көмөбүз. Буга чейин жердин үстүңкү катмары алынган, эми астын казабыз. Сөөктөр арбын чыгат. 100дөй жашик даярдап койгонбуз. Мүмкүн болушунча бир адамдын сөөгүн бир жашикке салганга аракет кылабыз. Бирок кабыргалары чирип жок болуп кетиптир. Чоң жиликтери, баштары бар экен.

Муфтий Мураталы-ажы Жуманов казуу иштери толук бүткөндөн кийин мечиттин жерпайына таш коюу каадасы өткөрүлөрүн, ага өлкө башчысы да катышарын кошумчалады.

Борбордук мечит үчүн бөлүнгөн жердин аянты 3, 2 гектар.


XS
SM
MD
LG